АНАЛДЫК КОШУЛУУДА ДА БОЙГО БҮТӨБҮ?

Эч кимге ооз барып ай­та албаган, бирок, олуттуу жооп­ту та­лап кылган, денсоолук жаа­тын­­да­гы жү­рөк өйү­гөн суроолоруңуз бол­со, биз­­ге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кыз­мат керлери жооп беришет.

Аналдык кошулууда да бойго бүтөбү?
– “Арт жагынан (көтөн чучук аркылуу) кошулганда да кыздардын бойлоруна бүтүп калат экен” дегенди угуп, ишене албай келем. Чындап эле ошондой болушу мүмкүнбү? Анткени, турмушка чыга элек болсом да, мен кээде ошондой ыкманы каа­лайм. Фатима, 23 жашта, Бишкек.
– Болушу мүмкүн. Врачтардын тажрыйбасында көтөн чучук аркылуу кошулуунун жыйынтыгында, кыздардын кыздык белгиси алына элек туруп боюна болуп калган учурлар кездешкен. Бул аналдык сексте эркектин уруктугу арткы тешиктен агып, белгилүү “маршрут” менен жүрүп “алиги” жакка келип түшкөндүгү менен түшүн­дүрүлөт. Кыздык чел кабыкта этек кирдин агышы үчүн тешикчелер болгондуктан, эркектин уругу ошондой жерден өтүп кеткен. Андыктан, аналдык сексте деле бойго болуп калуудан сактануу керек.

Заара ушаткым келе берет
– Төшөк катнашы учурунда заара ушаткым келе берет. Өзгөчө эркек артында ыкмасында. Турмушка чыкканыма 2 жыл болбой жатып минткени эмнеси? Айка, 22 жашта, Ош.
– Сиздин сурооңузга эки түрдүүчө жооп берүүгө болот:
1. Эгер күйөөсү төшөктө активдүү болуп жана “алигиси” аялынын жыныс кынынын тереңине чейин жетип турса, анда табарсыкка да күч келип, аял заара ушаткысы келип чыгат.
2. Аялдын табиятынан өзгөчөлүгү болуусу да мүмкүн. Анткени, дене жыргалына (оргазм) батаар алдында заара ушаткысы келет. Бирок, кадимкидей заара ушатуу эмес, бир аз гана суу агат.
Айтылган жооптордон улам сурооңузга кайсыл жооп туура келээрлигин байкап, тактап алсаңыз болот.

Кичинекей ЭМЧЕКэркектерге жакпайбы?
– Менин жашым 21де. Ушул убакка чейин жыныстык катнашка барган эмесмин. Мени токтоткон жалгыз нерсе – эмчегимдин өлчөмү. Анткени, 1-өлчөмдөгү бюстгалтер чоң болуп калат. Угушума караганда, эркектерге чоң эмчектүү кыздар жагат экен. Эмне кылам? Дана, Талас.
– Сиз жаңылышасыз. Анткени, кичинекей эмчектүү кыздарды жактырышкан эркектер да аз эмес. Болгону, сиз өзүңүзгө жакпаган нерсени башкаларга да жакпайт деп ишендирип алгансыз. Мындан кийин өзүңүздү дүйнөдөгү эң сулуу, келишимдүү аялзаты катары элестетип жүрсөңүз, жогорудагыдай оюңуз өзгө­рөт. Болбосо психологго же сексологго көрүнүү­ңүзгө туура келет.

Аялда урук болобу?
– Эркектен сперма (уруктук) атылып чыга турганы белгилүү. Менин таңкалганым, аялдан да ошондой сперма чыгабы? Нурик, Бишкек.
– Аялда жыныстык катнаш учурунда жыныс безинин урук клеткасы иштелип чыгат да, ошол мезгилде кумарга кануу сезими пайда болот. Аялдарда жатында топтолот. Ал эми эркектин урук бези иштеп чыккан урук клетка (сперматозоиддер) аялдын урук клеткасына аралашат. Экөөнүн урук клеткалары жатында кошулгандан кийин гана түйүлдүк пайда болот.

Аялымдын акыштаганын кантип тыям?
– Шаарда бир бөлмөлүү үйдө туугандар болуп 5 адам жашайбыз. Үйдүн тардыгы го күндүзү билинбейт. Түн­күсүн эле аялым экөөбүзгө кыйын болууда. Анткени, үйдөгүлөр укташты го деп төшөк оюнунун кызуусуна кир­ген кезибизде аялымдын акышы чыга баштайт. Муну үйдө­гүлөр угуп калышабы деп уялам. Аялымдын акыштаганын кантип койдурсам болот? Тукен, Карабалта.
– “Акыштаба” деп аялыңызды эч качан сөз менен тыйбаңыз жана колуңуз менен оозун жаап баспаңыз. Анткени, ал ошол акыштаган учурда кумарга батат. Андыктан, эгерде үйдөгүлөрдөн тартынып жатсаңыз, ошол учурда аялыңыздын оозунан өбүү менен абалдан чыгып кетсеңиз болот.

Өбүшүүдө тиштегилегим келе берет
– Сүйлөшкөн кызым менен болгон жолугушууда өбүшүп жатып, эмнегедир өзүмдү кармай албай кызымды тиштегилегим келе берет. Менин бул кылыгым кандайдыр бир жаман нерсенин, мисалы, маньяктыктын белгиси эмеспи? Самат, Ош.
– Тиштегилөө менен соруп өбүү бул – кадимки эле көрүнүш. Албетте, эгерде бул сиздин сүйлөшүп жүргөн кызыңызга жакса. Эриндеринен, өзгөчө эмчегинен жана моюнунан назик тиштегилөө кээ бир эркектерди чексиз рахатка чулгап, төбөсүн көккө жеткирет. Андыктан, “маньякка айланып бараткан жокмунбу?” деп кейибей эле коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Goodme
2012-08-08 01:40:06
суткасына 3,4 жолу сперма чыгаруу ден соолука зыянбы ?
озгочо бойдок бала учун бойдун оспой калышына алып келеби? (кыска бойлуулукка) же кандай ?
Алберт 21 жашта,Сиздерден жооп кутом.
+1
Sarinji
2012-09-07 17:08:14
Жазат десе эле жаза берет экенсинер,аналдык кошулууда бойго бутпойт
+1
Rostov-on-Don
2012-12-16 23:24:32
Sarinji, аналдык кошулууда бойго бутот,котон чучуктан агып аялдын алдынкы тешигине кирип кетсе болуп калат.Бул баштан откон окуя.Кээ бир аялдар аналдык секс аркылуу да оргазмга жете алышат.
-1
nurikgulya
2012-12-02 13:38:04
кыздык белги туруп деле бойго буткондор бар. алар негизинен межног ыкмасын колдонуп атканда кучтуу атылган сперма жыныс кындын оозуна тушуп калышы мумкун. спермалар ото тез кыймылдуу болгонддунтан жатынга жетип калышы мумкун. озгочо айыз келип кеткенден кийин да ал ичке тартуу жондомуно ээ болот. ошол ссебептен бойго бутуп калат. ал эми аналдык кошулуудан эч кандай бойго бутпойт. бул ислам дининде ото арам нерсе болот. рахат алатурган жерди бергенден кийин ошол эле жер менен кумарга жетсе болот
+2
kyrgystan17
2013-01-05 18:03:01
arkasyndagy tewikke karaganda astynkysy wirin bolotko emnele arkasyna kyzygywat kichine meelerin iwtetiwpeibi
+1
elka88
2013-01-17 17:00:29
analdyk tewikti koldonsonor gemoroidy paida kylasynar
+1
kg_badboy
2013-02-05 19:27:45
аналдык секстен бойго бутуп калышы 100 дон 1 не себеби сперматозоиттер белгилуу убакыт кана жашай алышыт.
+2
elnurkou
2013-06-27 12:18:36
– Сүйлөшкөн кызым менен болгон жолугушууда өбүшүп жатып, эмнегедир өзүмдү кармай албай кызымды тиштегилегим келе берет. Менин бул кылыгым кандайдыр бир жаман нерсенин, мисалы, маньяктыктын белгиси эмеспи? Самат, Ош груповушка кылгыла
0
Aseyin
2016-04-07 18:05:01
elnurkou,
Сен макатанып жатасынбы же сенден бироо сурап атабы
+1
lovemam
2013-08-17 13:24:45
Аялымдын секстен кийин алигисинен ун чыга берет ал жауында торогон эле. Секс буткондо анын маанайы тушуп калат. Аны менен кантип курошууго болот. Сураныч жардам берип койгулачы. Жылдыз Ош
0
tariel01
2014-01-09 17:30:05
суткасына 3,4 жолу сперма
чыгаруу ден соолука зыянбы ?
озгочо оспурумдор учун.личкама жооп бергилечи сураныч
0
Aseyin
2016-04-07 18:08:40
tariel01,
Суткасына эмес жумасына 2же 3 жолу кошулганы болот.бул дегеним Ислам шариятында 2же 3кундо бир жолу кошулу дегеним.буну медицина да туура деп жондойт анткени тынымсыз кошулуу бул адамга ото зыян уруктук бир жолу чыккандан кийин кайра топтолуп жакшы кучуно кирууго бир жумадай убакыт кетет
0
new_hacker
2016-06-08 15:56:59
tariel01,албетте зыяны бар ал кучунузду жана энергияынызды сперма тугонуп калат деп коркпойле койунуз
+1
admin_superstan
2016-04-07 18:14:19
Aseyin, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
+1
Айгерим
2024-06-08 12:14:00
admin_superstan Сурайын дегеним ич кийимдин сыртынан деле сперматозоид кирип кетиши мумкунбу?
0
new_hacker
2016-06-08 15:55:18
бойго бутуруп деле коюшу мумкун
0
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан