Эки аптадан бери коалициянын тагдыры чечилбей ара жолдо турат. Парламенттик көпчүлүктүн курамынан чыгуу демилгесин депутат Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журттун” 19 эл өкүлү көтөрүп чыгышкан. Мындан улам биз маегибиздин каарманына жолугуп, коалициянын иштери, жакынкы пландар жана Камчыбек мырзанын ден соолугу жөнүндө кеп курдук.
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясынын лидери.
1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Томск политехникалык университетинин химия-технология факультетин, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, юристтик кесипке ээ болгон.
2005-2007-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин депутаты,
2007-2009-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.
Үй-бүлөлүү. 3 уул жана 1 кыздын атасы.
– Камчыбек мырза, акыркы күндөрү бирөө сизди «ууланып калыптыр» десе, экинчиси «катуу ооруп калыптыр» дейт. Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Ооба, түрдүү кептер чыгып кетти. Көрүп турганыңардай, өткөн аптада ооруп калганымдан улам дарылануудамын. Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Ал эми оорунун тарыхына токтолбой эле коёюн, анткени ал менин жеке жашоом деп эсептейм. “Ичип кетиптир” дегендери болбогон сөз, менин ичпесимди миңдеген адам билет.
– Акыркы кабарларга караганда, коалицияны сактап калууну чечипсиздер. Буга эмне негиз болду?
– Эң оболу, коалициянын ыдырап кетүү коркунучу пайда болгонуна токтолсок, парламенттик көпчүлүктүн мүчөлөрү акыркы үч айда бир да жыйын өткөргөн жок. Коалиция бул аралыкта иштебеди. Анан өзүбүзчө эле саясат жүргүзгөнүбүздүн эмне пайдасы бар? Муну элге ачык айтууга мажбурбуз. Экинчиден, коалициянын макулдашуусу эки барак кагазда болгону менен, аны кээ бир депутаттар да билбейт. Биздин эмне үчүн иштеп жатканыбыз белгисиз. Мамлекетибизде 4-5 саясатчы отуруп алып, бийликти бөлүштүрүп жатканын токтотуу зарыл. Анткени акыркы күндөрү канчалаган дүрбөлөңдү жараткан окуялар ачыкка чыгып кетти. Ал эле эмес, башкы прокурор Кубатбек Байболов вице-премьер Өмүрбек Бабановду “рейдерлик кылган, каржы тармагына кийлигишкен” деп күнөөлөдү. Мындай билдирүүлөргө коалиция кантип көз жумуп коё алат? Ошондуктан биздин 10 талапты коалиция аткарышы абзел. Эгерде жок дешсе, коалициянын курамынан чыгып кетүү – бир күндүк иш. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менин кабинетиме келип, “убакыт бергиле” деп суранганынан улам токтоп калдык.
– Канча убакыт берилди?
– Бул бир жума же он беш күн болушу мүмкүн. Анткени коалициянын тагдыры дале күн тартибинде турат. Спикер түзгөн жумушчу топтун, прокуратуранын жана 10 талаптын жообун алгандан кийин коалицияда калуу же калбоо боюнча фракцияда добуш беребиз. Себеби биздин чечим кимдир бирөөгө зыянын тийгизбесин. “Коалиция урабайт” деген сөздү айтууга эрте. Анткени биз “коалицияда калдык” деген сөздү айта элекпиз.
– Лидер катары айтсаңыз, “Ата Журт” ичинен ыдырап, жарака кеткени чынбы?
– Эч кандай жарака жок. Чечим кабыл алсак, ал баары үчүн бирдей. Эгерде баш ийбесе, демек, аны тартип бузгандык деп эсептейбиз. Алсак, депутат Нурлан Сулайманов фракциянын чечимине карабастан, бир басылмага “коалиция тарабайт” деп айтыптыр. Андыктан мен ага “арызыңды жазып, депутаттык мандатыңды тапшыр” дедим. Анткени жетекчи катары тартип бузууларга жол бербейм. Бирок Нурлан Сулайманов соңку фракциялык жыйынга качып келбей койду.
– Президенттик шайлоого карата “Ата Журттун” даярдыгы кандай?
– Биздин партия “сөзсүз президенттик шайлоого катышабыз” деп чечкен. Буюрса, эл-журтубуз колдосо, биздин талапкер ал шайлоодо президент болуп шайланат. Жогоруда айтылган талаптардын ичинде шайлоо жарыяланган соң өкмөт башчы 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсү зарыл дедик. Анткени шайлоо эч кандай административдик күчтүн кийлигишүүсү жок, баары үчүн тең өтүшү керек.
Ошол эле учурда буга байланыштуу тымызын ишти баштагандар болуп жатат. Мисалы, жергиликтүү басылмалардын бири (анын кожоюну бирде Атамбаев, бирде Бабанов деп жүрүшөт) өзүнүн макаласында Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана мени “ажыдаар” деп атап, ал эми Өмүрбек Бабановду “ажыдаарлардын баштарын кыя чапкан баатыр” деген өңүттө жазыптыр. Бирок мен ошол өзүн баатыр сезген адамды жана аны жазган журналистти келемиш деп атайм. Анткени алар адамдын кадыр-баркына жана сый-урматына шек келтиришүүдө. Мени айтты дейсиңер, бир күнү жамандык жасап, ырахат алгандар көчөдө калышат. Мен аларга жооп деле кылбайм, анткени Кудай өзү жазалаарына ишенем.
– Өткөн аптада Жалал-Абад облусунда жүрүп келиптирсиз. Апрель окуясына деле бир жылга жакындап калды. Бул дубандын эли жолугушуу учурунда сизге кандай талапты коюшту?
– Эл үчүн былтыркы жылдын бийлик алмашуусу же Апрель окуясы чоң трагедия эмес. Жалал-Абад облусунун тургундары жана бүтүндөй Кыргызстан үчүн эң чоң трагедия – июнь айындагы улуттар аралык кагылышуу. Карапайым калктын бүгүнкү күнгө чейин коюп келген талабы да ушул. Июнь окуясына катышы бар адамдардын жаза алуусун сурап жатышат.
– Өзүңүз да бул окуянын жүрүшүндө эл аралап жүргөнүңүз белгилүү...
– Ооба. Азыр ушул окуядан да кыйкым издегендер көп. Азыркыга дейре Сузактын Санпа окуясында жоголуп кеткен нарындык жигиттин дайыны белгисиз. Адамдын кайда кеткенин билишпесе, эл да чындыкты издегиси келет. Мен бир жагдайды айта өтөйүн. Аны тарых билбейт жана көпчүлүгү мындан кабарсыз. Санпада уруш болуп жатканын угарым менен өзүм машина менен ошол жакка жөнөдүм. “Өлтүрүп коюшат” дешти, бирок бүгүн темир тор артында отургандар менен ошол окуяда жолуктум. Аларга “муну токтоткула” деген талапты койдум жана алар мени угушкан. Тилекке каршы, мен барганга чейин эле көп жамандыктар болуп кетиптир. Мунун баары, албетте, Июнь окуясын баштагандарды териштирип, кийин аларды тийиштүү жоопкерчиликке тартууга түртөт. Эл мага “чыркыраган чындыкты чыгаргыла” деди.
– Кызматта жүргөн адамдар балдарынын өсүп, эр жеткенин да байкабай калышат. Сизде да ушундай болсо керек?
– Ооба. Улуу кызымды турмушка узаткам. Балдар мага окшоп кыйын турмуш көрүшкөн жок да. Барчылыкта өскөн балдарга колуң тийбей, көңүл бөлө албасаң, жаман адаттарга, пайдасы жок чөйрөлөргө бат азгырылышат. Иш менен алаксып жүрүп эки уулумдун кандай чоңоюп, мүнөзү өзгөргөнүн да баамдабай калыптырмын. Кенже уулум азырынча кичинекей.
– “Бир көрүп, биротоло сүйүп...” деп калышат эмеспи. Сиз ишенесизби мындай сезимдерге?
– Акыркы жылдары сезимдерди ойлоого убактым жок жүрөм. Биздин сүйүү жыл өткөн сайын эмоциядан башка бир этапка же балдарыбызга өтүп, аялың менен бир туугандай болуп калат окшойсуң. Анан ошондой жылуу-жумшак уяны бузуп, сенин кыйынчылыгыңды бирге көргөн адамдын башын аттап башканы сүйүп, азгырылып кетүү өтө катаал, туура эмес жорук, менимче. Чынында, экинчи, үчүнчү аял алып жаткандар бар. Эми бул тагдырдын буйругу дечи, ошентсе да, менимче, алар үй-бүлөсүн, балдарын, жакындарын сүйүшпөйт. Ошол үчүн башка жактан сүйүү издешет. Андай адамдарды ириде өз үй-бүлөсү, бала-чакасы сыйлабайт, жактырбайт. Менде андай жок. Кудай буюрган үй-бүлөм, жубайым, балдар менен эле аман болсок деген тилегим бар.
– Эмнеден рахат аласыз?
– Баштаган ишимдин жыйынтыгын көрүүдөн, жардамга муктаж болгондорго колдон келген көмөгүмдү берүүдөн ырахат алам. 15 жылдан бери жыл сайын 8-Мартта 300гө жакын Баатыр энелерди чогултуп, куттуктап, жакшы майрам өткөрүп берип жүрөм. Энелердин батасын алгандан өткөн жакшылык барбы? Дагы бир жыргалымды айтсам, чарчап-чаалыгып, маанай бузулган кездерде эркетай уулум менен алышып, күрөшүп бир ойноп алсам жеңилдеп, жанагы көр пенделик кыйынчылыктар унутулуп калат. Уулум да дайыма “качан бошойсуз, качан ойнойбуз?” деп күтүп жүрөт.
Эльвира Караева
koom@super.kg