Кышкыга деп үйдөн банкаларга жабылган туздалган жана маринаддалган жашылча, салаттарга ууланып калгандар көбөйгөнүн айтышат адистер. Ботулизм оорусу... Киши өмүрүнө коркунуч жараткан бул кандай оору? Эмне үчүн консервацияланган азыктардан уулануу коркунучу күч? Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын инфекционист врачы Динара Чаликова бул дарттын алдын алууга чакырат.
Таякчалар абасыз жерде уу бөлүп чыгарат
Ботулизм – бул ботулизм таякчалары бөлүп чыгарган ууларга уулануу. Анын уусу адамды өлүмгө чейин жеткирүүчү эң күчтүү табигый уу болуп эсептелет. Таякчалар топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиш, козу карын, жашылчаларга, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйөт да, заң менен кайра чыгат. Эмне үчүн ичегиге киргенде адам өмүрүнө тикелей коркунуч жаралбайт? Анткени таякчалар уу бөлүп чыгарыш үчүн аба жок жер болушу керек. Ичегиде көбөйүп сыртка чыккан таякчалар кайра эле топуракка, андан сууга, жашылчаларга жана башкаларга түшөт. Адам ошондой таякчалар менен булганган сүрсүгөн этти, туздалган балыкты жана башканы жегенде ууланат. Анткени эт менен балыктын ички катмарына аба кирбейт да, таякчалар көбөйүп уу чыгара баштайт.
Булардан тышкары таякчалар менен булганган козу карын, жашылчаларды жакшы жуубай, жакшы стерилизация кылынбаган банкаларга кышкыга деп жапканда банкалардын ичине аба кирбей таякчалар көбөйүп, ууну бөлүп чыгарышат. Мындай маринаддалган, туздалган консервациялар, салаттардын өңү, жыты бузулбашы, банканын капкагы көтөрүлбөшү да мүмкүн. Бирок андай азыкты жеген адам ууланат. Кызыгы, андай салатты бир үйдөн 3 адам жесе бири катуу, башкалары жеңил ууланышы мүмкүн. Анткени оор ууланганы азыктын көп уу топтолгон жерин жеп алган болот.
Уунун таасири булчуңдарды шал кылат
Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет, кайнатууда өлбөйт. Өлтүрүү үчүн 100 градус ысыкта 6 саат кайнатуу керек. Кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Таякчалардын жашыруун көбөйүү мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин. Уу ичегиге тез сиңип, кан менен бүт денеге тарайт. Уусу нерв системин жабыркатып, булчуңдарга өтчү сигналдардын берилишин бузат. Ошондуктан ууланганда булчуңдардын алсыздыгы, шалдыгы жаралат. Кабырга булчуңдары шалга айлангандан дем алуу кыйындайт. Тил да булчуңга киргендиктен адам сүйлөй албай булдуруктайт. Бут булчуңдары алсызданып, адам темтеңдеп басып калат.
Оору аз кездешкени менен, убагында диагноз коюлуп дарыланбаса, адам каза болуп калышы мүмкүн. Ошого үйдөн консервация жасабай, дүкөндөн өнөр жайлардан чыгарылганын сатып алып жеш керек. Анткени аларда стерилизация, герметизация талаптагыдай ишке ашырылат.
“Тез жардам” келгиче эмне кылуу керек?
Аталган белгилердин айрымдары билинген учурда деле “Тез жардам” чакыруу же ооруканага баруу керек. Өзгөчө алсыздык күчөп, дем алуу кыйындаса. "Тез жардам" келгиче бейтапты төшөккө жаткырыңыз. Анткени туруп басып жүргөндө оору бат күчөйт. “Тез жардам” кечигип жатса, жылуу суу ичирип, кустуруп ашказанын жуу керек. Кускан сайын 3-4 стакан суу ичирүү кажет. Эгер бейтап эстен танса капталынан жаткырып, башын ылдый кылуу керек. Дене табын, кан басымын улам текшерип туруңуз.
Ооруканада дарылоо
Алгач врач диагноз коюу үчүн бейтаптын абалын текшерип, эмне жегенин, оорунун белгилери качан башталганын сурайт. Кан, заң анализин тапшыртат жана эмнеден ууланса анын калганын лабораториялык текшерүүдөн өткөртүү үчүн алдырышы мүмкүн. Дарылоо төмөнкүчө жүрөт:
• Организмден ууларды чыгаруучу, кан басымы түшүп кетсе аны көтөрүүчү дарылар вена кан тамырына тамчылатма түрүндө берилет.
• Дем алуусу кыйындаса жасалма дем алдыруу жасалат.
• Антибиотик чектелет жана башка.
Ууланганда оорулуунун табити жоголот. Жакшысы, 1 күн жалаң гана суу ичип ачка болгон пайдалуу. Кийин гана тоок, уй этинен кайнатма шорпо ичсе болот.
Оорунун алдын алуу
• Консервациялоо үчүн жаңы үзүлгөн, чириги жок жашылчаларды тандап, тазалап-жууңуз. Банкаларды 15-20 мүнөттөн кем эмес убакыт буулоо шарт.
• Салаттарды 100 градус температурада 25-30 мүнөт кайнатуу туура.
• Ботулизм таякчалары кычкылды көп жактырбайт. Андыктан салаттарыңызга уксус кошууну унутпаңыз. Бирок ал микробду өлтүрөт деп толук ишенүүгө болбойт.
• Капкагы көтөрүлүп, көөп калган, ошондой эле өңү, жыты өзгөрүлгөн туздалган, маринаддалган жашылчаларды, салаттарды колдонбоо.
• Эт, балык, козу карын консерваларын колдонууда колдонуу мөөнөтүн, ачканда сапатын, өңү, жыты өзгөрүлбөгөнүнө баам салыңыз. Ашканын муздаткычта туура сактаңыз.
Дарттын белгилери
• Баштын оорусу
• Дене таптын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, уйкунун качышы
• Көңүлдүн айлануусу, кусуу
• Көрүүнүн начарлашы, каректин чоңоюшу. Нерселер көзгө кош (экөө) болуп көрүнүшү ыктымал
• Бет нервинин шал болушу
• Ооздун кургашы, суусоо
• Булчуңдардын алсыздыгы, шалдыгы. Мисалы, дем алуунун жана жутуунун кыйындашы, демигүү, тилдин булдуруктап, айрымдардын сүйлөй албай калуусу, темтеңдеп басып калуу
• Тахикардия. Бул жүрөктүн лакылдап бат-баттан согушу
• Ичтин өтүшү же катышы
• Зааранын чыкпай кармалышы
• Үндүн өзгөрүп, каргылданышы
Канымжан Усупбекова