СОЙКУНУН ӨЛҮМҮ

Жигит артынан жабылган түрмөнүн темир дарбазасын карап оор улутунду. Каргашалуу окуядан кутулуп чыкканы менен жү­рөгү ачышып турганын сезди. «Кечир! Бул жашоого келген бир аялуу жан элең. Бирок, сени тебелеп-тепсеп, ушул ишке кириптер кылдык. Буга мен да күнөө­лүүмүн. Кечир! Эми баары бир кеч...» Ушул сөздөр менен жигит артына бурулду. Ошентсе да кыздын мөлтүр элеси аны өмүр бою ээрчип алаарын түшүнүп турду.

Күнөөсүз күнөөлүү

“Мен күнөөлүү эмесмин!” Ушул сөздөн башка эч нерсени айтпай көгөргөн Тынчтык тергөөчүнү тажатып бүттү. Дегеле мындай көжөлгөн адам менен өмүрүндө иш алышып көрбөгөн. Бир чекитти тиктеп коюп отурган жигитти карап жиндене кыйкырып алды:
– Эй, сен түшүнсөң, менин да, өзүңдүн да колуңду байлап жатасың. Күнөөңдү моюнуңа албасаң болбойт.
– Айланайын байке, сиз дагы мени түшүнсөңүз боло. Мен аны өлтүргөн эмесмин. Кантип кылбаган нерсемди кылдым деп айтам? Андан көрө өлүп калганым артык эмеспи.
– Тигил өлгөн кыздын жанында сенден башка эч ким болбосо, бычакта сенин манжаларыңдын изи турса, ал кыз менен түндү сен өткөрсөң, анан ким күнөөлүү?
– Айтып жатам го, мени уктатып коюшуптур. Мен эч нерсени билбейм. Ишенсеңиз, мен ал кызга колумду да тийгизбейт болчумун. Ал деген... ал...
– Мына кызык, сен: “Аны тааныбайм. Ошол күнү эле бир таанышым аркылуу бир түнгө сатып алгам”,- деп жатпадың беле?!
Тынчтыктын башы шылк эте мукактана түштү.
– Мен... мен алгач калп айтууга мажбур болгом.
– Эмне себептен?
– Корктум. Күнөөсүз жерден күнөөлүү болуп калбайын деген ой менен тааныбайм дегем. Бирок, ишенип коюңуз, мен ага кол тийгизбейт болчумун.
Тергөөчү Исак Чырмашов алдында турган боз уланды баам сала тиктеп калды. Көп жылдык иш тажрыйбасынан улам ички туюмуна ишенип көнүп калган. Бул жолу да алдында отурган оозунан эне сүтү кете элек жигиттин күнөөсүздүгүнө негедир ишенип турду. Бирок, ички туюм деген ички туюм, ал эми далил деген далил эмеспи.
– Демек, өлтүрүлгөн сойку кыз менен сен тааныш экениңди моюнуңа алат экенсиң да?
– Ооба, тааныш болчубуз. Бир айылда жашап, бир мектепти бүткөнбүз. Ал эмес... биз... биз деген...- жигит капысынан башын кучактай калып өксүп жиберди. – Мен анын өлүмүнө күнөөлүү эмесмин. Бирок, мен башка нерсеге күнөөлүүмүн.
– Ай, ай, Тынчтык, минткениң жарабайт. Сендей жигиттер анча- мынчага туруштук бериш керек.
Тергөөчү алдында колу адам канына булганган адам эмес, өзүнүн бир тууганы тургандай аяп кетти. Алтургай: “Бар, бүгүнкү ишибиз бүттү. Эртең улантабыз”,- деп жибергенин да сезбей калды. “Чын эле бул күнөөлүү эмес. Кимдир бирөөнүн пайдаланып кеткени билинип турат”,- деди оюнда.

Эскерүү

Караңгылык өкүм сүргөн тар камерада уктай албай толгонгон Тынчтыктын көз алдына өткөн күндөрү тизмектелип жатты...
Мына, башына эки ак бантик тагынган, көздөрү күлүңдөп, айланага жадырай караган жөнөкөй айылдык кыз. Экөөнүн ортосундагы сезим тээ бала чагынан эле башталган. Айжанга тийишкен балдардын сазайын колуна берип, карап эле койгонуна кыргыйдай тийчү. Ошондон уламбы, Айжанды Тынчтыктын энчисиндей көрүп, эч ким сөз айта алчу эмес. Экөөнүн кооз дүйнөсүнө башбаккан, аны талкалаган Тынчтыктын өз ата-энеси болду. Апасы: “Жетим кызды эмне кыласың? Энесинин жапырайган тамына кантип кирем да, кантип жалгыз кудагыйым деп чай ичем? Айланайын балам, мен десең ошол кыздан оолак бол”,- деп отурса-турса какшай берчү. Айрыкча бул сөз экөө орто мектепти бүтүп калганда көп козголчу болду. Жалгыз бала болгондуктан, Тынчтыктын айылда калаары белгилүү эле. Ал эми Айжандын тагдырынын тараза ташы кайда оосо ошол жакка кетмек. Жаштыгынанбы же чечкинсиздигиненби, Тынчтык ата-энесинин айтканынан чыга алган жок.
– Демек, апаңдын айтканынан чыга албайт экенсиң да?- Айжандын ачуулуу үнү азыр да кулагына жаңыргансып турду.
– Ошондой болуп калды,- Тынчтыктын башы ого бетер шылкыйды.
– Кош бол анда. Мен да тагдырымдын башыма салганын көрөм.
Ушинтип чыйрыга сүйлөгөн Айжан ордунан чечкиндүү туруп басып кеткен эле. Ушинтип ажырашкан экөө. Айылдагы уу-дуу кептерден улам Айжан көпкө айылда тура албады. Анын үстүнө, сыркоолоп жүргөн апасы ошол жазда кайтыш болуп, кыздын бул жашоодо медер туткан эч кимиси калбады. Ээн тамда жалгыз каңгыраган жаны жалгыздыктан жапа чектиби, апасынын кыркын өткөрүп коюп, жалгыз чемоданын көтөрүп, шаарга бакыт издеп бет алган эле.
Айжан айылдан кеткен соң Тынчтык биротоло аңгырады да калды. Кыздын жанына жакын барып сүйлөшпөсө да, алыстан көрүп демөөр кылып жүрчү экен. Ал кеткенден кийин эч унута албай койду. Канчалык башка адамга алаксыйын деген менен эч майнап чыккан жок. Ошентип, Айжанды издеп шаарга келген эле. Бирок, минтип анын өлүмүнө күнөөлөнүп, ара жолдо калаарын эч ойлогон эмес.

Каргашалуу жолугушуу

Ай, Тынчтык, сен кайдан жүрөсүң?
Артынан шакылдаган тааныш үн кулагына шак эте артына бурулган Тынчтык айылдашы Гуляны көрө салды.
– Аа, кандайсың? Сен бул жакта белең?
Айылдаш катары ал-жай сурашкан экөө базардан чыгып обочороок туруп калышты.
– Деги апасынын баласы айылдан чыкчу эмес эле. Кайсыл шамал айдап бул жакка келип калдың?- деди шаңкылдаган Гуля.
– Жөн-жай эле- деп кысыла күлгөн Тынчтык Гулянын мындай өзгөрүп кеткенине таңкалып тиктей берди. Чолок юбка кийген, капкара чачты сарыга боёп, балжырата боёнгон Гуля азыр таптакыр башкача эле. “Тобо-о, шаар муну ушунча өзгөрткөн экен. Айылдагылардын бузулуп кетиптир деп жүрүшкөнү чын го...”- деген ой келе калды. Кетип калайын десе колдон тартып тигил болбойт.
– Эмне, ойлонуп? Айылдыктар бай келишчү эле, жок дегенде кафеге чакырып койсоң боло...
Ансайын жигиттин кырына чыккан Гуля ой-боюна койбой кафеге сүйрөп барды. Тамак заказ берип, ууртап-татып отурушуп, Тынчтыктын эмне себеп менен келгенин да билип алды.
– Айжанды издеп келген элем,- деди жаш баладай оор улутунган ал.
– Кеп бул жакта жаткан турбайбы. Ии, аны эми эмне кыласың?
– Бир кезде жаңылып колдон чыгарып жиберген экенмин. Эми Айжан макул болсо, апамдын көңүлүнө карабай баарын башынан баштайлы дейин дегем.
– Эмне, андан башка кыз жок калыптырбы айылда?- Гуля чекесин тырыштыра жактырбай сүйлөдү.
– Кыз көп, бирок, Айжандайды таппадым.
Тынчтыкты тиктей берген Гуля мыскылдай күлдү.
– Кызык, ал эмне болгонун билбейсиңби? Же сага баарыбирби?
– Эмне болду эле? Сен дайынын билесиңби?
– Билбей анан...
– Кайда ал?- азыр эле таба койчудай болгон Тынчтык өрөпкүп ордунан тура калды.
– Отур, өрөпкүбөй. Аның деген көчөдө калган.
– Эмне?
– Ошол. Денесин сатып көчөдө турган кадимки сойку ал!
Моюнуна ысык шорпо төгүлгөнсүп отуруп калды жигит. Көпкө отурду. Бир кезде тунарган көзүн көтөрүп Гуляга карады.
– Чын айтасыңбы?
– Чын айтпаганда. Эмне, дагы деле көргүң барбы аныңды?
Башын жулка көтөргөн Тынчтык Гуляга тике карады.
– Ооба, аны көрмөйүнчө кетпейм. Суранам сенден, ага жолуктур.
Жигит суранып жатып Гуляны макул кылды. Айжанга барганда эмне кылаарын, эмне деп сүйлөөрүн деле билген жок. Тек гана көзүнө бир тигилип алгысы келип турду. Ошентип, каргашаны көздөй өзү бара жатканын билбей, шыпылдаган Гулянын жетегинде кете берди.

Өлүм

Каш карайганда кандайдыр бир үйгө келип киришти.
– Келдикпи?
– Келдик, сен ушундай туруп тур. Балким, ал жалгыз эмес.
Тынчтыктын денеси жыйрыла түштү. Ушул жерден түкүрүп туруп басып кеткиси келип турса да, кандайдыр бир күч колу-бутун байлап койгондой тура берди. “Бир эле жолу көрүп... анан...”
– Кир, кире бер.
Артка кылчайганга убакыт да жок эле. Бөлмөгө шарт кирип келген Тынчтыкты көргөн Айжан кирпидей жыйрыла түштү.
– Сенби? Сен белең?
– Айжан...
Экөө көпкө бири-биринен көздөрүн албай турушту. Акыры Айжан акырын үн катты.
– Күнөөлөгүң келип турабы?
– Жок.
– Сен эмес, өзүмдү-өзүм кечире албай келем.
– Айжан, кантип ушуга дитиң барды? Сен... сен башкача элең го?!
– Капканга капысына чалынып калдым. Баарына Гуля күнөөлүү.
– Гулябы?
– Ал мурунтан эле ушул иште иштечү тура. Мен аны билбегем. Алдап келип бирөөнүн коюнуна салып берди. Шаарга жаңы келсем, мындай ишке кириптер болуп турсам же бир жакын адамым жок. Эмне кылаарымды билбей көнүп бердим. Канча сыздасам да, ыйласам да мындан башка чара жок эле.
– Ыйлаба, ыйлабачы...
Жигит солкулдап ыйлап турган кызга жалооруй карады.

Кызганычтын айынан...

Кайрадан тергөөчүнүн кабинетинде отурушту. Болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берген жигит жеңилдене түштү.
– Гуля, ошол кечте Гуля келген. Арак алып келген. Үчөөбүз отуруп ичкенбиз. Анан эсимде эч нерсе жок.
– Жакшылап эстечи?!
– Чын, байке, эртең менен турсам эле Айжан канга бөлөнүп жанымда жатыптыр. Ал эми Гуля кайда кеткенин билбейм. Ордумдан тургузбай эле милиция кызматкерлери келип калышып...
– Гуля менен Айжан чатакташкан жок беле?
– Билбейм.
– Демек, ошол аялдан учугун таба алат экенбиз да. Болуптур, сен бара бер...
Исак ойлуу отуруп калды. Ошол эле күнү Гуляны таап келишти. Алгач ажылдап сүйлөнүп, ээ-жаа бербей жаткан аял акыры тергөөчүнүн кысмагында бардыгын айтып берди. Көрсө, иш мындай болгон экен... Айылдаш катары жардам берген адам болуп Айжанды сойкулукка үйрөткөн Гуля кызды үйүнө жашатып жүрөт. Бул учурда Гулянын үйүнө келип жүрчү анын көңүлдөшү кызга көзү түшүп калат. Бардыгы кызганычтан чыккан экен.
– Аялмын да, аялмын. Мен аны канча жылдан бери багып келдим. Ал үчүн базарда да иштедим. Сутенёр да болдум. Эмне айтса баарын кылчумун. Бирок, кийинки кездерде анын мамилеси бузулуп калганын байкадым. Баарына тигил шуркуя күнөөлүү болчу. Сулуу жүзүнө чиренип...
– Анан анын көзүн тазалоону ойлодуңуз...
– Антпесем тигил менин дөбөтүм андан ажырабай калбадыбы. Канча айттым, болбоду. Акыры өлтүрүп эле кутулууну ойлодум. Антип жүргөндө Тынчтык колго тийип калды.
Гуля көзүн жумуп ошол кечти элестетип жиберди. Аракка уйкунун дарысын салып, экөөнү тең уктатып, бир аздан соң кайра кирди. Мына, уйкуда мемиреген кыздын жүзү. Жигиттен обочороок жерде жатыптыр. Кызганычтан көкүрөгү ачышып турган жаны кантип аш бычакка колу жетип, кантип уктап жаткан кыздын көкүрөгүнө шилтей бергенин билбейт. Кыздан дым чыкпай калганча бычак менен ура берди.
– Мына сага! Мына! Сулуулугуңа гана чиренесиң, ээ!
Анан шолоктогон аял бычакты Тынчтыктын колуна кармата салып эшикке чуркап чыкты. Азыр тергөөчүнүн алдында ошонун баарын айтып берген аял башын көтөрө берди.
– Мына, мен болгон чындыкты айттым.
– Демек, баарын моюнуңузга алат экенсиз да?
– Ооба, жигитти коё бергиле. Анда күнөө жок. Өз күнөөмдөн баарыбир качып кутула албайт экенмин.
Телмирген аялдын акыркы сөзү ушул болду.

Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчүсү: Уларбек Атайбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА