12-ноябрь, саат 17:00гө карата президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бергендердин саны 10го жетти. Алар: Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Акай Кадыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов, Айба Амур, Мамбетжунус Абылов.
Булардын ичинен канчасы талапкер болуп катталары, канчасы каттоого жетпей калары азырынча белгисиз. Буга чейин оппозиция шайлоого жалгыз талапкер чыгарары тууралуу да билдирүүлөр жасалган. Алдыда дагы көп окуялар болору анык.
Арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. 8-декабрга чейин аталган жарандардын ар бири талапкер болуп катталуу үчүн “Түндүк” тиркемеси аркылуу же кагаз жүзүндө 30 миңден кем эмес кол топтошу зарыл.