Биз социалдык тармакта

ЧЕБУРАШКА ДЕГЕН СӨЗ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Чебурашка — 1966-жылы жазуучу Эдуард Успенский тарабынан “Крокодил Гена жана анын достору” китебинин жана анын уландыларынын башкы каармандарынын бири катары ойлонуп табылган каарман. Роман Качановдун бул китеп боюнча 1969-жылы тарткан “Крокодил Гена” мультфильми жарык көргөндөн кийин бул каарман элге кеңири таанылган. 

Китептин алгачкы вариантында ал сырткы көрүнүшү боюнча чоң кулактары бар, күрөң жүндүү, арткы буттары менен баскан эпсиз жандык катары сүрөттөлгөн. 

Успенский бир гезитке берген маегинде мындай дейт:

"Мен бир жолу досумдукуна конокко баргам, анын кичинекей кызы жерге сүйрөлгөн үлпүлдөк жүндүү шубаны үстүнө кийип көрүп жатыптыр. Кыз шубага чалынып, улам-улам жыгыла берди. Кызы кайрадан жыгылганда атасы: “Ой, ещё чебурахнулась!” деп кыйкырып жиберди. Бул сөз эсимде калып, анын маанисин сурадым. Көрсө, “чебурахнуться” деген “кулап түшүү” дегенди билдирет экен. Бул элдик оозеки сөз мага ушунчалык жагып калды. Улам-улам кулай берген чоң кулактуу каарманымдын аты ушундан улам пайда болгон".

Чебурашка чындыгында эле апельсин салынган жашикке түшүп уктап калып, натыйжада жашик менен бирге чоң шаарга келип калган белгисиз тропиктик жандык болуп саналат. Дүкөндүн директору жашикти ачканда, апельсинге тоюп алган жандык улам-улам кулай бергенинен улам аны “Чебурашка” деп атаган:

“Ал бир аз отуруп, тегерегин карап, анан столдон отургучка талп этип кулап түштү. Бирок отургучта да көпкө отура албай, кайра кулады. Түз эле полго.

– Фу, сен кандай гана Чебурашкасың! Бир орунда такыр отура албайт экенсиң!- деди дүкөндүн директору. Ошондо биздин кичинекей жандык өзүнүн аты Чебурашка экенин билген.

Владимир Далдын сөздүгүндө “Чебурах” сөзү орус тилинин оозеки сүйлөшүү лексикасына кирген сөз болуп саналат. Сырдык сөз катары “капысынан, катуу кулап түшүү” же “сокку” дегенди билдирет. Мындан кадимки “чебурахнуть” жана “чебурахнуться” этиштери келип чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан