(Башы өткөн сандарда)
Айым апа да өз баласын таштап кеткен күндөрдү эстеди. Илимдин биринчи басканын көрбөгөнүн, биринчи сөзүн укпаганын, ооруп ыйлаганда жанында болбогонун ойлоду. Уулунун чоңоюп, эр жеткенин сырттан гана билген учурлары көз алдына келди.
«Мен аны таштап кеттим. Эми ал да баласы менен жалгыз калды. Тагдыр мага өзүм кылганды көрсөтүп жатабы?» деп ойлоду.
Айым Деңизди төшөгүнө жаткырып, жанында тизелеп отуруп калды. Көзүнөн жашы тынымсыз агып жатты.
– Кечир мени, балам... Сенин атаңды мен да ушинтип жалгыз калтыргам. Эми сен да апаңды издеп ыйлап жатасың. Сенин күнөөң эмне, кулунум? Сен болгону апаңдын кучагын издеп жатасың...
Деңиз уйкусунан чочуп ойгонуп, ыйлап жиберди. Айым дароо көтөрүп алды. Бала чоң энесинин көкүрөгүнө башын такап, дагы эле ыйлай берди.
– Ыйла, балам, ыйла... Сен ыйлаган сайын менин жүрөгүм ооруй берсин. Мен сенин бир тамчы жашыңды да текке кетирбейм...
Ошол күндөн тартып Айым небересин багууга бүт жанын берди. Түнү менен уктабай, ысыгын өлчөп, тамагын жасап, дарыгерге ташып, кийимин жууп, ар бир кыймылына көз салып калды. Деңиз бир аз жөтөлүп койсо эле жүрөгү түшүп, дем алуусун тыңшап таң аттырчу болду. Бирок анын камкордугунда жөн гана чоң эненин мээрими эмес, өмүр бою кечирилбей келген күнөөнүн оордугу бар эле.
Деңиздин ар бир ыйы Айымга Илимдин балалыгын эске салчу. Бала тамак ичпей койсо, «Илим да ушинтип мени күттү бекен?» деп ойлочу. Түн ортосунда ойгонуп апасын издесе, «Менин уулум да бир кезде ушинтип мени чакырды бекен?» деп ичинен эзилчү.
Бир күнү Илим жумуштан келип, апасынын Деңизди кучагына кысып уктап отурганын көрдү. Айым өзү креслодо кыйшайып, моюну катып калганына карабай, баланы төшөккө жаткырган эмес.
– Апа, өзүңүз уктабайсызбы?- деди Илим акырын.
– Уктайм, балам. Деңиз ойгонуп кетпесин.
– Чарчап калдыңыз го...
Айым уулуна карап, жылмайганга аракет кылды.
– Чарчабайм, балам. Неберем да...
Бир азга унчукпай калды да, акырын кошумчалады:
– Илим, сен кичинекей кезиңде менин колумда ушинтип уктачу элең…
Илимдин жүзү өзгөрүп кетти.
– Мен эч элестете албайм, мени сен бөпөлөп бакканыңа.Сен мени таштап кеткендиктен андай элестете албайм…
Бул сөз Айымдын жүрөгүнө бычактай сайылды. Ал жооп бере алган жок. Көзүнөн жашы чыгып кетти.
– Кечир, балам...
– Эмне үчүн кечирим сурайсыз?- деди Илим чарчаңкы үн менен.
– Өткөн нерсе өттү да.
– Сен кечирдим деп айтышың мүмкүн. Бирок мен өзүмдү кечире албай жатам.
Илим апасын карады. Бир кезде өзүнө жетпей калган мээрим эми анын уулуна төгүлүп жатканын көрүп турду. Бирок бул көрүнүш анын ичиндеги боштукту толтурган жок.
– Апа, Деңизди жакшы караңыз. Ага сиз керексиз.
Айым башын ийкеди. Уулу чыгып кеткенден кийин гана ыйлап жиберди.
Ал Деңизди катуу кучактады.
– Сен менин күнөөмдүн куну эмессиң, балам. Сенин эч кандай күнөөң жок. Мен сени чоң энең болгонум үчүн эле эмес, бир кезде мээримсиз калтырган баламдын уулу болгонуң үчүн да жанымдан артык көрөм. Сенин бала чагың менин катамдын көлөкөсүндө өтпөсүн...
Ошол түнү Айым биринчи жолу небересинин бешигинин жанында отуруп, Кудайдан ушу баланын аман-эсен айыгып кетишин суранды.
(Тамчынын баяндоосу)
Менин Кыргызстандан кеткениме көп болду. Бирок ошол күндөрдү эстеген сайын жүрөгүм кайрадан ооруйт. Кээ бир окуялар убакыт өткөн сайын унутулбайт экен, тескерисинче, жүрөккө тереңирээк сиңип, адамдын өмүр бою көтөргөн жүгүнө айланат тура.
Мен Илимден качып кеткем. Аны сүйбөй калганымдан эмес, анын жанында калсам, өзүмдү жоготуп аларымды түшүнгөнүмдөн. Илимдин кош бойлуу аялы ай-күнүнө жетип турган абалында эшигиме келгенде чекит койдум. Эч кимге айтпай байланышты үзүп чыгып кеттим. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Эң жаманы – мен Илимди жек көрө алган жокмун. Аны көргүм келчү. Үнүн уккум келчү. Кучагына кирип алып, эч нерсе болбогондой ыйлагым келчү. Анан ошол эле учурда аны көрүүгө да чыдай албайт элем. Кетүүдөн башка айла тапкан жокмун.
Москвага келгениме бир топ убакыт болду. Азыр Камчынын үйүндө жашап, иштеп жүрөм. Кээде бул үйгө келгениме сүйүнөм. Анткени көп жылдардан бери биринчи жолу жанымда мени эч нерсе түшүндүрбөй эле түшүнө турган адам бар. Ал – менин эгизим.
Камчы экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка жолго түшүп, көп жылдар бою бири-бирибизден алыстап калганбыз. Эми болсо бир үйдө жашап жатабыз. Ал менин сыртымдан күлүп жүргөнүмө карабай, ичимде эмне болуп жатканын сезет.
Бир күнү кечинде жумуштан чарчап келдим. Тамак ичким келбей, бөлмөмө кирип кеттим. Телефонумду колума алып, көпкө чейин бир номерди тиктеп отурдум. Илимдин номери...
Чалгым келди. Жөн гана үнүн уккум келди. “Кандайсың?” деп сурагым келди. Бирок чала алган жокмун.
Көп өтпөй эшигим акырын ачылды.
– Уктай элексиңби?- деди Камчы.
– Жок.
– Кирсем болобу?
– Кир.
Ал жаныма келип отурду. Бир азга унчукпай турду да:
– Дагы эле аны ойлоп жатасыңбы?- деди.
Мен жооп берген жокмун.
– Тамчы, мен сенден эч нерсе жашырбай эле кой дегим келет. Экөөбүз эгизбиз. Сенин көзүңө карасам эле баарын түшүнүп турам.
– Камчы, мен аны унуткум келет.
– Унута алдыңбы?
– Жок...
Ушул сөздү айтканда көзүмө жаш тегеренди.
– Балким, сен ага жолугуп, сүйлөшүп алсаң жакшы болмок беле? Суроолоруңа жооп алып...
– Эмнени сурайм? Эмнеге башка аялдан уулдуу болуп жатасың дейминби? Же мени танда деп жалдыраймынбы?
– Бирок сен аны дагы деле сүйөсүң.
– Сүйөм, Камчы. Ошол үчүн кеттим да. Калсам, андан да кыйын болмок.
– Анда эмнеге өзүңдү кыйнап жатасың? Сен да бактылуу болууга татыктуусуң.
– Мен билем. Бирок жүрөккө түшүндүрө албайт экенсиң. Кээде анын азыр эмне кылып жатканын элестетем. Баласы төрөлсө кандай кубанды болду экен? Колуна көтөрүп, кандай карайт? Балким, уулуна мен кыялдангандай мээримдүү ата болгондур. Мен аны башка аялдан уулдуу болгону үчүн жек көрбөйм. Ал балада эмне күнөө? Бирок менин жүрөгүм ооруйт. Анткени бир кезде мен да Илим менен балалуу болууну кыялданчумун.
Камчы колумду кармады.
– Сен жалгыз эмессиң. Мен бармын.
– Билем. Сенин бар экениңе сүйүнөм. Болбосо бул жакта кантип жашамакмын?
– Бир нерсени сурайынчы. Эгер Илим азыр чалып, сени сагынганын айтса, эмне кылат элең?
Мен көпкө чейин жооп бере албай отурдум.
– Билбейм... Балким, телефонду өчүрүп салмакмын. Балким, ыйламакмын. Балким, кайра чалып жибермекмин. Өзүм да билбейм. Кээде ал да мени эстейби деп ойлойм. Менин жоктугумду сезеби? Бир кезде жанында болгон адамдын күтүүсүздөн жок болуп кеткенин байкайбы?
Камчы мени кучактады. Ошондо өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Мен көптөн бери эч кимдин алдында мындай ыйлаган эмесмин. Баарына күчтүү көрүнгүм келген. Жумушта күлүп-жайнап, жашоомду кадимкидей улантып жаткандай түр көрсөтчүмүн. Бирок түн киргенде баягы эле Тамчыга айланчумун. Илимди сагынган, жүрөгү жараланган, жоопсуз суроолор менен жашаган Тамчыга айланчумун...
Кээде адам бирөөнү сагынбайын деп канчалык аракет кылса да, жүрөгү анын атын кайталап тура берет экен. Мен Илимди унуттум деп өзүмдү канча жолу алдадым. Анын атын укканда селт этпегенге, сүрөтүн көргөндө көзүмдү ала качпаганга, ал жөнүндө сөз болгондо кайдыгер көрүнгөнгө үйрөнүп бараткандаймын.
Бирок түн башка экен... Күндүз өзүмдү алаксыта алам. Жумуш, адамдар, көчөдөгү ызы-чуу... Баары мени ойлорумдан алыстаткандай болот. Ал эми түн киргенде жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып жаткан сагыныч кайра ойгонот. Кээде телефонумду колума алып, анын номерин издейм. Чалгым келет...
(Уландысы кийинки санда)