Биз социалдык тармакта

ӨСПҮРҮМДҮН ЧУУЛГАНДУУ ӨЛҮМҮ: МИНИСТР СӨГҮШ МЕНЕН КУТУЛДУ

Тоого чыгып адашып кеткен 15 жашар баланын сөөгү табылды. Өкүнүчтүүсү – өспүрүм 112 номерине чалып жардам сурап, куткаруучуларды күтүп жатып каза тапканы. Бул окуя жооптуу органдардын ишиндеги шалаакылыкты дагы бир жолу көзгө сайып көрсөттү. 

                                   

Суроо көп, жооп аз...                                      

Амир Кунакунов аттуу өспүрүм бала 7-ноябрь күнү Чүйдүн Адыгене капчыгайында жайгашкан “Электро” чокусу тарапка өз алдынча чыгып, адашып калган. Ушул эле күнү кечки саат 7де “112” ыкчам чара көрүү номерине чалып жардам сурап, кийин телефон сигналы өчкөн. Куткаруучулар 9-ноябрь күнү кечке маал анын сөөгүн табышты. “Эмне үчүн ӨКМ чалуу түшөрү, баланын турган жери аныкталары менен дароо издеген жок?”, “Эмне үчүн куткаруучу тик учак 2 күндөн кийин гана издөө ишине тартылды?” Ушул сыяктуу көптөгөн суроолор бар, бирок ынанымдуу жооп жок. ӨКМ өспүрүм “112ге” чалган учурда куткаруучулар тоодо башка бирөөлөрдү куткарып жүрүшкөнү, байланыш жоктугунан (рация дагы жокпу?) аларга бала тууралуу кабар саат 22:00 чамасында жеткени, бирок ал түнү, эртеси да издөө иштери натыйжа бербегени айтылды. Бирок издөө иши кандай деңгээлде жүргөнү көпчүлүккө белгисиз.     

  

 Камчыбек Ташиев: “Издөөнүн башында министр өзү турушу керек болчу”                  

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев окуя боюнча пикирин билдирип, ӨКМ жетекчисинин ишин сынга алды. “Маалымат түшөрү менен министр доклад алып, куткаруучулар менен бирге ишти башташы керек болчу. Окуя болгон жерге өзү барып, куткаруу иши аяктаганга чейин өзү жетектеши керек эле”,- деген Ташиев эгер тийиштүү чараларды убагында көрбөгөн болсо, ӨКМ башчысы мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.                                    

 

Министрге катуу сөгүш берилди                          

Коомчулук отставкага кетишин талап кылып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилгенин 11-ноябрда президенттик аппарат маалымдады. Ал эми анын орун басары Алмазбек Асанов, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, куткаруучуларды даярдоо борборунун жетекчиси Тынарбек Мурашев кызматтан бошотулду. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай окуя үчүн министр моралдык жоопкерчилик сезип, өз каалоосу менен токтоосуз отставкага кетмек. Соцтармактарда министрди кызматтан бошотуу боюнча кол топтоо жүрүүдө.        

                      

Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө                             

Азыркы тапта бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүрүүдө. Жыйынтыгына жараша күнөөлүүлөргө адилеттүү жаза берилет деп күтүлүүдө. Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөнү да белгилүү болду. “Элге кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдардын ишин текшерип чыгышыбыз керек”,- деди төрага Марлен Маматалиев.                          

                

Жыйынтык сөз                                        

Амир Кунакунов 10-ноябрда жерге берилди. Ал камактагы саясатчы, экс-депутат Максат Кунакуновдун уулу болчу. Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга абак жетекчилиги тарабынан уруксат берилди. Алдамчылыкка айыпталып абакта отурган Кунакуновдун жубайы президентке кайрылып, жолдошу абакта мыйзамсыз отурганын, буга айрым адамдардын жеке кызыкчылыктары бар экенин билдирди. Ал президенттен бул ишке көңүл бурууну суранды.   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан