Кыргыз маданиятына өчпөс из калтырган инсандардын бири – белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зейнеп Шакеева менен баарлашып, өткөн күндөргө саресеп салдык. Зейнеп эженин атын укканда ар бир кыргыздын кулагына “18 жаш”, “Чагылган”, “Күн чыгышым” сыяктуу керемет ырлардын кайрыктары жаңырса керек. Элдин жүрөгүнөн орун алган каарманыбыз чыгармачылык, гастролдор, үй-бүлө темасында кызыктуу кеп куруп берди.
– Саламатсызбы, Зейнеп эже? Өнөр дүйнөсүндө өчпөс из калтырган инсандардын бирисиз. Сиздин ырлар бир нече муунду өстүрдү. Бирок акыркы жылдары көп көрүнбөй калгандайсыз, эс алуудасызбы?
– Саламатчылык! Мен өмүрүмдү чыгармачылыкка жана балдарыма арнадым. Сахнадан көрүнбөй калды деген бир аз туура болбой калат. Анткени чакыруу менен айрым концерттерге катышып келем. Балдарды тарбиялап чоңойтуп, окутуу менен алек болдум. 2017-жылы кырсыктап, эки омурткамды сындырып алгам. Кийин тайып жыгылып, акырегим ооруксунуп калды. Ошого операция жасатып, баш-аягы беш жылдай дарыланып жүрдүм окшойт. Биздин кезде аялдарга өзүн караганга убакыт деле жок болчу. Жумуштун, үйдүн түйшүгүн кошо тартып, ал аз келгенсип, ишемби күнү эртең менен улуу кыздарымды алып айылга кетчүмүн. Айылдан кайнатамдын үйүн актап-сырдап, той-ашта абысындарыма жардам берип, кайра жекшемби күнү кечинде үйгө чарчап келчүбүз.
– Союз тараган кездеги чыгармачылык кризиске сиз деле туш болдуңуз да?
– Албетте. Союз тараганда чыгармачылык гана эмес, жашоонун өзү кризиске кептелди да. Азык-түлүк, кийим-кече тартыш, жумушсуздук күч... Ошол учурда кичүү кызым төрөлдү. Кийин жолдошум узакка созулган оорудан каза тапты. Жакшы ырдаган, адамгерчиликтүү, сыпайы, жакшы адам эле жарыктык. Анан акырындап жашоо оңоло баштады. Элдики менен кошо менин да чыгармачылыгым кайра жанданды.
– Мурда кыздардын ырдап чыгышына ата-энелерде гана эмес, коомдо да каршылык күч болчу дешет. Сизде бул маселеде жагдай кандай болду?
– Атам Шааке Ашырбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, атактуу Панфилов дивизиясынын ардагери болгон. Апам бала бакчада тарбиячы болчу. Башынан оор күндөрдү өткөрүшкөн. Менин 4 бир тууганым каза болуп, эжем экөөбүз калганбыз. Кичинемде тырышчаак, тың кыз элем. 5 жашымда тамга таанып, мектепке эрте бардым. Кээде партада уктап калсам, атам үйгө жонуна көтөрүп келчү. Ата-энебиз бизди эркин өстүрүштү. Атам жакшы ырдаган адам эле. Убагында “ырдайм” десе, “эркек башың менен ырчы болмок белең, эркекке тийиштүү ишти кыл” деп тыйып коюшуптур. Менин “ырдайм” дегениме ушундан улам да каршы болгон жок окшойт. Мектепти бүткөндөн кийин Кыз-келиндер институтуна тапшырып, окууга өттүм. Бир ай окугандан кийин филармонияда ырчы кыздарга сынак болуп жатканын угуп, 12 кыз болуп бардык. 3 кыз филармониянын кыргыз бригадасына кабыл алынды. Мени оркестр менен ырдатып көрүшүп, түз эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист кылып кабыл алышты. Ошентип 1966-жылы октябрда эмгек жолум башталды. Айылга барып сүйүнчүлөп, Асанкан Жумакматов жетектеген оркестрде ырдай турганымды айттым.
– Сизди элге “Элмира”, “Чагылган”, “18 жаш” деген ырлар таанытты. Бул ырларды кандайча ырдап калгансыз?
– 1967-жылы биз гастролго чыгарда обончу Аксуубай Атабаев келип, “Чагылган” аттуу ырын ырдатып көрдү. Ал ырга кошо “18 жаш”, “Таалайбек” деген ырларды бир күндө жаздырдык. Репертуарымда оркестрге салынган “Күн чыгышым”, “Фрунзе кечи”, “Чабанга”, “Элмира” деген ырлар да популярдуу болгон. Атактуулук мага ушул ырлар менен келди. 18ге чыга элегимде “18 жашты” ырдадым да. Азыр ойлосом, ал ырдын кадырын деле сезбей ырдаган экенмин. “18 жашты” жаштыгын, артта калган күндөрүн сагынган адамдар ырдаса, “Чагылган” ыры сүйүшкөн жаштардын гимнине айланып кеткен.
– Жогоруда жолдошуңуз тууралуу кыскача айтып өттүңүз. Сиздерди тагдыр кантип жолуктурду?
– Филармонияда ырдап жүргөн бойдок кезимде толтура жигиттер иштешчү, алардын ичинен кат жазып карматкандары да болгон. Менин ой-мүдөөмдүн баары чыгармачылык болгондуктан, күйөө тууралуу ойлончу деле эмесмин. Бир күнү ала качып кетти, мени жактырып калыптыр. Ырдаганыма да кызыкса керек. Ошентип баш кошуп, 5 балалуу болдук. Мурда артисттердин айрымдары балдарын таштай турган эч кимиси же шарты жок гастролго ээрчитип алышчу. Мен да төрөгөн сайын улуусун таштап, кийинкисин ээрчитип жүрдүм. Электр чайнек, жуунтканга дагара, горшок, кипятильник көтөрүп алчумун. Сапарда балдар ыйлашса, улуу муундагылар жаман көрүшөт. Айла жок, ошентип иштеп жүрдүк. Кыйналсам да, чыгармачылыктан кетем деп эч ойлобоптурмун. Балам Азат абдан тентек эле. Бир жолу концерт учурунда Актан (ред.: Исабаев, ырчы) экөө бассейнге түшүп кетип жүрөктү түшүргөн. Пахта терим убагында кечинде эл иштен бошогон кезде концерт коёбуз, түнкү саат 10дордо башталып, экилерде бүтөт. Кышында тоого чабандарга барып концерт коёбуз. Ачка болсок да, үшүсөк да кыңк дечү эмеспиз.
– Кыргыз эстрадасы түптөлүп жаткан учурду эстеп айтып берсеңиз...
– 1967-жылы Канадада өткөн “Экспо-67” дүйнөлүк көргөзмөсүнө биринчи жолу Кыргызстандан биздин Карамолдо Орозов атындагы оркестр катышкан. Мен да ырдагам анда. Ошол жылы Чоро Кожомжаров филармониянын алдында улуттук эстрада ансамблин түздү. Анын түптөлүшүнө салым кошкондор мен, Айша Базарбаева, Алтынбек Сапаралиев, Анарбек Ибраев, Султан Каримов, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева жана башкалар болду. Кийин кайра эстрададан эл аспаптар оркестрине кеткем. Гастролдордун арты менен Бельгия, Сирия, Алжир, Орусия жана башка мамлекеттерге барып кыргыз искусствосун таанытып келгенбиз.
– Ал кезде деле атактуу адамдарды ар кандай сөздөр ээрчичү беле?
– Үй-бүлөлүү, түз жүргөн аял болсоң деле көрө албастар ар кандай сөздөрдү чыгара беришет экен. Артисттердин ичинен Гульчехра Валиуллина деген аял бар эле. Ошону эже ордуна кармандым, ал жакшы акыл-кеңештерин көп айтчу. Ошого мени сөз кылгандарга теңелбей, териштирбей, өз жолум менен жашап, ырдай бердим. Ошентип баарын жеңдим.
– Балдарыңыздын ичинен ырга шыктуулары барбы?
– Балдарымдын баарынын үнү жакшы, анча-мынча артисттерге караганда жакшы ырдашат. Бирок мен көргөн азаптарды көрүшпөсүн деп аларды ырчы кылган жокмун. Талантым жээн неберем Биназирге өттү. Ал азыркы учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин искусство факультетинде окуйт, филармониянын “Шумкар” тобунда бийлейт. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу. Эң улуусу Жылдыз, кесиби боюнча чачтарач. 3 уул, 1 кыз, 7 небереси бар. Азат жеке ишкер, 3 баласы, 1 небереси бар. Маратым курулуш тармагында иштейт, 3 уул, 1 кызы, 3 небереси бар. Раушан кызым университетте окутуучу, 2 эркек баласы бар. Эң кичүүм Айыма 2 уул, 1 кыздын энеси.
– Бар болуңуз! Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык тилейбиз!
Канымжан Усупбекова