Биз социалдык тармакта

МУРДАГЫ ЭЛЧИЛЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ТИМге ИШКЕ КАЙТЫП КЕЛИШПЕЙТ?        

17-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевден чет өлкөдөгү дипломатиялык кызматын аяктаган тажрыйбалуу элчилер менен башкы консулдар эмне себептен министрликте иштебей жатканын сурады. Ал Италиядагы мурдагы элчини, Түркиядагы мурдагы башкы консулду мисал кылды.

Кулубаевдин айтымында, министрлик мурдагы дипломаттарга ар кандай кызматтарды сунуштайт. Бирок айрымдары сунушталган кызматтарга макул болушпайт.

– Мурдагы элчилик, башкы консулдук кызматтарды аркалагандар жок дегенде департаменттин директору же министрдин орун басары болгусу келет. Бирок министрликте министрдин орун басары үчүн 4 гана орун бар. Биз аларга департамент директорунун орун басары же кеңешчиси кызматтарын сунуштайбыз. Министрликте ар бир жарым жылда кадрлардын ротациясы болуп турат. Системде иштегиси келгендер келип иштеп жатышат, ал эми жогорку кызматты күткөндөр азырынча кадрлар резервинде турушат,- деди министр.     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан