Белгилүү ырчы Айбек Бакытбеков учурда Кытайда өтүп жаткан эл аралык “Silk Way Star” (“Жибек жолу жылдызы”) фестивалына катышып жатат. “Сынак уланууда, бирок буга чейинки этаптар ийгиликтүү болду. Дагы 4 эфир бар”,- дейт ырчы. Ушул сынак жана башка темалар боюнча пикир алыштык.
– Айбек мырза, Кытайда өтүп жаткан “Silk Way Star” эл аралык фестивалына катышып жатасыз. Сынак кандай өтүп жатат?
– Бул сынактын башка сынактардан айырмасы – өз өлкөсүндө мыкты жетишкендиктерге жетишкен, ырчылыкта такшалып калган даяр ырчылардын келгени болду. Сынакка 12 өлкөнүн ырчылары жана калыстыкка да ошол өлкөлөрдөн бирден ырчы келишти. Бирок кайсы калыс болсо да, өз өлкөсүнөн келген ырчыга добуш бере албай тургандай кылышыптыр. Башкаларына добуш бере берет. Сынактын деңгээли абдан мыкты. “Евровидениенин” Азиядагы варианты десек болот. Сынактын дагы бир өзгөчөлүгү – кимдин диапазону бийик, кимдин үнү коңур деген өзгөчө талаптардын жоктугу. Максаты – ар ким өз өлкөсүндөгү популярдуу ырларды ырдап, өз элинин маданиятын тааныштырат.
– Сиз кайсы ырларды аткардыңыз?
– Алгачкы күнү автордук “Время” деген ырымды, экинчи күнү Мирбек Атабековдун “Мурасын”, үчүнчү күнү “Жалжалымды” аткардым. Ушул жерден айтып кетчү нерсе, “Жалжалымдын” обону академик Жамин Акималиевге, сөзү Аалы Токомбаевге таандык. Буга чейин бул ырды автордон уруксат сурабай, алтургай сөздөрүн бурмалап ырдагандар да болуптур. Мен Жамин агайдын телефон номерин таап, сүйлөшүп, өзүнөн уруксат сурадым. Макул деп батасын берип, ыраазы болуп калган. Анан Кытайда ырдаганымдын видеосун жиберсем, “ырды эл аралык деңгээлге алып чыкканың үчүн рахмат!” деди. Сынактын төртүнчү күнү кытайча ырды кыргызчага которуп ырдаш керек болду. Бир популярдуу ырды акын Максат Жангазиев менен сүйлөшүп, кыргызчага котордук. Кыргызча “Дүйнө мага” деп которулат экен. Андан тышкары “Сагынамды” ырдадым. Кийинки күндөрү “Бакытка карайды”, Өмүрбек Андарбековдун (Ома) “Махабатым” ырын аткардым. Омага да, Мирбекке да, Гүлнара Тойгонбаева эжеге да рахмат айтам! Сынакка чакыруу мага Гүлнара эже аркылуу келди.
– Алдыда дагы канча эфир болот?
– Буюрса, алдыда дагы 4 эфир бар. Алар жөнүндө сыр кылып айтпай турайын, элге кызык болсун. Буга чейин эл аралык сынактарда англисче, орусча ырдап жүрчүмүн. Бирок кыргыз тилиндеги ырларды эл аралык деңгээлде ырдап чыгууга мүмкүнчүлүк болбой жатканы жүрөгүмдү өйкөп келе жаткан эле. Ошого бул сынакта “Алтын фондго” жазылган эски 2 ырды да ырдап чыкканым жеңиш болду. Кытайда жашап, тилин, маданиятын, менталитетин билип калгандыктан талашып-тартышып отуруп кыргызча ырларды программага коштурууга жетиштим.
– Башка калыстардын, уюштуруучулардын пикири кандай болууда сизге карата?
– Уюштуруучулар менин эл аралык сынактарга катышып такшалып калганымды, мыкты жүрүм-турумумду, үнүмдү, талантымды баалашып, мындан ары иштешүүнү сунушташты. Кыргызстан, биздин Маданият министрлигибиз менен кызматташууга кызыкдар экенин да айтышты. Кытайдын жазгы майрамдарына карата өткөрүлүүчү иш-чараларга мени чакырабыз дегендей кылышты. Ошондой эле маданият тармагы жаатында Кытайдын Кыргызстандыгы өкүлү кылып шайлоо идеяларын да айтышты. “Биз кыргызстандык кайсы ырчыны мыкты деп тандасак, демек, ал биздин деңгээлге туура келет” дешти. Мындай болсо Кытайдагы кийинки “Silk Way Star” жана башка сынактарга мен Кыргызстандан татыктуу ырчыларды тандап, даярдап алып келишим керек болуп калат.
– Чоң жоопкерчилик экен, даярсызбы бул ишти алып кетүүгө?
– Мен мыкты таланттарды адашпай тандаганга жетилип калдым десем болот. Сынактын аралыгында уюштуруучулардын атайын чакыруусу менен Орусиянын “Ну-ка, все вместе!” шоусуна барып, 100 музыкалык эксперттин бири болуп, жаңы конкурсанттардын таланттарын бааладым. Бул да мен үчүн жетишкендик.
– Байкашымча, “Сагынам” ырын ырдаганыңызда кытайдын музыкалык аспабы коштоп турду. Ырга өзгөчөлүк кошуу үчүн ушундай кылдыңызбы?
– Туура айтасыз, “Сагынамды” ырдаганда кытайдын сыбызгысын бир кыз ойноп, коштоп турду. Обонго кытай кайрыктары кошулса, ыр өзүнүн жаңы жашоосун жашагандай болуп калат экен. Бул ыр Кыргызстанда ырдалып жүргөнү менен, биринчи жолу эл аралык сынакта жаңырды. Бул ыр дүйнө жүзү боюнча ырдала турган мыкты чыгарма, алып чыгышыбыз керек. Кыргыз маданиятын толук чагылдыра алчу чыгарма деп ойлойм.
– Чет элдик көрүүчүлөр кыргыз музыкасын, кыргыз маданиятын кандай кабыл алышты?
– Жакшы кабыл алышты. Негизи, ыр 3 мүнөттүк эле эмгек. Ал эми сынакка баргандан баштап сенин жүрүш-турушуң, маданиятың, этиканы, башкалар менен сүйлөшүү адебин канчалык сактаганың, канча тил билгениң, ушулардын баары көз жаздымда калбайт. Сен аркылуу сенин элиңдин маданиятын көрүшөт. Ошого өзүңдү татыктуу көрсөтүшүң керек. Даярдануу кыска мөөнөттө болгону үчүн өнөрүмдү толук көрсөтүүгө жетишпей калдым. Соцтармактардын колдонуучулары мени колдоп, жакшы сөздөрүн жазышканынан улам сахнага жакшы эле чыктым окшойт деп ойлойм.
– Сынакта көпчүлүк билбеген кандай ыңгайсыздыктар болууда?
– Сынак өткөн жай – тартуу иштери жүрчү абдан ири имарат. Ошого өз үнүңдү өзүң укпай калчудай учур болот экен. Сынакта бирөөлөргө микрофон, айрымдарга кулак ичиндеги монитор (IEM) жакпай же туура келбей калып жатты. Уюштуруучуларга нааразычылыктарын айткандар, башкачасын талап кылгандар болду.
– Атаандаштарыңыздан кандай сын-пикир же комплимент уктуңуз?
– Сын уккан жокмун, жалаң комплименттерди уктум. “Сагынамды” ырдаганымда “ыргагы, гармониясы башкача экен. Мындай чыгарманы биринчи жолу угуп жатабыз” деп суктангандар көп болду. Мен буга чейин далай сынактарга катышкам. Ошого утам же утулам деп ойлогон жокмун, андай ойлордон тажагам. Кыргызстанда 8 жыл болбогонго кыргызча ырларды сагынып калыптырмын, ошого берилүү менен ырдап жаттым.
– Сынак учурунда сизди жаныңызда ким коштоп жүрөт?
– Кыргызстандан бөлөмдү ала баргам, ал кытай тилин менден кыйын билет. Ошол мага ассистент болуп жүрдү. Катышуучулар да бири-бирибизге жылуу мамиле кылып, дем берип турдук. Социалдык тармактардан тайпа ачып алганбыз, ошол жактан туулган күндөрдү куттуктап, жаңылыктар менен бөлүшүп жатабыз. Чуркап 10 килограммга арыктап, келбетимди калыпка келтирген элем. Мунун да пайдасы тийди.
– Сахнага чыгарда колдончу ырым-жырымыңыз барбы?
– Ичимден Кудайдан колдоо сурап чыгам. Негизи Жараткандын сүйүктүү пендеси окшойм деп калам, мени күчтүү кылып, жолумду ачып берип жатат. Мага бата берип, колдоп тургандардын баарына ыраазымын.
Канымжан Усупбекова