Бир күнү акылманга бир жигит келет.
– Акылман, айтыңызчы, канткенде сиздей даанышман, бактылуу, дайыма күлүп жүргөн адам болом? Мага жардам бериңизчи,- дейт.
Акылман макул болуп, жигитке бир бош баштык, анан бир даана картошка алып келишин айтат. Жигит айтканын аткарат. Анда акылман:
– Эгер бирөөгө катуу ачуулансаң же таарынсаң, бир картошкага ошол адамдын атын жазып баштыкка салып алып дайыма көтөрүп жүрөсүң.
– Ушул элеби?- дейт жигит таң калып.
– Жок, дагы башка адамга таарынсаң же жаман көрсөң баштыкка картошка кошо бересиң. Негизгиси ал баштыкты дайыма көтөрүп жүр.
Жигит макул болот. Эртеси эле бирөө менен уруша кетип, баштыгына бир картошка салат. Убакыт өтө берет, баягы баштыкка улам картошка кошула берип салмагы оорлойт, дайыма көтөрүп жүрүү ыңгайсыздык жарата баштайт. Анын үстүнө эң биринчи салынган картошкалар чирип, сасыган жыт чыгат. Кээ бир картошкалар өнүп кетет.
Акыры чыдабай калган жигит кайра акылманга барып:
– Болду, мен чыдабай калдым. Биринчиден, баштык оор болуп кетти, экинчиден, картошкалар чирип баштады. Жакшы адам болуунун башка жолун айтыңыз.
– Эми мени угуп тур. Баштык – бул сен, андагы картошкалар – сенин таарыныч, ачууларың. Негативдүү ойлорду баштыкка көп салып, коё бербегенде алар да картошка сымал адамды ичтен чиритип, жашоо энергиясын алып баштайт. Бул ыкма менен сени сырттан карап түшүнсүн дедим. Ар ким өз баштыгына эмне салып чогултарын өзү билет...