Биз социалдык тармакта

5 ЖЫЛДА ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫН КЕРЕКТӨӨ 25 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ  

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө акыркы 5 жылда 25 пайызга көбөйдү. Буга жаңы объекттердин ишке берилиши жана өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү себеп экенин Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө 1000ге жакын объект пайдаланууга берилген. Советтер союзу тарагандан кийин Кыргызстанда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү, бул мезгилде Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп, анын бир гана агрегаты ишке киргизилгени белгиленди. Министрлик өлкөнүн энергетика тармагы быйылкы кышка даяр экенин белгиледи. 

– Бүгүнкү күндө өзүбүз өндүрө турган электр энергиясын дагы, сырттан алып келе турган энергияны дагы мерчемдеп, даярдап турабыз. Алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшүбүздү техникалык жактан камсыздадык,- деди 17-ноябрда энергетика министринин орун басары Курсантбек Өмүрбеков ЖМКларга берген маегинде.

Айта кетсек, Кыргызстанда жылына 19,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы керектелет. Анын 15,5 миллиард киловатт-сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, калган бөлүгү коңшу мамлекеттерден импорттолот.       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан