(Башы өткөн сандарда)
Ошол түн...
Илим бөлмөнүн эшигин акырын жапты. Күрмөсүн ийинине илип, эч кимге үн катпастан сыртка чыкты. Хан сарайдын узун коридорлору тынч. Кызматчылардын кадамдары угулбайт. Баары уктап жаткандай. Бирок бул үйдө эч кимдин жүрөгү тынч эмес эле.
Ал эшиктин алдындагы бассейндин жээгине жайгашкан отургучка барып отурду. Түн салкын болчу. Бассейндин суусуна сарайдын жарыктары чагылышып, суунун бетинде алтын түстүү толкундар акырын термелип жатты. Бир кезде бул үй Илим үчүн байлыктын, жеңиштин, бийликтин символу болчу. Эми болсо анын ар бир бурчу бир жоготууну эске салгандай сезилди.
Ал оор үшкүрдү. Колдорун тизесине коюп, башын төмөн салды. Көпкө чейин үн каткан жок. Андан соң заңгыраган хан сарайын карап, эрксизден көзүнө жаш алды.
– Эмне болду мага?..- деп шыбырады өзүнө-өзү.
Өмүрүндө биринчи жолу өзүнө-өзү жооп бере албай отурду. Бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнадым деп ойлочу. Балдары эч нерседен кем болбосун деди. Аларга чоң үй, байлык, билим, бийлик, мүмкүнчүлүк берди. Бирок ошол байлыктын арасында балдарынын жүрөгүнө эмне жетпей калганын байкабаптыр.
Бекзат... Анын улуу баласы. Бала кезинен эле атасынын көзүнө тик карап сүйлөгөнгө батынбаган, ар дайым жоопкерчиликти моюнуна алган, эч качан алсыздыгын көрсөткүсү келбеген уулу. Азыр болсо ооруканада, кыймылсыз жатат. “Балам, сен канча жолу чарчадың? Канча жолу мага бир нерсе айткың келди? Мен болсо сенден дагы көптү талап кылдым...”
Илим көзүн жумду.
– Бир жолу болсо да жөн гана уулум деп кучактап койсом болмок экен...
Бул сөз анын оозунан араң чыкты. Ошол учурда хан сарайдын дарбазасы тараптан унаанын үнү угулду. Фаралар бактардын арасын каптап өтүп, бир аздан кийин унаа эшиктин алдына келип токтоду. Унаадан Самаган түштү.
Күрмөсүн бир колуна илип алган. Галстугу чечилген, көйнөгүнүн жакасы ачылып, кадамы туруксуз. Ал мас болчу. Күзөтчү ага жакындап, жардам берейин дегенде Самаган колун шилтеди.
– Кереги жок! Өзүм басам!
Ал тепкичти көздөй басып келе жатып, бассейндин жанында отурган атасын көрдү.
– Оо-о...- деди ал шылдың аралаш жылмайып. – Үйдүн кожоюну да уктабай жүргөн турбайбы?
Илим башын көтөрдү.
– Самаган.
– Эмне?
– Кел, отур.
– Азырбы?- Самаган күлүп жиберди. – Сиз менен сүйлөшө турган убакыт эми табылдыбы?
Илим анын мас экенин көрүп, алгач унчукпай калды. Бирок бүгүн уулун жөн эле бөлмөсүнө жөнөтүп жибергиси келген жок.
– Мен сени күтүп отургам.
– Мени?- Самаган өзүнө ишенбегендей күлдү. – Кызык экен. Бул үйдө мени күткөн адам бар деп ойлобоптурмун.
– Жаныңда отуруп сүйлөшкүм келет.
– Эмнени сүйлөшөбүз, ата? Бекзат жөнүндөбү? Холдинг жөнүндөбү? Акциялар жөнүндөбү? Же дагы бир жолу менин кандай жараксыз уул экенимди түшүндүрөсүзбү?
– Самаган, сөзүңдү кара.
– Эмнеге? Чындыкты айткандан коркуп жатасызбы?
Илим акырын ордунан турду.
– Сен массың. Эртең сүйлөшөбүз.
– Жок!
Самаган күтүүсүздөн кыйкырып жиберди. Анын үнү түнкү хан сарайдын тынчтыгын жарып өттү.
– Жок, ата! Эртең эмес! Мен бул сөздөрдү жылдап ичиме жутуп келдим! Бүгүн айтам! Бүгүн угасыз!
Илим токтоп калды. Самаган атасына жакындады. Көздөрү кызарып, жүзүндө ачуудан да күчтүү бир нерсе – көп жылдык таарыныч бар эле.
– Сиз билесизби, мен бала кезимде эмнени күтчүмүн?
Илим жооп берген жок.
– Сиздин бир жолу мени чакырып, “балам, бүгүн кандай өттү күнүң?” деп сураганыңызды күтчүмүн. Бир жолу болсо да башымдан сылап койсоңуз деп күтчүмүн. Мектептен жакшы баа алып келсем, сизге көрсөтүүгө шашчумун. Бирок сиз эмне дечүсүз?
Самаган атасынын үнүн туурап сүйлөдү: “Муну менен токтоп калба. Бекзат сенин жашыңда мындан да көптү билчү”.
Илимдин жүзү өзгөрдү.
– Мен сени Бекзат менен салыштырган эмесмин...
– Салыштырдыңыз! Дайыма салыштырдыңыз! Ал тартиптүү, мен тартипсиз. Ал акылдуу, мен жеңил ойлуу. Ал жоопкерчиликтүү, мен эч нерсеге жарабаган адаммын! Сиздин көзүңүздө мен эч качан уул болгон эмесмин, туурабы? Мен дайыма Бекзаттын көлөкөсү болчумун!
– Самаган...
– Жок, уккула!
Самаган көкүрөгүн кармап, демин араң алды.
– Бекзаттын бөлмөсүнө киргенде сиздин жүзүңүз өзгөрчү. Анын бир сөзүн эки жолу укчусуз. Ал бир чечим чыгарса, бүт үй-бүлө аны колдочу. Мен бир нерсе айтсам, “сен түшүнбөйсүң” дечүсүз. Мен ката кетирсем, бүт сарай билчү. Бекзат ката кетирсе, сиз аны эч кимге көрсөтпөй оңдоп койчусуз.
– Ал жоопкерчиликти көтөрүп жүрдү, Самаган!
– А мен көтөргөн жокмунбу?! Менин ичимдеги оордукту ким көтөрдү?!
Самаган бул жолу кыйкырган жок. Үнү акырын чыкты.
– Мен да сиздин уулуңузмун го, ата...
Бул сөздөн кийин экөө тең унчукпай калышты. Илим уулунун жүзүн карады. Анын алдында мас болуп келген эрке бала эмес, көп жылдан бери атасынын көңүлүн күткөн, бирок ал көңүлдү ала албаган адам тургандай сезилди.
– Сен эмне кааладың менден? - деди Илим акырын.
Самаган ачуу күлдү.
– Эмне кааладым дейсизби? Сиздин байлыгыңызды эмес. Компанияңызды эмес. Машинаңызды, хан сарайыңызды, акчаңызды эмес!
Ал колун көкүрөгүнө койду.
– Мына бул жерге бир жолу карашыңызды кааладым. Ушул жүрөктө эмне болуп жатканын сурашыңызды кааладым!
Анын көзүнө жаш толду.
– Мен түнү менен көчөдө жүргөндө, клубдарда убакыт өткөргөндө, ичимдик ичкенде, сиз мени жөн гана бузулган бала деп ойлодуңуз. Бирок мен үйгө келгенде бирөө күтүп отурса экен деп келчүмүн. Бирөө “кайда жүрдүң, балам?” деп сураса экен деп келчүмүн.
Самаган атасына тик карады.
– Сиз болсо эртең менен мени көргөндө эле: “Дагы эмне кылдың?” деп баштачусуз.
Илимдин тамагына бир нерсе тыгылгандай болду.
– Мен сенин келечегиңди ойлодум.
– Менин келечегимди ойлодуңузбу же фамилияңыздын аброюн ойлодуңузбу?!
Бул суроо Илимдин жүрөгүнө бычактай сайылды.
– Жетишет!- деди ал катуу үн менен.
Самаган да токтогон жок.
– Жетпейт! Менин да чыдамымдын чеги бар! Бекзат азыр ооруканада жатат. Мен муну билем! Мен анын абалын билбейм деп ойлойсузбу? Мен да коркуп жатам! Бирок баарыңар менден аны сурап, аны күтүп, аны ойлоп жатасыздар. Ал эми менин эмне болуп жатканымды эч ким сурабайт!
Анын үнү акырындап муңга айланды.
– Мен агамды жоготкум келбейт, ата...
Бул жолу ал башын төмөн салды.
– Мен аны жек көргөн жокмун. Кээде ичимден кызганчумун. Бирок ал менин агам да. Бала кезде мени коргогон ошол. Менин ордума сизден тил уккан ошол. Мен жаңылып калсам, түздөп койгон ошол.
Самаган көз жашын колунун сырты менен сүрттү.
– Ал азыр ооруканада жатканда мен өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Бирок сизге барып айта албайм. Анткени сиздин алдыңызда мен дайыма күнөөлүүмүн.
Илим уулуна жакындады.
– Самаган...
– Жок, ата! Бүгүн мен дагы бир нерсени айтам.
Ал атасынын көзүнө тик карады.
– Сиз мени эч качан сүйгөн эмессиз.
Илимдин өңү кубарып кетти.
– Антип айтпа.
– Эмнеге? Чындык сизге жакпайбы? Сиз менден дайыма күчтүү болушумду талап кылдыңыз. Бирок мени күчтүү кылган жоксуз. Мени жалгыз калтырдыңыз. Анан ошол жалгыздыкта мен адашсам, кайра мени жазаладыңыз.
Илим уулунун жаагына чаап жиберди.
Үн түн ичинде катуу жаңырды.
Самаган башын бир аз буруп калды. Бир нече секунд экөө тең кыймылдаган жок. Бул Илимдин өмүрүндө биринчи жолу уулуна кол көтөрүшү эле. Ал өзүнүн колуна карады. Манжалары титиреп жатты.
– Мен...- деди ал, бирок сөзүн улай алган жок.
Самаган жай гана атасына кайрылды.
– Мына. Дагы бир жолу.
Анын үнүндө эми ачуулануунун ордунда чарчоо бар эле.
– Мен кичинекей кезимде сизден кучак күткөм. Бүгүн болсо бир чаап алдыңыз. Эми көңүлүңүз тынчып калдыбы?
Илимдин көзүнө жаш толду.
– Мен сени жек көрбөйм, балам...
– Анда эмнеге мага муну сездире албадыңыз?
(Уландысы кийинки санда)