КУЛОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВ СӨЗҮНӨ БЕКЕМБИ?

Бул сапар учурда расмий оппозицияны түзгөн “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” партияларынын шайлоо алдында берген убадаларын карап көрөлү.

КУЛОВ КАЛКАЛАЙ АЛБАЙ ЖАТАТ
“Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов партиянын көп жылдардан бери иштегенине таянган чыгар, шайлоочуларга жомоктогудай жашоого сөз берген эмес. Элдин эсинде “Мыйзамдын темир калканы” деген урааны калды.

Феликс Куловдун берген убадалары:

  • “Өлкөдө тартиптүүлүк жана туруктуулук орнотобуз”.

Бишкек шаардык мэриясынын айласын кетирген митингдер күн сайын Ак үй менен Көк үйдү да тынчытпай жатат. Ушундайда «мыйзамга темир калкан» болууну убада кылган «Ар-намыс» бийликте болсо бир чечкиндүү кадам жасап, баш калаада, бүткүл Кыргызстанда тартип орното алар беле деп үмүттөнөсүң. Анткени азыр өлкөбүзгө темирдей тартип аба менен суудай керек болуп турат.

  • “Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтиребиз. Андыктан Ош шаарына бардык күч структурасын көчүрүү зарыл”.

Июнь окуясында жабыркаган Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү өкмөт жана донорлордун жардамы менен ишке ашууда. Эске салсак, шайлоого чейин эле түштүктү калыбына келтирүү иштери жолго салынган. Ал эми күч структураларын көчүрүү демилгеси колдоо таба элек.

  • “Коррупцияга бөгөт коёбуз”.

Ушул сөздүн өтөсүнө толук чыгышпаса да, Феликс Кулов жыл башында айрым коррупциялык схемалардын бет пардасын ачып, элге жарыя кылды. Бирок андан олуттуу жыйынтык чыкканын сезбедик.

“АТА МЕКЕН” ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТТҮ

Эми «Ата Мекен» партиясынын убадаларына өтсөк. Парламентаризмдин “атасы” атыккан Өмүрбек Текебаев өз эмгегинин түшүмүнө толук ээ болбосо да, азыркы тапта берген убадаларын аткаруу үчүн жан үрөгөнү байкалат.

Өмүрбек Текебаевдин берген убадалары:

  • “Биз жеңишке ээ болсок, “авторитет”, “смотрящий” дегендерди жок кылабыз, алар өлкөдөн жарым жылга жетпей качып калышат”.

Быйылкы жылдын 28-мартына чейин Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 125 мүчөсү кармалганын ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акбаев кабарлады. Ооба, криминалитет менен күрөшүүгө күч структуралары катуу киришти. Демек, “ата мекенчилердин” убадасы жерде калбады.

  • “Элитаны тазалоо жана парламенттик демократиянын механизмин ишке киргизүү келечекте жаңы негиздерди курууга мүмкүнчүлүк берет”.

Эгерде “Ата Мекен” коалицияга кошулса, ишти Ак үйдү акыркы 10-20 жылдан бери «менчиктештирип» алган аткаминерлерден тазалоодон баштамак беле? Кантсе да оппозициянын укуругу узун эмес. Ошентсе да оппозицияда калып, мейли, айрым аткаминерлерге жакпаганына карабай алардын айыбын ачып, элитаны тазалоо иштерин баштады.

  • “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз!”

Бул социал-демократиялык кыймылдын урааны. “Ар бир адамдын жашоосун саясатчылар жана партиялар эмес, аны биздин кыялдар жана тандообуз гана өзгөртө алат”,- деген Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн араб өлкөлөрүндөгү кырдаал түшүнүктүү жана жакын. Антпесе Тунис менен Ливиядагы жашоонун деңгээли айрым постсоветтик өлкөлөрдүкүнөн жогору болгонуна карабастан, жаңы муун жашоонун өзгөрүүсүн каалады. “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз!” деген ураан бекеринен айтылган эмес. Калыптанып калган режимди өзгөртүүнү каалаган Араб өлкөлөрүнө Кыргызстандагы өзгөрүү түздөн-түз болбосо да, кыйыр түрдө таасирин тийгизди. Бул сөздөрү менен «ата мекенчилер» Өзбекстан, Казакстан жана Орусияга Кыргызстандагы өзгөрүүнүн таасири тиет деп болжолдошкон. Ислам Каримов менен Дмитрий Медведевдин парламенттин укуругун узартууну жана бийликти модернизациялоо зарылдыгын айтып чыккандарын айсбергдин эрий баштаганы катары баалоого болот.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
jua
2011-04-01 19:15:15
койгулачы кечке эле текени мактай бербей
0
imperator
2011-04-02 00:08:26
Анан эмне кылышсын Текебаев менен жаатташ болгон сон ошолордун ырын ырдайт та,Текебаевге чан жугузбай. Текебаев оппозиция учун жаралган адам.Ошол бойдон эле калганы жакшы.Линкол-н кулчулукту жоюп салганда,алар кайра кожоюндарына барып алышкан го,биз алардын буйругусуз озубузчо жашай албайбыз деп.Текебаевди бийликке алып келсен,ал дагы оппозицияга кетип калат.
0
asyl
2011-04-02 04:54:16
баягы эле мактаганынар Текебаев.
0
Titi
2011-04-02 10:16:32
Акбаев кабарлады,силер анын кабарынын чын жалган экенин озунор билесинерби? Же акбаев кабарласа эле,кабарлады деп жаза бересинерби. Бул жерде Теке силерди кыскан окшойт,же Кыкенер(башчынар) Теке тарапта.
0
evilhouse
2011-04-02 14:04:11
Birinch Tekebayevdey bolup olkogo bir payda keltirgilechi anan jazgyla.Siler olko uchun emne kyldynar?Men emne kyldym?Ushul suroolorgo tak joop bere alabyzby?Jamandash onoy.
0
URB KG
2011-04-02 17:18:00
Супер Инфо бир аз калыс болбойсунбы. Же Ата-Мекен менен Ар-Намыс оппозицияда журуп эле айткан создорун аткарып жатат, бийликке келсе мындан да жыргатмак деген тонкий намек берип жатасынарбы? Азыркы коалициянын алмашышы (кулашы) жалпы журт учун ото оор болоорун силер деле билип турбайсынарбы, бир аз ойлонуп койбосунарбы. Анын устуно азыр жаз, эл эгинин сээп, жер айдап, чарбачылыгы менен да аракеттенсин да, силер да олгондун устуно комгон кылып, элди козутпай тургулачы, сураныч!

0
URB KG
2011-04-02 17:24:25
Эгер, силер каалагандай Ата-Мекен, Ар-Намыс, Ата-Журт коалициясы тузулсо, бугунку кундогу коалициядан бир кун да ашык жашай албайт, бирок мындай аллах озу сактасын.
0
jua
2011-04-03 22:09:23
URB KG 100% туура айтасын
0
erniyaz
2011-04-04 20:53:57
азыр адам эмес айбан да саясат ж-до суйлоп калды! оозго келгенди сого бербей так суйлогулочу? ошол силер коро албай жаткан "теке" болбогондо, акаев м-н бакиевдин эски программалары м-н доорунар уланмак! конституцияны озгортуу д-н кандай татаал нерсе экенин тушуносунорбу? жок! текебаевдин ишине ийгилик! супер инфого келсек булар бир гана чындыкты жазат, журналисттерди критикалаш учун далилдуу фактын болуш керек! шайлоо куну "ар-намыс"деп акча берип жургонунорго окунуп жатасынарбы же?
0
scorpion
2011-04-05 17:46:27
Теке биринчи депутут болгондо аны колдоп, канча адам менен урушпадым. Ал элдин алдында кооз суйлогону менен, кандай ыплас иштерди жасаганын эл билсе... Бирок тулку баары бир капканга тушпойт ко. А Супер Инфого келсек, баары бир Текени макташат. Себебин озунор деле билесинер да
0
volk
2011-04-06 21:24:30
evilhouse
теке экеноор эмне иш кылдынар кыргызстанга Текебвевти эле мактайсынар коалицияда болсо кыйратмак деп озуннон кетти го жалтактап олтуруп айагында кошулду эле тээп коюшту туура кылышкан
0
erniyaz
2011-04-07 12:27:37
"Скорпион"Теке кыргыз оппозициясынын ветераны болуп саналат.Союз убагында Масалиевке сын айтып журчу,ошол позициясын озгорткон жок,кээ бир саясатчыларга окшоп кызматка,бийлике азгырылып Адаханга окшоп, Бакиев бийлик берип койсо ошолордун ырын ырдап кеткен жок.
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан