1. Сизден кызыгуусу тараганда...
Мырзаңыз сизге кызыгуусун жоготсо, кылдан кыйкым таап урушчу болот. Анткени көпчүлүк мырзалар айымынын өзүнөн акылдуу болушун каалашпайт. Андыктан айымдар сүйүктүүсүнүн жанында акылдуусуна бербөөсү кажет.
2. Мүнөздөр төп келбегенде...
Сыртынан баары эле жайында көрүнгөнү менен, жок жерден чыр чыга баштайт. Бул эркектер табиятынан лидерликти жакшы көрүп, адатта, кечиримди аялдан күтүшкөнүндө. Сүйүктүүңүз сиз үчүн кымбат болсо, ага жеңишти ыйгарып, баш ийиңиз. Буга көнбөсөңүз, ажырашууга туура келет.
3. Аялзаты өзүн алып жүрүүнү билбегенде...
Мисалы, кыздар элдин көзүнчө оозун ачып эстеп же сөз талашса. Тишин чукуласа, жөнү жок каткырса, анда мырза андай кыздан иренжийт. Андыктан тизгиниңизди тарта жүрүңүз.
4. Келбетиңизге көңүл бурбай калганыңызда...
Кокус сүйгөнүңүз өзүн жакшы карап, тыкан алып жүрө турган бирөөгө жолугуп калса, анда иш чатак. Андыктан кийимиңизге, чач жасалгаңызга көңүл буруп, тыкан жүрүңүз.
5. Сүйүктүүңүз акча үчүн гана мамиле түзгөнүңүздү байкап калса...
Жигитиңиздин мүмкүнчүлүгүнө карабай эле көп нерсени талап кыла берсеңиз, ал бир күнү “буга мен керекминби же акчамбы?” деген ойго малынары чындык.
Демек, бир нерселерди алдыра берүүдө чеги менен болуңуз.
6. Запастагы жигит менен жүрө баштасаңыз...
Жигиттер кечиримдүү болгону менен, кызы көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калса, анда иш ойрон дей бериңиз. Андыктан жети өлчөп, бир кесүү керек. Эки жигит эмес, бирөөсү да жок талаада калбаңыз. Анын үстүнө сезимдер менен ойнобоо керек.
7. Ага турмушка чыгууну ачык айта баштасаңыз...
Жигитиңиздин сизге үйлөнүүгө көңүлү болсо, аны сөзсүз байкайсыз. Өзү деле сөз кылышы мүмкүн. Бирок ал сунуш киргизе электе эле баш кошуу тууралуу сөздү сиз баштасаңыз, ал чочуп, кача баштайт. Ушул себептүү сунушту ал киргизгичекти күтө туруңуз.
“Секс болжол менен эки жылга дейре жакшы, андан ары сүйүү сезими керектелет”. Сари Табор
“Жан дүйнө жакындыгы жок жерде идеалдуу секс болбойт”. Ричард Бах
“Секс мамиле түзүү үчүн колдонулбай, тескерисинче, түзүлгөн мамиленин эң жогорку тепкичи болушу зарыл”. Мэрианн Уильямсон
“Сүйүү бул – физикалык эле эмес, руханий да байланыш”. Селинджер
“Кимдерде жан дүйнө сүйүүсү биринчи планда турса, аларда секс азыраак болот, бирок ошол аз секс көп жыргал тартуулайт”. Лууле Виилма
“Сүйүү тууралуу күнүгө ой жүгүрткүлө. Сүйүү тууралуу ойлорго сугарылган гана жүрөк өсө алат”. Дипак Чопра
“Аягынан бузулуу – сүйүүнүн жетишпестигинен келип чыгат”. Иоанн Златоуст
АЯЛ АРААДАН ДА ЖАКШЫ, АНТКЕНИ...
Кызык экен
БОЁЛГОН ООЗ КЕКЕТҮҮНҮН БЕЛГИСИБИ?
Деги эле аялдын боёлгон оозу эмнени билдирет? Адатта, бул – аялдын сулуу көрүнгүсү келгендиги жана эркекти өзүнө көңүл бурдуруунун амалы. Ал эми алгачкы коомдо бул адат таптакыр башкача мааниге ээ болгон.
Британиялык археологдордун жана окумуштуулардын айтууларына караганда, мындан 70 миң жыл илгери эле аялдар ооздорун боёй башташкан. Болгону, азыркыдай жыты буркураган даяр помаданын ордуна боёк бөлүп чыгаруучу табигый өсүмдүктөрдү колдонушкан. Болгондо да төмөнкүдөй максатта колдонушкан.
Эгерде күйөөсү аң уулоодон куру кол кайтса, эриндерин кызыл боёк менен боёгон. Бул “бүгүн эч кандай интим болбойт” дегенди билдирген.
Эгерде эркек аңчылыктан 2-3 ирет куру кол кайтса, анда аялы эриндерин кара боёк менен боёп чыккан. Бул “сени жоон таяк менен сабайм” дегенди түшүндүргөн. Ошентип, эркек аялынын боёлгон оозуна карап өзүн кандай жаза күтүп турганын билген.
Астра Айдарова
erotika@super.kg