САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Адилет Бермет менен коштошуп, көйнөктү көтөргөн бойдон барып апасына карматты.
– Апа, бул Берметтин апасынын көйнөгү. Кыскартыш керек экен. Белгилеп коюптур кыскарта турган жерин...
– Ой, кайненеңдин көйнөгү­нүн узунун билбей калыптырмынбы? Бир айда беш-алты көйнөк оңдотот эмеспи.
Жылмайып алган Адилет колундагы кагазды апасына сунду.
– Апа, мынакей. Бул жерде кимге канча акча карызбыз баары жазылган. Келгендердин акчасын берип, “мынча сом алдым. Башка доом жок” дедиртип тил кат жаздырып аласыз. Шайыр энемди жаныңызга чакырып алыңыз, күбө кылып... Акчаларды атам мылтык сактаган сейфке салыңыз. 50 миң сомун мурдагыдай кылып ишеничтүү адамдарга процентке карызга бересиз. Үйдөгү тамак-аштын акчасы чыгып турат. 20 миң сомун мен алайын.
– Сен 25 миң сомун ала бер. Кенен жетсин.
Адилет апасына макул болбой, карындаштарына деп 5 миң сом калтырды. Сүйлөшүп, диванга чалкалап жата кетти. Байкаса, күндө ызы-чуу болуп базарга айланчу үй негедир ал күнү тыптынч. Адилет адатынча Бурулайды чакырды.
– Эмне баарыңда эле маанай жок?
– Билип туруп эле сурай бересиз, ээ? Сиздин кетери­ңизге капа болуп, эч ким сүйлөшкүсү келбей жатат.
– Анда бул жакка баарын чогултчу. Чогулуш өткөрөлү.
Жөжөдөй тизилген карындаштарынын баарынын кабактары салыңкы.
– Алтындарым, не болду силерге? Ким таарынтты силерди? Айткылачы, өзүм сүйлөшүп коёюн ошолор менен.
– Биз эч кимге таарынган жок­пуз. Сиздин кетип жатка­ныңызга маанайыбыз чөгүп жатат. Айрыкча Алтынайга жаман болду. Сизге ишенип, балдар менен мушташа берчү. Эми эмне болот болду экен, байкуш?- деди Барчынай бырс күлүп. Анын артынан баары коштоп каткырык салышты. Азыр эле томсоруп турган үй бапырай түштү.
Эртеси Адилет катуу уйкудан түшкө жакын ойгонду. Адатынча сайдагы сууга түшүп, жуунуп болуп курсагын тойгузду да, Элмырзанын үйүнө жөнөдү. Андан Орусиядагы шериктеринин телефон номурун алып келе жатып, Берметти көрө калды.
– Сага номурду берейин деп келдим. Мен жеткенден кийин ылдый барып чаласың да. Самат деген балага “Ширинбекти айтып кой” деп чакырасың, макулбу? Тилеген акенин баласынын күбөлүгү менен баратам.
– Түшүндүм. Жакшы бар анда, бул жерде мени кыйнап көп турбачы.
Адилетти кучактап катуу өптү да, артын карабай чуркаган боюнча үйүнө кирип кетти. Ошентип, жолго чыкчу да убакыт келди. Жакын адамдары жылмаюу аралаш көз жаш менен узатып калышты. Машина менен ылдый баратып жолдон ойноп жүргөн Бурулайды көрүп калды. Таксини токтотуп, карындашы менен коштошмокчу болду. Анын кетип бара жатканын көргөн Бурулай акесин кучактап калды. Көзүнөн жашы агылып:
– Аке, кетпечи?! Кетпечи, аке?! Мен сени сагынам да! Кетпей эле койчу?!- деп буркурап ыйлап жатты. Басылар, агасын коё берер ою жок. Адилет айдоочуга “Жылдыз аке, карындашымды үйгө жеткирип коёлучу. Бул жерге калтырып кете албайм” деп Бурулайды машинага салып алып үйүнө барышты. Жолдо баратып кайра-кайра “кетпечи, аке?!” деп жалынат. Үйгө кирип, карындашын апасына кармата салып эле кайра машинага чуркап чыгып зуу коюшту.
Ашуу ашып, түн жамына Бишкек шаарына кирип келишти. Тааныштары аркылуу брондоп койгон билеттерин алып, “поезддин жөнөшүнө 4 саат бар экен, кайда барсак?” деп баш катырып калышты. Сумкаларын жүк сактоочу жайга коюшуп, шаар аралап келишмей болду. Борбор шаарга биринчи келгендиктен, Адилет айлананы карап, көзү тойбой жатты. Элмырза акесинин жанынан бир карыш чыкпай жүрүп шаар аралап болушту. Көптөн күткөн поезд жөнөй турган убакыт келип, жолго чыгышты. Элмырза “билеттерди начар орундардан алып берип коюптур, эшиктин жанында экен. Ары-бери кирип чыккандар тоскоол боло беришет эми” деп тилденип жатты. Өмүрү барып көрбөгөн жакка Элка акеси алып бараткандыктан, азыр ал адам атасы, апасы да болчу.
Ал ортодо эки адам кирип келип, “документтерди даярдагыла. ИИМден справкаңар барбы?” деп калышты. “Сен унчукпай отура бер, мен өзүм сүйлөшөм булар менен” деди Элмырза.
– Жылбай жатып, документ дейсиңер да. Биринчи жолу кетип жаткан жокпуз. Өзүңөр документтериңерди көрсөткүлөчү?- деп Элка акеси кайра тигилерди бурчка такады.
Алар документтери боюнча милиция кызматкерлери болгону менен, кийген кийимдери жөнөкөй эле адамдардай экен.
– Биз сенден жакшылыкча сурандык го. Түшүп калба азыр ушул жерден,- деди милиция кызматкеринин бири.
Жанындагысы тигини тыйып:
– Жөн турсаң. Көп каттагандар менен урушуп не кыласың? Дос, жок дегенде ырымдап 50 сом таштап кой, анан бошсуңар,- деп Элмырзага кайрылды.
Айла жок, тигилерге 50 сом берип кутулушту. Узак сапардын башталышында эле Адилеттин жүрөгү сыгыла баштады. “Минте берсе, 2 күн жол жүрүп бүткүчө эмне болобуз?” деп поезддин дөңгөлөктөрү менен жарыша ойлонуп баратты. Айылдан эми эле чыкса да, куса болуп кетти. Ал ортодо Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына келип жетишти. Чек арачылар документтерди текшерип, ары-бери өтүп жатышты.
– Сен эч нерседен коркпо. Проводник менен сүйлөшүп койгом. Сага бирөө тийишсе, ал жооп берет,- деди Элмырза Адилеттин коркуп жатканын байкап.
Аңгыча аскер кийиминдеги адам проводникти ээрчитип кирип келди. Адилеттин жанына келип, вагондун шыбындагы аба чыгуучу тешикчени карап туруп калышты. Аскер кийимчен казак чек арачысы экен. Ал проводникке “Байкалып калыптыр, ары жылдыргыла” деген мааниде ишарат кылды. Ошол замат ал тешикти ачып, бир нерсени ары жылдырып койду да, тез-тез басып чыгып кетишти.
Элмырза Адилетти жылмайып карап:
– Көрдүңбү? Тигил жерде баңгизат бекитилиптир. Орус чек арачылары байкабасын деп бекем жашырышат. Орустар байкап калса, буларга жаман эле болот.
Адилет ичинен “баңгизатты өздөрү өткөрүп берет турбайбы?” деп таң калып койду. Негедир эч ким басып келип анын документтерин да текшербеди. Чек арада туптуура 4 саат кармалып турушту.
– Эми батыраак кетебиз. Биздин вагондорду башка локомотив сүйрөйт. Эптеп Чудан өтүп алсак, ары жагы тынч эле,- деди Элка акеси.
– Мени эч ким текшербеди го?
– Сени жаш бала деп ойлошту да. Тамаша. Айтпадымбы, проводник сен үчүн жооп берет. Сага ишеним кат керек эле да, күбөлүгүң менен. Болбосо башты оорутушат, “уурдап кетип баратасыңар” деп. Эми бара көрөбүз. Эрте күндө сүйүнбөй тур. Жолдун баары алдыда.
Кобурашып түн жамына жол жүрүп баратышты. Поезд токтогон жерден майда-чүйдө сатуучулар чыгып, өздөрүнүн товарларын өткөрө албай убара. Аңгыча алардын артынан эле көлөмдүү эркек адамдар чыгып, эркек балдарга “паспортторуңарды даярдагыла” деп өтүп кетишти. Кайра келе жатышып, беш-алты баланын паспортун жыйнап алышты. Бирөөсү Адилетке келип “паспортуңду берчи” деп өкүм сүйлөдү.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Arstan
2011-04-01 19:47:40
Москвага баратканымды эстеп кеттим.
0
asyl
2011-04-02 04:14:08
жакшы жетип алса экен эми.Москвага.
0
Titi
2011-04-02 08:46:40
Жакшы чагылдырыптыр.
0
aku
2011-04-02 13:13:24
baikush kyrgyzdardy ushuintip kyinait turbaiby?chyn ele jakshy chagyldyryptyr ,ozum oshol poezddin ichinde bolgondoi bolup kaldum.
0
nurmuhammed
2011-04-02 13:32:38
коп коптон жазгылачы сураныч куткондон тажап баратам чыдамым кетип
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА