КОЙ
(21.03–20.04)
Ишиңиздеги көйгөйлөрдөн кантип кутулуу керектиги тууралуу идеялар жаралат. Жетекчилик менен биригип, келечектеги жакшы иштер тууралуу пландоолор жүрөт. Колуңузга тийген пайда булагы финансылык маселелериңизди чечкенге жакшы жардам берет. Үйдөн чыгып, жер көрүп саякаттоо каалоосу күч алат. Билимиңизди тереңдетүүгө көңүл бөлүңүз, документалдык тасмаларды көрүү сунушталат. Сүйүү мамилесинде эркиндик жетишпегендей сезилет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жаңы таанышкан адамдар сиздин көңүлүңүздү алып, коомдук жайларга чакырышы мүмкүн. Уккан жаңылык сизди кубанычка бөлөйт. Жумушта пикир келишпестикте жүргөн адам менен элдешесиз, мындан аркы мамилеңиз жакшырат. Онлайн сатып алууларды жүргүзүшүңүз мүмкүн. Досторуңуздун бири, сүйүктүү адамыңыз же туугандар тараптан сизди нерв кылган бирөө чыгат. Эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз, кызуу кандуулук менен ашыкча сөз сүйлөп аласыз. Дем алыш күндөрү тынч өтөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Айланаңызда сиздин кыймыл-аракетке кызыккан адамдар көбөйөт, алдыдагы пландарды, максаттарыңызды ачылып баарына айта бербеңиз. Көптөн бери жолуга элек адам менен жолугуп, сүйлөшүүдөн кийин көңүлүңүз тынчыйт. Негизинен бул аптада жумушка байланыштуу бир нече жолугушууларды өткөргөнгө туура келет. Кеч калдым деп шашып салат жасап жана башка кышка камылгалар көрүлүшү күтүлөт. Үйдөн чыкканда электр приборлорун өчүрдүңүзбү, текшере жүрүңүз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Өзүңүздүн болгон таланттарыңызды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот. Мактоо сөздөрүн угасыз. Бул күндөрү көпчүлүк топтолгон жерлерден качууга аракет кылыңыз, вирустук ооруларды жугузуп алуу коркунучу бар. Үйдөгүлөр менен бир темада кызуу талашып-тартышуулар жүрөт. Сиз үчүн аптадагы эң ийгиликтүү күн – жума. Туугандардын суранычы менен бала багуучунун милдетин аткарасыз. Жалпысынан апта активдүү жана позитивдүү маанайда аяктайт, бир аз чарчаганыңыз болбосо.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бат-бат чечим чыгарып, шашып-бушуп кыймылдаганга туура келет. Мындай “шашкан” режим бир нече күнгө созулмакчы. Жаңы максаттар, бийик амбициялар жаралат. Шашсаңыз, ишке ашырганга күчүңүз жана энергияңыз жетет. Жетекчилик менен айлык акыны жогорулатуу тууралуу жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөңүздөр болот. Негизгиси жалкоолукка моюн бербеңиз. Бир нече жерге барууга чакырык аласыз, айрымдарынан баш тартсаңыз эч ким сизди жаман көрбөйт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Ийгиликтүү апта күтөт. Жашооңуздун кайсы бир тармагында көйгөй жаралса да, аны оңой чечүүгө акылыңыз жетет. Жумушта майда-чүйдөгө көңүл бөлбөө сунушталат. Жүрөк өйүтүп келген карыздан кутулушуңуз мүмкүн. Бойдоктор болочок сүйүктүүсүнө койгон талаптарын азайтып же жөнөкөйлөтпөсө, көпкө чейин бойдок статусунан кутула албай калышат. Аптанын экинчи жарымында достор менен шерине же башка бир жакшылыкта чогулуп, көңүлдүү убакыт өткөрөсүз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Акыркы күндөрү үйүңүздө биринин артынан экинчиси болуп жаткан окуялар, өзгөрүүлөр бир агымга түшүп, жашооңуз бир ыргакка келип, жеңилдеп каласыз. Иш сапары менен башка шаарга барып келишиңиз мүмкүн. Коомдук жайларда тартип сактабаган адамдар менен кез келип, кайым айтышуулар орун алышы ыктымал. Финансылык тармакта туруктуулук сакталат. Ден соолук жаатта олуттуу көйгөйлөр байкалбайт. Ошентсе да иммунитетти бекемдөөгө, туура тамактанууга аракет кылыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Окуу, билим жаатындагылар үчүн ийгиликтүү апта болот. Жумушта эч нерсеге алаксыбай, кесипкөйлүгүңүздү далилдегенге аракет кылыңыз. Айлык акынын жогорулашы күтүлөт. Түгөйүңүздү кызганып же ал сизди кызгангандан улам ортодо пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бойдокторду интернет айдыңында таанышуулар күтөт, жолугушууга жалгыз барбаңыз. Апта аягы үйдөгү чогулган тиричилик иштерин бүтүрүүгө убакыт бөлөсүз, үйдөгүлөрдү да ишке саласыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Салык, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк жана башкаларга байланыштуу финасылык иштерде жардам берген адам болот жаныңызда. Жумуш издегендер көңүлүнө туура келген иш табышат. Аптада зарыл кереги жок нерсени деле сатып ала бергенден кармана туруңуз. Акчаңыздын кайда кеткенин билбей каласыз. Сизге сын айткан адамдын сөзүнө намыстанып жаңы ийгиликтерди жаратып салышыңыз толук мүмкүн. Апта соңунда маданий жайларга баш багыңыз, үйдө отура бербей.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Үйүңүздө болобу, жумуштабы, бир нерсени өзгөрткүңүз келет. Өзгөртүүгө эч ким тоскоол болбойт, андыктан алга. Конок жана башка алыш-катыштарга корогон чыгымдардан улам финансылык тармакты кароого, же жаңы пайда булагын таап, же чыгымдардын санын азайтуу боюнча ойлонушуңуз керек болот. Маанилүү сүйлөшүүлөрдү артка жылдыра бербеңиз, баары өз убагында болгону жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ийгилигине, жакшылыгына күбө болуп кубанасыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумуштагы ар бир жасаган кадамыңыз көп күч, эмгек жана энергия талап кылат. Бирок кайгырбаңыз, эмгек менен жеткен жеңиш таттуу болот. Мамлекеттик мекемелердин эшигин аттап, үй-бүлөгө байланыштуу иштерди бүтүрүшүңүз мүмкүн. Финансы жаатында же сый акы аласыз, же сизге карыз адамдар карызыңызды кайтарат. Сасык тумоолоп калуу коркунучу жогору, сак болуңуз. Апта аягындагы пландарыңыз акыркы мүнөттөрдө өзгөрүп кетиши ыктымал.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Так эмес, жыйынтыгы бүдөмүк окуялар орун алат. Ички туюмга ишенип чечим чыгарсаңыз эле баары жакшы болмокчу. Жумушта өз оюңузду так айтканга даяр туруңуз, өз ою жок, көрүнгөндүн сөзүнө кошула берген адамды жетекчилик жактырбайт. Окууга же ишке байланыштуу алыска сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Бойдоктордо эски сүйүктүүсүнө жолугуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок сүйүү мамилеси кайра жанданбайт. Апта аягы үйдө болуп, үй жумуштарын аткарганга аракет кыласыз.