Биз социалдык тармакта

Бейше, ырчы: “ҮНҮМ МЫКТЫ ЭКЕНИН ЭЛГЕ ДАЛИЛДЕП БЕРДИМ”

Көп жылдар бою Орусияда жүрүп, эми кыргыз шоу-бизнесинен өз ордун таап келе жаткан ырчы Бейше бул аптанын каарманы. Өзүнө таандык стили, эмгекчилдиги жана коңур үнү менен айырмаланган ырчы жакында мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. Анын ийгиликке жетүү жолу жана бүгүнкү чыгармачылыгы  тууралуу маектештик.

 

– Кандайсыз, Бейше? Мамлекеттик сыйлык алдыңыз жакында, куттуктайбыз!                 

– Жакшы, рахмат! Мага бул сыйлык күтүүсүз болду. Сүйүндүм.                     

– Бирок коомчулукта “бир ыр ырдап чыгып эле сыйлык ала береби?” деген сын айтылды. Буга эмне деп жооп берет элеңиз?                                      

– Мени Кыргызстандагылар жакшы билишпегенден улам ушундай талкуулар болду деп ойлойм. Мен 2012-жылдан бери ушул жаатта эмгектенип келем. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, Кыргызстандын атынан бир топ эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып жүргөм. Мени “Кыргыз деми” деген коом сыйлыкка көрсөтүшкөн экен, алардын демилгеси менен насип болуп алып калдым. Буга акыркы жылдардагы ийгиликтерим да себеп болду болуш керек. Анткени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде ырдадым, бир топ мамлекеттик иш-чараларга чакырылдым. Сыйлык берүүнүн себеби ошондон улам болуш керек деп ойлойм. Ошол “бир ыр ырдап эле сыйлык алды” дегендерге жооп катары ар бир мен катышкан сынактарды хронологиясы менен соцтармакка чыгарып коёюн деп жүрөм. Бул актангандык эмес, анткени ал сынактарга катышуу үчүн чоң эмгектер жасалган. Чоң сахналарда жандуу үн менен ырдап жүргөм. Мен билгенден, ырчылар эл аралык сынактарга биринчи катышканда эле сыйлык беришет. А мага антип берилген жок.                             

– Дагы бир көңүлдү бурганы – сизди Махабат уулу Бейше деп сахнага чакырып жатышат, фамилияңыз апаңыздын атындабы?         

– Жок, фамилиям атамдын эле атында, болгону мен төрөлгөндө туура эмес жазылып калган экен. Атамдын аты Махабатбек, документке Махабат деп жазылып калыптыр. Матчество эмес (күлүп).                                              

 – Ырчылардын баары эле мамлекеттик иш-чараларга чакырыла бербейт. Сизди чакырып жатышы биринчи кезекте эмнеден улам?                                                 

 – Мен ырдаган “Ала-Тоо” патриоттук ыр эмеспи. Чү дегенде эле бул ырды президенттин алдында ырдадым. Ошол окуянын видеосу элге жайылып кетти. Анын үстүнө быйыл улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани берилбедиби. Менин жүзүм жаңы, ырым жаңы болгон үчүн көп ырчынын арасынан суурулуп чыга алдым го дейм.                      

 – Эски ыр, элге өтпөй калбайбы деген кооптонуулар болгон жок беле “Ала-Тоону” ырдап чыгарда?                                   

– Ырды жаздырып жатканда бул ыр той ыры эмес экенин сезгем. Мамлекеттик иш-чараларга жарайт деп да ойлогон эмесмин. Болгону мага жакты. Хит болорун деле билген жокмун. Эл оозуна алынып кеткенден кийин таң калганым – бул той ыры эмес, бирок ушул ырды суранып чакырышат (күлүп). Бул да болсо ырдын өзүнүн ийгилиги окшойт деп калам.          

– Көп жыл чет жакта жүрүп, Кыргызстанга келгенден кийин жашооңуз кандай өзгөрдү?                                       

 – Мен чет өлкөдө жүргөндө убакыттын кандай өтүп кеткенин деле билбептирмин. Студиям, туруктуу жумушум бар болчу. “Зона комфортада” жүрө берип, тез эле убакыт өтүп кетиптир. Бир күнү апам телефон чалды. Жүрөгү ооруп жүргөнүн айтып, Кыргызстанга келишимди суранды. Апам мени жалгыз чоңойткон, апама аябай жакынмын. Жүрөгүнө стент коюлушу мүмкүн экенин укканда өзүмдү күнөөлүү сездим, анткени апам мени ойлонуп кыжалат болуп жатат окшойт дедим. “Өзүм карайм сизди” дедим да, телефонду өчүрүп коюп ыйладым. Дароо иштеримди тапшырып, учакка билет алып салдым. 2026-жылы январь айында келгем Кыргызстанга, ал кезде “мёртвый сезон”, эмне кыларымды билбей бир ай жүрүп калдым. Анан досум Канат Шабданбеков алпаруучулук кылып жаткан “Биз жолуктук” теледолбооруна барып ырдап калдым. “Бойдоксуң, бир сезонго катыш” деп калды. Катыштым, бирок түгөйүмдү тапкан жокмун. Ошол жактан Гүлназ эжени (ред.: Гүлназ Чыныбек кызы) көрүп, жакындан таанышып калдым. Аябай жакшы эже, көз карашыбыз да туура келди. “Менин продюсерим болуңуз. Бул жаатта жаңы адам эмесмин, эмне кылса жакшы болот, билем. Бирок жол көрсөтө турган киши болуш керек болуп жатат” дедим. Макул болгон жок адегенде. Кийин “бир ырды чыгарып көрөлү, эгер ийгиликтүү болсо иштешели, болбосо жок” деди. Ошентип “Ала-Тоо” ырын чыгарып калдык. Жакшы кабыл алынды, орто жерде ушак да чыгып кетти. “Бул Бейшенин үнү эмес, жасалма интеллект менен жасалды” деп чыгышты. Өз үнүм экенин далилдеш үчүн тоонун башына чыгып алып жандуу үн менен ырдап видео жарыяладык. Ошентип Гүлназ эженин да көзү жетти окшойт, мага ишенди.              

– Жаңы ырчыны кыргыз шоу-бизнеси кандай кабыл алды?                                         

– Мен ырчылардын көбүн Москвада жүргөндө эле таанычу элем. Белгилүүлөрү менен жакшы мамиледе болчумун. Мирбек Атабеков, Jax, Freeman барганда алар менен чогуу сахнада чыгып жүрчүмүн. Ал жакта деле бир аз атым таанылган эле. Ошондуктан шоу-бизнеске кыйналбай эле аралашып кеттим. Өз мекениңде жүрүү аябай эле жеңил экен. Москванын жакшы жагы – чоң сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк бар.                                 

– “Жашың өтүп баратат, үй-бүлө күт” деген сөз аялга деле, эркекке деле айтыла берет эмеспи. Сизде бул жаатта абал кандай?                                       

– Мен көнүп деле калдым. Апам, туугандар айта берип тажашты окшойт, азыр айтпай деле калышты. Анын үстүнө атым бир аз таанылып калды да, мага кыз издеген эле кишилер (күлүп). Катталуучуларымдан бери сурап, бирөөлөрдү таанышууга сунуштай беришет. 33 жашка чыгып калдым, менин деле үйлөнгүм келет. Болгону мен үйлөнүүгө абдан олуттуу карайм. Бир өмүр бою чогуу боло турган адамды издеп жүрөм. Бирөөлөрдүн сөзү үчүн шашкалактап үйлөнүп, өзүм жакшы билбеген кызга баш кошуп алып, кайра ажырашкым келбейт. Ниетим түз, Жараткандан “мага кандай аял керек экенин мага караганда сен жакшы билесиң, мен үчүн кайрымдуу боло турганын жөнөт” деп суранам. Буюрган күнү сүйүктүүмө жолугам деп ишенем.              

– Жеке концерт берүү тууралуу да ойлонуп жатсаңыз керек?                     

– Мен үчүн али эрте го дейм. Дагы 4-5 хит ыр жаратып, анан берсем деп жүрөм. Адегенде элдин жүрөгүнөн орун алыш керек.                                  

 – Үнүңүздү кантип таптагансыз?                                      

 – Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин вокал бөлүмүн бүтүргөм. Академиялык үн деп коёт, ошону жакшы өздөштүргөм. Анарбек Ибраев агай устатым болгон. “Ала-Тоону” да ошол стилде ырдадым. Ал эми Москвада кабактарда ырдап жүрүп эстрадалык жактан такшалдым. Академиялык үн менен эстрада айкалышып, азыркы стилим түзүлдү десем болот.

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан