КЕДЕЙ ӨЛКӨНҮН БАЙ КАЗЫНАСЫ ТАБЫЛАБЫ?

“Манас Ордо” тарыхый комплексинде июнь айында башталган археологиялык иштер коомчулуктун назарын өзүнө буруп, аны бир топ эле дүрбөлөңгө салып, ар түрдүү түшүнүксүз ойлорду жаратып койду.

“Кароол Дөбөдөн грузиндер алтын издеп, казуу иштерин жашыруун башташыптыр” деген маалымат эл арасына тарап, “ага ким уруксат берди?” деген суроого жооп издеп жатышканда президенттин айланасындагы чиновниктер бири-биринин айтканына каршы келген билдирүүлөрдү таратып жиберүүгө үлгүрүштү. Президенттин кеңешчиси Болот Шамшиев: “Тарыхый комплексти казууга бийлик эч кандай уруксат берген эмес”,- десе, Президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Чолпонбек Абыкеев бардык иштер президенттик администрациянын уруксаты менен жүрүп жатканын кайра-кайра белгиледи. “Археологиялык иштерди жүргүзүүгө уруксат берген” деген айыптоолордун дээрлик бардыгы Чолпонбек Абыкеев менен Султан Раевге багытталган эле. Ал эми Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун сөзүнө караганда, Кароол Дөбөдөгү байлыкты издөөгө уруксатты Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров өзү бергенин билдирип отурат.
Ошентип, чуру-чуу башталып, “чү” дегенде эле Талас облусунун аттуу-баштуу инсандары: “Көзгө басаар дөөлөттөрүбүздү четинен көр оокатка алмаштырып жексендей берсек, бизди ата-бабаларыбыз да, келечегибиз да кечирбейт. Бүгүн бүтүндөй кыргыздын зыйнатына айланган Кароол Дөбө тыптыйпыл болсо, эртеңки кезек кыргыздын бермети Ысыккөлгө, бүрсүгүнү улутубуздун күзгүлөрү Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелекке, аркы күнү Сулайман тоо менен Буранага жетеби?” деген кайрылууну Кыргызстандын жогорку бийлигине жолдоп жиберишти. Ал ортодо грузин археологдору тынчсыздануунун эч кандай кажети жок экендигин айтышып, алар издеп жаткан кыргыз элинин ырыскысы үчүн катылган Манас атабыздын казынасы экендигин түшүндүрүштү. Казуу иштерин жүргүзүп жаткан грузиндин айтымында, Кароол Дөбөнүн астындагы имарат мындан 3 миң 160 жыл мурда тургузулган. Окумуштуунун пикиринде, аны куруу үчүн 120 миң адам ишке тартылышкан жана дал ушул жерге Манас баатыр өзүнүн байлыгын каткан экен.

«Кароол Дөбөдө катылган казына бар имиш» деген кептер күн өткөн сайын коомчулуктун кызыгуусун туудуруп, ар түркүн ойлорду жаратууда. Ошондон улам андагы археологиялык табылгаларды издөөдө анын жүрүшүнө жана мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүп жүргөн Президенттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Чолпонбек Абыкеевди кепке тарттык...

Чолпонбек Абыкеев:

«Алтын дегенде акылдан
адашып жатышат»

– Чолпонбек Абыкеевич, “Таластагы Кароол Дөбөнү грузиндер келип каза баштады” деген маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып, айрымдардын нааразычылыгын туудурууда. Балким, ал жерди көпчүлүк ыйык деп санагандыгында болуп жүрбөсүн?
Алтын чыгат экен дегенди укканда кээ бирлер тынч уктай алышпай акылдан адашып, чуру-чууга түшүп калышты. Дүйнөдө илимге тоскоолдук жок да. Пирамидадагы фараондордун сөөк­төрүн казып, бүт дүйнөгө көрсөтүп жатышпайбы. Анан «кароолчу турган дөбөнү казба, ал ыйык» деп жатышат. Калп эле патриот болгондор анын эмнеси менен ыйык экенин далилдеп беришсинчи? Чынын айтыш керек, Манас атамды менден ыйык көргөн кыргыз аз. Ушул кезге чейин Жаңы Жылды Манас атамдын күмбөзүнөн тоскон адамды көрө элекмин. Мен болсом 2001-жылдан 2002-жылга өткөн жылды ошол жактан тосконмун. Манас кыргыздар үчүн ыйык болуп эсептелгени менен көпчүлүк чет өлкөлүк адамдар үчүн жомок сыяктуу туюлат. Кудай буюруп, Кароол Дөбөдө имарат менен китепкана эле табылып калса, анда алар Манастын чындык экенине ишенишет. Мен үчүн алтындан да ушулар кымбат болуп жатат.
Археологиялык табылганы издөө­гө мурдагы бийлик 2001-жылы эле уруксат берген экен. Бирок, анын убакыт-сааты чыкпай отуруп, ушул жылы гана башталып отурат. Анткени, казынаны ачууга рухий жактан быйыл гана уруксат берилиптир. Бул жарык дүйнөдө көптөгөн сырдуу нерселердин бар экендигин унутпашыбыз керек.
– Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?
– Кыргыздар илгертеден бери эле аябай дубакөй эл болгондуктан, Манас атабыз имаратка казынасын катып, тумар формасында чийдирип, Алманбетке кытай тилинде күчтүү дуба окуттуруп коюптур. Казууну сунуштап жаткан грузиндин артыкчылыгы ошол дубаны жандырат экен.
– Аны кантип байкадыңыз?
– Кароол Дөбөнү илгери “Каргалардын уюгу” деп аташчу тура. Манас Ордонун башкы директору “Кароол Дөбөгө кеткен жолдон каргалардын богун жууп тажачубуз” деп жатпайбы. Миңдеген каргаларды чачма мылтык менен аттырса да кетпей коюшуптур. Мындан тышкары, Кароол Дөбөнүн ары жагында жылда эле кыжылдаган жыландар тимеле оролушуп жатышчу экен. Таңкалыштуусу, грузин келип, дубасы менен каркылдаган каргаларды башка жакка учуруп, жыландарды кетирип салды.
– Казынаны издөөгө каршы чыккандардын айтымында, “Амина Мунди” академиясынын президентинин түшүнө Манас атабыз кирип: “Кыргыз элим кыйналып турганда мен каткан мурасты алып чык”,- деп аян берген имиш. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Мунун баары канаты жок учурулган “өрдөктөр”. Казынаны издөө демилгесин көтөрүп жүргөн грузин көчөдөн келип калган адамдардан эмес. Ал 18 жылдан бери Кыргызстанга келип, “Манас Ордодогу” Кароол Дөбөнү изилдеп-иликтеп, казынанын бар экендигине көзү жетип, керектүү далилдерди чогулткан соң гана аталган ишке киришип жатат. Ватикандагы чоң китепканада алтын дисктер бар экен. Грузиндер Кароол Дөбөдөгү кыргыз элинин мурасы бар экендигин ошол дисктен окуп, билип келишиптир.
– Кыргыздар өздөрү барып ошол дисктен окуп келсе болбойт беле?
– Алтын дисктерди окууга дүйнөдө 7 гана рухий академиктин укугу бар экен. Алардын бири болуп “Амина Мунди” аттуу дүйнөлүк рухий академиянын президенти Рони Гогисванидзе эсептелет экен.
– Таластагы айрым адамдар “тоо бузулат, алтындан уулуу заттар бөлүнүп чыгат” деп чочулашууда. Анын элге зыяны тиет деп коркпойсуздарбы?
– Грузиндер айтып жаткан кен эмес, иштетилген таза алтындар. Анын карапайым калкка эч кандай залакасы тийбейт. Азыркы казылган жер Кароол Дөбөнүн ичинде жайгашкан имаратка кетүүчү коридор болуп гана саналат. Айрымдар айтып жаткандай, Кароол Дөбөгө көмүлгөн зор имарат пирамида формасында эмес, боз үй түрүндө экен.
– “Эгер алтын табылып калса, грузиндер анын кандайдыр бир бөлүгүн мекенине алып кетишет экен” деп чочулап жатышат. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
– Эгер казына табылып калса, келишим боюнча грузиндер анын баарын төкпөй-чачпай өкмөткө өткөрүп беришет. Өкмөт болсо атайын улуттук комиссия түзүп, казынаны тапкандарга сыйлыкты кааласа берип, каалабаса бербей да коё алат. Грузиндер үчүн Кароол Дөбөнүн ичинде бир нерсе табылса, ачуучу деген наамга ээ болушса эле болду. Себеби, адам баласы акча менен тарыхта кала албайт. Ушул наамдын өзү алар үчүн баа жеткис байлык болуп эсептелет. Бирок, дүйнөдөгү мыйзамга ылайык, ачуучулар табылганын 5 же 10 пайызын алууга тийиш экен. Аны дагы зергер буюмдар менен эмес, акчалай гана түрүндө ала алышат. “Алтын же бриллиант табылып калса, алардын бир бүдүрүн жутуп алып, билинбей кетип калам” дегендерге такыр жол берилбейт. Ошол жерде иштегендерди чечинтип, дырдай жылаңач кылып компьютер менен текшеребиз. Кокус жутуп алганы далилденсе, атайын даярдалган дарыны ичирип, ичин өткөрүп алтынды же бриллиантты алып алабыз да, өзүн темир тордун артына айдайбыз.
– Жогору жакта отурган бийлик өкүлдөрү табылган казынаны эл кызыкчылыгын чечүүгө жумшабастан, чет өлкөлүк банктарга кайрадан казынадай кылып катып койбойт деп ким кепилдик бере алат?
– “Ошол казынадан бир бүдүр алтын алгандарга Манас атабыздын дубасы тийип, тукум курут болуп калышы толук мүмкүн”,- дешет грузин археологдору. Бул жерден табылган алтындар бүт бойдон элдин пайдасына жумшалышы керек. Мамлекет башчыларынын бирөө алтынды жеке кызыкчылыгына жумшап койсо, анда Алманбеттин дубасын чечкен археологго, мамлекет башчысына жана мага зыяны тийип, жабыр тартып калышыбыз ыктымал.
– Имараттын бар же жоктугу тууралуу айыл аксакалдарынан сурап көрдүңүздөрбү?
– Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөн учурда бир топ айыл аксакалдары менен баарлаштым. Бул дөбөгө байланышкан түрдүү уламыштар эл арасын аралап жүрөт экен. Айрым аксакалдар: “Бул дөбөдө чуңкурлар көп болчу. Кичинекейибизде ошол чуңкурларга таш ыргытып ойночубуз. Алды негедир “дүңгүр-дүңгүр” деп турчу. Тоонун алды бош экенин билчүбүз. Кийин жылан чыгат деп ал тешиктерди толтуруп салганбыз”,- дешүүдө. Демек, бул да болсо ата бабабыздан калган мурастын бар экендигинен кабар берет.
– Египеттеги пирамиданы ачканда ичинен ар кандай курттар чыкты эле. Биздикинде андай болбойбу?
– “Бардык эле алтын менен бриллианттарды жыландардын уюгу, кара курттар, скорпиондор кайтарышат” деп айтылат. Эми анын бар же жок экендигин ачканда көрөбүз да.
– Эми жергиликтүү эл ишиңерди улантууга уруксат береби?
– Эл кайрадан туура түшүнүп, колдоп-коштоп жатышат. Себеби, эгер казына эмес, жанагы биз сөз кылып жаткан 3 миң жылдык тарыхы бар имарат эле табылып калса, туристтер Таласка агылып келе башташат. 2500 жылдык тарыхы бар Египеттеги пирамидаларды көрүү үчүн жылына 17 миллионго чукул туристтер барат экен. Бизге 3 миллион адам эле келип, 300 доллардан таштап кетип турса, Талас облусу 500 миллион доллардай таза киреше таап турмак. Мунун эмнеси жаман? Ал эми саясий упай топтоп, бирөөлөрдүн көрсөт­мөлөрүн аткарып жаткан өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүн өзүңөр көрүп жатасыңар. Дубал көрүнүп калганда ишти токтотуп койгон туура эмес. «Иш башталып, анын ичинде казына бар экен» деген сөз эл арасын аралап кетти. Эми аны ачып, ичинде бир нерсе бар же жок экенин элге сөзсүз түрдө көргөзүш керек. Эмесе, башкалар өз алдынча ачканга аракет кылышат. Муну аягына чыгаргандан башка жол жок.

Суроо салган Улан МАМБЕТОВ


КАРООЛ ДӨБӨДӨГҮ ИШ-АРАКЕТТЕРГЕ ОЮҢУЗ КАНДАЙ?

Уркаш МАМБЕТАЛИЕВ, манасчы:

– Эми Кароол Дөбөдө алтын бар экенине көп ишене бербей эки анжы ойдо турам. Себеби, улуу манасчылар Саякбай Каралаевдин да, Сагынбай Орозбаковдун да айткан варианттарында катылган казына тууралуу сөз бар. Тагыраак айтканда, анда:

“Колу кыска бир болуп,
Малсыз болуп калат деп,
Кармашкан душман чачтан көп,
Алсыз болуп калат деп.
Кайыпчынын Караүңкүрүнүн,
Ооз жагын ойдуруп,
Жалгыз киши баткандай,
Ары жак жагын кеңейтип,
Короолу кой жаткандай...”- деп айтылат.
Мындан тышкары, Эр Манас каза болуп, анын уулу Семетей Букардагы таятасынын колунда чоңоюп, 12 жашында апасы Каныкей менен Таласка кайтып келет. Мына ошондо Каныкей Семетейге кайрылып: “Ой, балам, Бакай атаңа барсаң, Манас атаңдын казынасынын кайда катылганын айтып бериши мүмкүн”,- дегени бар. Эпосто айтылган Караүңкүрдүн Кароол Дөбөдө же дагы башка жерде экендигин эч ким билбейт. Катылган казына табылып калса, кыйналып турган элге жакшы болмок. Бирок, аны издеп жатышкандар казынаны издөөдө этият болуулары зарыл. Себеби, илгери “Манастын күмбөзүндөгү кирпичтерди алып, меш кылабыз” дегендердин колдору шал болуп калган экен.

Касым ЧАРГЫНОВ, Кыргызстан Ассамблеясынын экс-төрагасы:

– Эми мындай ишти баштаардан мурда элге кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө болмок. Кароол Дөбөнүн ортосун казуу менен Манас атабызга шек келтирип, элдин рухий ишенимине доо кетирип жатпайбызбы. Себеби, Кароол Дөбөнүн жанында Манастын 9-атасы Кара хандын, олуялардын сөөктөрү көмүлүп жатат. Манас кыргыздын идеологиялык куралы экендигин унутпашыбыз керек. 8-август күнү “Манас Ордого” чогулуп, ак боз бээни союп, Манас атабызга куран окутуп, түлөө өткөрдүк.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА