Биз социалдык тармакта

АҢЧЫЛЫК СЕЗОНУ: БЫЙЫЛ КАНЧА ЖАНЫБАР АТУУГА УРУКСАТ БЕРИЛГЕН?     

Кыргызстанда аңчылык сезону үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында аяктайт. Мергенчилер жаныбарлардын түрүнө жараша белгиленген мөөнөттөрдү жана уруксат берилген чектөөлөрдү сактоого тийиш экенин 17-ноябрда Жаратылыш министрлиги эскертти.

Тиешелүү талаптарга ылайык, Сибирь тоо текесине, эликке, каманга, кыргоолго жана кекиликке аңчылык кылуу белгиленген мезгилдерде жана уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Быйыл 133 баш аркар-кулжага аңчылык кылууга уруксат берилген. Ал эми жапайы жаныбарларды атуунун жылдык чеги 150 баштан ашпоого тийиш. Мыйзамсыз аңчылык кылып, жапайы жаныбарларды өлтүргөндөр келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү экенин белгилейт министрлик. Анын өлчөмү жаныбардын түрүнө жараша аныкталат. Мисалы, ак илбирс үчүн 2 миллион сом, аркар-кулжа, марал жана күрөң аюу үчүн 1,5 миллион сомдон, Сибирь тоо текеси үчүн 300 миң сом айып пул каралган.

Белгилей кетсек, аңчылык сезону “Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө” мыйзамга жана өкмөттүн атайын токтомуна ылайык жөнгө салынат.    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан