Биз социалдык тармакта

Мелис Абдрашитов, ырчы: “САХНАДАН АЛЫСТАГАМ, БИРОТОЛО КЕТКЕН ЖОКМУН”

Бир кезде “Жүрөгүмдөн”, “Кара тору” деп ырдап чыгып көпчүлүккө таанылган Мелис Абдрашитов эсиңиздеби? Ал учур 2005, 2006-жылдар эле... Кийин ырчы сахнадан такыр көрүнбөй кеткен. Мелис мырза бизге кайрадан маек куруп, эмне үчүн сахнадан алыстаганы, атактуулуктун даамы, күйөрмандар, ал кездеги продюсери Ассоль Молдокматова, азыркы үй-бүлөлүк абалы тууралуу кызыктуу кеп кылып берди.  

 

– Саламатсызбы, Мелис мырза? Көп жылдан кийин кайрадан маектешүүгө кош келипсиз!

– Саламатчылык! Сиздер менен кайрадан жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

– 2005-2006-жылдары жарк этип чыгып, аздыр-көптүр күйөрман топтоого жетишип, бирок кайра сахнадан кеттиңиз. Эмне себептен деп сурайын...

– Башка иштер менен алек болуп кеткеним себеп болду. Бир ишти баштасам, бүт көңүлүмдү ошого бурам. Ар бир нерсени жүрөгүм аркылуу кабыл алам, мүмкүн, ушул мүнөзүм да себеп болгондур. Чыгармачылыкты 2012-жылы токтотком, бирок андан биротоло алыстап кеткен жокмун. Жаңы ырларым бар.

– Сахнадан алыстоого сын-пикир, көңүл калуу деген нерселердин таасири тийген жокпу?

– Жок, андай нерселер сахнадан кетишиме таасир берген жок. Бирок ошол кезде айрым нерселерди жүрөккө жакын кабыл алган учурлар болгон. Анда 23-24 гана жашта элем да, азыркы акылым болгондо, балким, башкача болмок... Албетте, көңүл калуулар болду, азыр аны ачыкташ зарыл деле эмес.

– Чачыңызды сахнага жаңы чыккан кезиңиздегидей кылып кайра өстүрүп жатыпсыз. Ырчылыкка кайтасызбы?

– Негизи, чыгармачылыкка кайтуу оюм көптөн бери бар. Себеби аны оңою менен таштай албайсың. Ошондуктан кайра кайтабыз деген үмүт менен жүрөбүз, бирок кирише элекмин. Ал эми чачыма келсек, аны ырчылыкка кайтуу үчүн атайын өстүргөн жокмун. Кызым Айназик узун чачтуу кездеги сүрөттөрүмдү көрүп, “ата, чачыңызды ушундай кылып жүрүңүзчү” деп суранган. Анын үстүнө узун чач менин визиттик карточкама айланып калган. Балким, чыгармачылыкка кайтышыма чачымдын да таасири тийип калар (күлүп).

– Арадан 20 жылдай өтүптүр, бул мезгилде эмне жумуш менен алек болдуңуз?

– Бир тармак менен эле чектелип калбай, ар кандай иштерди жасап көрүп, жаңы нерсе үйрөнүүгө аракет кылам. Бир орунда токтоп турганды жактырбайм, кеңседе отуруп иштей албайм. Чарбачылык, дыйканчылык менен алектендим, автоунаа ижарага берип иштеп көрдүм. Кайсы тармакта иштебейин, ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу маанилүү. Эң негизгиси – ишиңди билүү жана эмгектенүү, үй-бүлөнү адал эмгек менен багуу.

– Сизди чыгармачылыкка кайтууга эмнелер шыктандырат?

– Күйөрмандардын жакшы сөзү дем берет. Комментарийлерге маани берем, кызыктын баары ошол жакта. Мен жөнүндө жакшы пикирлер жазылат. Жакын санаалаштарым да “ушу сен жөн эле койчу” дешкен жок, колдоп турушат. Апам да “чыгармачылык менен алектенсең болот эле” деп кейип калат. Убактысы келсе, алардын тилеги орундалар, буюрса. 

– Ырчы катары жылдызыңыз жанып турган учурду эстегенде кайсы окуя биринчи эсиңизге түшөт?

– 2006-жылдын 14-февралы эсиме түшөт. Анткени дал ошол күнү үч чоң концертке катышкам. Эң кызыгы, үч концерт ар кайсы жерде, бирок бир убакытта башталмак. Анын үстүнө үчөөндө тең концертти мен ырдап ачышым керек болчу. Ал кезде “Жүрөгүмдөн” деген ырым жаштар арасында, ал эми “Кара тору” деген ырым улуу муундун өкүлдөрүнүн арасында популярдуу болуп турган кези эле. Ушул эки ыр менен эки муундун көңүлүнөн орун алдым деп айта алам. Ошол күн азыр да эсимде. Спорт ордосундагы концертке шашып кирип барып, коридордон эле кийинип, гримёркага жеткенде алпаруучу мени сахнага чакырып жатканын угуп калдым. Сахнага чуркап баргам. Энтигип, демигип жатканыңды залдагы элге билдирбешиң керек да. Калчылдап турсам да демимди басып, эч нерсе болбогондой ырдагам.

Дагы бир кызык окуя: күйөрмандар жүрөкчө “открытка” берип жатышканда тең салмакты кармай албай, сахнадан кулап түшкөм.

– Андай ыңгайсыз учурда ойго эмнелер гана келбейт, ээ?

– Ооба, мага “микрофонду жоготпо” деген ой келген (күлүп). Сахнадан кулап түшкөнүмө анчалык деле сарсанаа болгон эмесмин, микрофонду таппай калбайын деп коркком. Кудай жалгап, күзөтчү жигиттер жол ачып берип, кайра сахнага чыгып, концертти улантып кеткем. Азыр ошол окуяларды эстесем, күлкүм келет. Чыгармачылык жолдо ушундай кызыктуу, жагымдуу окуялар көп болот. Ошол күндөр мен үчүн абдан бактылуу көз ирмемдер болуп калды.

– Гастролдордо да кызыктуу окуялар көп болсо керек?

– Албетте. Эсимде калган окуялардын бири 2003-жылы болгон. Ирлан Таалайбеков аткарган “Окуучу кыз” деген ырды алгач мен ырдагам. Ысык-Көлдүн бир айылына концерт менен барганбыз, 2 ыр ырдашым керек. Ал жерде көргөзмөгө коюлган Yamaha музыкалык аспабын черткен киши болчумун. Бир убакта сахнанын артындагы терезеден жаныма кирпич түштү, анын артынан желим бөтөлкөлөр учуп келе баштады. Көрсө, билет сатып алууга акчасы жетпей, концертке кире албай калган балдар ыргытып жатышыптыр. Ырдап жаткан ырчы сахнанын артына өтө качты. Мен болсо Yamaha’нын астындагы үстөлгө жашынып алып, колум менен черткенди улантып жаттым (күлүп). Анткени музыка токтоп калган жок да. Анан аксакалдар балдарды тынчтандырып, концерт кайра уланды. Бир аксакал мени “баары кетип калса да, ушул жигит токтобой, музыкасын аягына чейин ойноду” деп мактаган. Ошол сөз азыркыга чейин эсимде.

– Кызык окуя экен. Ал кезде күйөрмандардын мамилеси өзгөчө болчу да...

– Ооба, күйөрмандардын сезими да, колдоосу да башкача болчу. Ар бир концерттен кийин өзгөчө белектерди алчубуз. Бир жолу Нарынга концерт коюп барганыбызда, сиздердин гезиттин башкы бетине чыккан сүрөтүмдү кичинекей кыз дал өзүмө окшоштуруп тартып келиптир. Ал сүрөт азыр да үйүмдө сакталып турат. Күйөрмандар колго жасалган белектерди көп беришчү. Алардын ар биринде өзгөчө мээрим, сүйүү бар эле. Кээде белектин баасына караганда анын артындагы эмгек жана көңүл маанилүү болот эмеспи.

– Продюсериңиз Ассоль Молдокматова эле. Ал киши менен кандай иштештиңиз, эмнени үйрөндүңүз?

– Ассоль эжеден эң оболу тартипти, жоопкерчиликтүүлүктү жана сахнага болгон мамилени үйрөндүм. Ал киши талапты катуу койчу. Графикти сааты менен түзүп, бош отургузчу эмес. Бирок ошол талаптын артында чоң тажрыйба, чыгармачылыкты өстүрүү жана ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүн ачуу максаты бар эле. Азыр артка кылчайып карасам, ошол жылдар мен үчүн чоң чыгармачылык мектеп болуптур деп айта алам. Ассоль эже баарыбызга бирдей карап, эч кимди бөлүп-жарбай, тең мамиле кылчу. Абдан кыраакы адам. Кимдин кандай кийим кийгенин, чач жасалгасын, образын – баарын бир карап эле байкап коёт. Алгачкы жолугушууда эле “эгер мен айткан талаптарга чыдасаң, өзүмө окуучу кылып алам” деген. Мен дароо макул болгом. Кыска убакыттын ичинде таптакыр башкача образда сахнага чыгарып койду. Эжеге ыраазымын. Көптөн бери жолуга элекмин. Бир жолу жардам керек болуп, телефон чалсам: “Эмнеге көрүнбөй, сахнага чыкпай жүрөсүң? Ырда”,- деп айткан. Продюсерим болуп жүргөн кезинде “жакшы адамсыз” деп айтчумун, бирок жакшы белек бере алган жокмун. Аман болсом, сөзсүз бир өзгөчө белек тартуулайм.

– Үй-бүлөлүк абалыңыз кандай азыр? Жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Жубайым Мээрим экөөбүз 20 жашымда баш кошконбуз. Учурда 5 балабыз бар: төрт кыз, бир уул. Улуу кызым мектепти аяктап жатат, кенже балам сегиз айлык. Жубайым аракетчил адам. Бир эле тармак менен чектелбей, дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп, аракет кылып жүргөнүнө баа берем. Эки улуу кызым музыкага жакын.

– Маек соңунда күйөрмандарга эмне деп айтасыз?

– Ырчылыкка кайтсам деген ойлорум бар. Анткени ырчылык – менин жашоомдун бир бөлүгү. Бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем.

 

Мээрим Дербишалыева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан