Саякат рубрикабыздын алкагында Кыргызстандан да туристтер көп барган Фукуок аралына кызыгып көрдүк. Вьетнам өлкөсүндө жайгашкан бул аралга барууда 30 күнгө визасыз кирүүгө уруксат берилген, ошондуктан да туристтердин агымы жогору. Бермет фермалары, жергиликтүү деликатестери, тропикалык жээктер, деңиз саякаты жана башка кызматтары менен көпчүлүктү өзүнө азгырган арал тууралуу кызыктуу фактыларга токтолдук. Буюрса, алдыда Фукуокко барам деп тургандар үчүн шпаргалка болсун.
Түрмөдөн курортко айланган
Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аралдагы адамзатынын алгачкы кадамдары мындан 2500 жыл мурунку мезгилге барып такалат. Адамдардын саны көбөйүп отуруп, алгач балыкчылар айылы пайда болгон. Бирок алар да көз карандысыз эмес болчу, кхмер жана вьетнамдык башкаруунун алдында күн көрүшкөн.
19-кылымда арал француздардын колониясына өткөн. Француз бийлиги балыкчыларды кууп жиберип, аралга өз бийлигине каршы чыккан адамдар отуруучу түрмө курган. 20-кылымда Кытай карамагына өткөн арал “кокос түрмөсү” деп аталып, түрмөнүн ичинде 40 миңге жакын кылмышкер отурса, аларды 33 миң кытай аскери кайтарып турчу.
Вьетнам согушу аяктап, өлкө бириккенден кийин гана 1975-жылы Фукуок расмий түрдө Вьетнам өлкөсүнүн курамына кирген. 21-кылымда аралдын экономикасы туризмге ыктап, 2021-жылы Фукуок арал-шаар статусун алган.
АРАЛ ТУУРАЛУУ...
Кайда жайгашкан – Сиам кысыгында, Вьетнамга караганда Камбоджа жээктерине жакын жайгашкан. Фукуок Вьетнамдыкы деп саналганы менен, Камбоджанын аймагында тургандай сезилет. Аралдан Камбоджага 1 чакырым аралык, ал эми Вьетнамга 40 чакырым аралык жол турат. Мунун айынан да эки өлкөнүн ортосунда анда-санда келишпестиктер, талашуулар чыгып турат. Аянты: 593, 05 чарчы чакырым. Калкынын саны: 146 миң (2019-жылдагы эсеп менен).
Мактанычы – аралдын жергиликтүү тургундары сыймыктануу менен колдонгон экинчи аталышы бар, “Бермет аралы” деген. Чынында эле аралда атайын бермет өстүргөн фермалар жайгашкан. Дал ушул берметтерди көрүүгө, сатып алууга кызыккандар көп.
Жаратылышы – аралдын жарымынан көп бөлүгүн жунгли токойлору жана бийик тоолор жайгашкан улуттук парк ээлейт. Андан сырткары ЮНЕСКОнун биосфералык коругу да бар.
Климаты – Субэкватордук климат. Жылы бою 19 градустан 33 градустун тегерегинде жылуу аба ырайы өкүм сүрөт. Эң суук мезгил – январь, эң ысык – май деп эсептелет. Май айынан октябрь айына чейин дээрлик басылбаган жаан-чачын жүрөт. Аба ырайы кургак, күн тийип, деңиз тынчтанган маалда барыш үчүн ноябрдан апрелге чейинки мезгил ыңгайлуу.
ЭМНЕНИ КӨРҮШ КЕРЕК?
Аралга барарда заманбап шумдук технологиялар аралашкан нерселерди көрөм деп үмүт этүү туура эмес. Ал эми экзотикалык көрүнүштөргө, мурда такыр татып көрө элек даамдарга, деңиз оюн-зоокторуна, жаратылышка кызыксаңыз, анда Фукуок сиз үчүн. Бул жакта турист үчүн эмне бар?
Эң узун деңиз асма жолу
Фукуокто дүйнө жүзүндөгү деңиз үстүнөн жүргөн эң узун асма жолдордун бири жайгашкан. Асма жолдун узундугу – 7,9 чакырымга чейин созулат.
Биосфералык корук
Аралдын жарымынан көбүн жунгли токойлору жана тоолор ээлейт. Ал жакка өз алдынча баруу кооптуу. Ошентсе да ЮНЕСКОнун биосфералык коругуна атайын кызматчылардын коштоосу менен сейилдөөгө шарттар түзүлгөн.
Бермет фермалары
Фукуок эли сыймыктанган берметтерди көрүү үчүн аларды өстүргөн бермет фермаларына барып, өз көзүңүз менен көрүп, жакшы таасир чогултуп келе аласыз.
Балык соусу, татымалдар
Жергиликтүү элдин дагы бир өзгөчөлүгү, экономикасына жакшы салым кошкон продуктылары – бул өзгөчө рецепт менен жасалган балык соусу жана кара мурч. Бул азыктарды башка өлкөдөн таппайсың дешет. Алардын жасалуу жолун көрүү үчүн балык фермаларына, калемпир плантацияларына барууга болот.
Кокос түрмөсү
Аралдын тарыхында орду калган “кокос түрмөсүнүн” айрым бөлүктөрү маданий мурас катары тарыхый музей болуп сакталып калган. Бул музей аскердик жана колониалдык оор мезгил тууралуу эске салып турат.
Тропикалык эс алуу
Ак кумдуу жээктер, көк-жашыл түстүү деңиз суусу... Мунун баары аралда кенен. Андан сырткары сууга байланыштуу көңүл ачуулар, кемелерге түшүп сейилдөө, дайвинг жана башкалар бар.
Үңкүр, шаркыратмалар
Караңгы жерлерден, жарганаттардан коркпойсузбу, анда аралдагы тоо боорунда жайгашкан үңкүрлөргө экскурссиялар бар. Андан сырткары түрдүү бийиктиктеги шаркыратмаларга барып, айрымдарынын алдына туруп “жамандыктардан арылып” жуунуп келсеңиз да болот.
Шаар ичи...
Фукуок Вьетнамдагы алгачкы арал-шаар статусун алган аймак болуп саналат. Шаардын өзүндө түрдүү храмдар, 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, кыжы-кужуга толгон көчө базарлары, дүкөндөр, сиз өмүрү татып көрө элек түрдүү тамак-аш менюсун сунуштаган тамактануучу жайлар жана башкалар бар.
КЕМЧИЛИКТЕРИ
1. Кир. Аралдын деңиз жээктеринде жана жолдордо көптөгөн тиричилик жана курулуш таштандыларын көрүүгө болот. Ири мейманканалардын аймагы гана таза болбосо, жергиликтүү калк таштандыга анчейин маани бербегендей сезилет.
2. Сасык жыт. Көнбөгөн адамга аралдын айрым аймактарында жагымсыз жыттар сезилет.
3. Курт-кумурска, жаныбарлар. Аймакта курт-кумурска, майда жандыктар адамдардын жашоо тиричилигине активдүү “киришет”. Сууда майда планктон, медуза дегендер чагып алышы мүмкүн, ал эми жээкте чымын-чиркей, токойлордо андан өтүп кооптуу жандыктарга кабылуу коркунучу бар. Андыктан аралга эс алууга барууда сөзсүз антигистаминдик жана башка дары-дармектерди ала жүрүңүз, коштоочусу жок жалгыз жүрбөңүз.
4. Чаң, ызы-чуу. Аралда учурда курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Андыктан көчөдө чаң, курулуш техникаларынын ызы-чуусу, жолдордун аң-чөнөгү кенен. Деңиз жээктеринин көпчүлүгү мейманканалардын аймагына карайт. Андыктан тур менен эмес, өз алдынча барам деген туристтер таза жээктерге барууга мүмкүнчүлүк таппай калышы ыктымал.
5. Баасы. Вьетнамдагы башка аралдарга караганда бардык нерсенин баасы кымбат. Кечкисин түнкү клуб, бар дегендерге барууга вариант аз.
6. Ашканасы. Вьетнамга барарда сөзсүз ашканасына даяр болуу керек. Ал жакта сиз жеп көрө элек тамактар, тамылдар берилет. Курт-кумурска, деңиз жандыктары (тирүүлөйү да) сунушталат. Балким, жагып калат...
Асыл Орозбекова