Биз социалдык тармакта

ПАХТА

Илимий маалыматтарга таянсак, пахтанын мекени – Индия. 7000 жыл мурун Инд өрөөнүндө жашагандар тарабынан өстүрүлө баштаган. Анан акырындап Жер-Ортолук деңизинин боюндагы өлкөлөргө жана башка тараптарга тараган. XVI кылымдын аягында пахта Азиянын жана Американын жылуу аймактарында өстүрүлүп калган.

 

Өнөр жай революциясы                          

Улуу Британияда пахта индустриясынын өнүгүшү текстилди англичандардын башкы экспорттук товарына айландырган. Пахта ийрүүчү станоктордун ойлоп табылышы  пахтадан жип жана кийимдерди кыйла тез темпте өндүрүүгө мүмкүндүк берген. XVIII кылымдын аягынан тартып Англиянын Манчестер шаары “Пахтаполис” деген атка ээ болгон. Анткени кебез-кездеме өнөр жайы шаардын бир топ бөлүгүн ээлеген. Британия менен Кошмо штаттардын өндүрүштүк кубаттуулугу пахта тазалоочу машина ойлоп табылгандан кийин өскөн. Бул убакка чейин була чигиттен кол менен ажыратылып алынчу. 1840-жылы Индия Британиянын фабрикаларын пахта буласы менен камсыздоого жетишпей калган. Анын үстүнө Индиядан Британияга пахтаны деңиз аркылуу ташуу кымбатка турган. Америкалык пахтанын сапаты жакшыраак болгондуктан британ соодагерлери АКШ менен Вест-Индиянын плантацияларынан сатып ала башташкан. АКШда пахта плантацияларында пахтаны өстүрүү, жыйноо кулдардын жумушу болуп калган.

1950-жылдары пахта жыйноочу комбайндар пайда болгонго чейин плантацияларда аны терүү үчүн көп сандаган жумушчулар  талап кылынчу.

 

Өлкөдө 65 миң тонна таза була алынып турган                                                

XX кылымдын ортосунда Орто Азия республикалары, биринчи кезекте Өзбек ССРи Советтер Союзунун “пахта кампасына” айландырылган. 1970-жылдары Өзбекстандын айдоого жарактуу бардык жерлери пахтачылыкка берилген. Кыргызстанда 1960-1980-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарында жылына 210 миң тоннанын тегерегинде пахта терилип, 65 миң тоннага чейин таза була алынып турган.

Орто Азия республикаларына пахта үчүн коюлган пландар экологиянын бузулуусуна алып келген. Алардын эң белгилүүсү – Арал деңизинин деңгээлинин төмөндөшү болгон.

Пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө эң алдыңкы 6 өлкө бар. Мисалы, 2024-жылы Кытайда 18,7 миллион тонна, Индияда 15 миллион, АКШ 9,6 миллион, Бразилия 8,5 миллион, Пакистан 3,5 миллион, Өзбекстан 2,9 миллион тонна өндүрүшкөн жана көбүн экспорттошкон. Пахта буласынан кездемелер, трикотаж, жиптер, кебез (вата) жана башкалар өндүрүлөт.  Чигитинен (уругу) май алынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан