“Балам – бактым, балам – базарым” деп ырчыларыбыз ырдагандай, ар бир адамдын бактысы да, кубанычы да бала менен эмеспи. Андыктан, биз айрым ырчыларыбыздан «үйүн базар кылган канча баласы бар, аттары ким, эмне менен алектенишет?” деген суроолорго жооп издеп көргөнбүз...
ДИНАРА АКУЛОВА
Белгилүү эстрада ырчысы Динара Акулова Мери-Дина, Малика-Дина аттуу эки кыздын энеси. Тун кызы Мери-Дина 19 жашта, былтыр турмушка чыгып апасын кубандырган эле. Эми минтип жакында Динара эжекебизди неберелүү кылып кубандырайын деп жаткан кези. Мери-Динаны апасы кичинекейинде дайыма гастролдорго чыкканда жанына алып алчу. Ал гримдөөчү бөлмөдөгү столдун үстүндө концерт башталганда уктап, концерт бүтөөрдө турчу экен. Бир күнү концерт бүтүп, апасы достору менен ырдап отурса, 2 жаштагы Мери-Дина ойгонуп келген. Анан ошол кезде популярдуу болуп жаткан апасынын “Аккуу белең, айпери” деген ырын ырдап берип, баарынын оозун ачырган. Ырчынын андан кийинки кызы Малика 12 жашта. №6-мектепте 7-класска көчтү. Малика жакшы окуйт, окуудан сырткары чыгармачылык менен алектенет. Кичинекей кезинен эле Алина Жетигенованын ырларын жакшы көрүп, андан башка ырды укчу да, ырдачу да эмес.
СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
Көп балалуу болууну эңсеген ырчы Сыймык Бейшекеев 2 баланын атасы. Улуу баласы Азамат №67-гимназияда 7-класска көчтү. Азаматты кичинекейинде атасы дайыма кыңылдатып комуз чертип уктатып көндүрүп койгон. Атасы жок болуп калса, апасы Нурзада баланы уктаталбай убараланчу. Анткени, ал Сыймыктай кылып комуз черте албайт. Чертсе да окшошпой калса, ошону бала сезип, ыйлай берчү экен. Ал эми кичинекей ширин кызы Каныкей №10-балдар бакчасында тарбияланып жатат жана “Рахат” бий тобунда бийлейт. Андан тышкары, ырчынын өз канынан жаралбаса да, өз баласындай болуп калган Авас аттуу баласы бар. Авас М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 2-курста окуйт. “Азырынча балдарым ушулар, калгандары көңүлдө”,- дейт ырчы.
РАЙХАН АБДУВАЛИЕВААл эми ырчы Райхан Абдувалиеванын жалгыз Бегимай аттуу кызы бар. Учурда Бегимай Улуттук университеттин финансы-кредит бөлүмүндө 4-курсту аяктады. Жалгыз кыз болгондуктан, аябай эрке. Ушуга
карабай бардык иш колунан келет. Бегимай 4 жашка чейин упчу эмген. Апасы упчуларын катып койсо, көчөдө ойноп жүрүп, таштандыда жаткан кир упчуну оозуна салып алып уктап калганы апысынын эч эсинен кетпейт. “Кызы бардын назы бар” демекчи, Бегимай чоңойгондон бери апасынын колу узарып, бардык жумуштар Бегимайдын моюнунда. Жада калса, кээде апасынын шофёру да болуп коёт. Райхандын кийим тигүүчү ишканасын иштетип жаткан да ушул кыз. Бегимайдын быйыл турмушка чыгып, апасын күйөө балалуу кылып кубандырайын деп турган кези.
ИБРАГИМ ЖУНУСОВЫрчы Ибрагим Жунусов Аселя, Алина деген эки кыз жана Эламан аттуу бир уулдун атасы. Улуу кызы Аселя 24 жашта. Улуттук университеттин чет тил факультетин бүтүргөн. Учурда Орто Азиядагы Америка университетинде координатор болуп иштейт. Бир кызы бар. Бир кезде атасы менен “Ананайын ай кызым” деп ырдап да чыккан эле. Ошол бойдон ырдатпай койгону үчүн алиге чейин атасына таарынып келет. Экинчиси Алина 20 жашта. Кыргыз-Орус-Славян университетинде эл аралык мамилелер факультетинде 4-курста окуйт. Көкүрөк күчүгү Эламан 17 жашка толуп, быйыл ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетине тапшырды. “Эламан” деген ыр популярдуу болуп турган кезде Эламан сыртка чыга албай
кыйналчу. Анткени, тааныгандын баары “келчи, бетиңден өөп коёюн” деп өбө берип тажатышчу. Эламан кичинекей кезинде эле чоң кишилердей болчу. 3 жашында көчөдө кетип баратып люкка түшүп кетсе, атасы чыгарып алып беттери тытылган баласын көрүп коркуп ыйлап жиберет. Анда Эламан: “Папа, түшүп кеткен мен ыйлаган жокмун го, сен эмне ыйлап жатасың?”- деп атасын уят кылган тура.
БАКТЫЯР ТОКТОРОВЖаштардын сүйүктүү ырчысына айланган Бактыяр Токторовдун
Мираида, Аделина аттуу эки кызы бар. Мираида 2-класска көчтү, ал эми Аделина 7 жашта чыгып, «быйыл мектепке барам» деп турат. Бул кыздар аябай зирек болуп өсүшүп, 4 жашынан баштап эле “Алиппе”, “Азбукаларды” мектепке барганга чейин окуп бүтүп коюшкан. Мираида азыртадан эле “доктур болом” деп ата-энесин кубандырса, Аделина сүрөт тартып, чыгармачылыкка жакын адам болоору байкалат. Учурда ырчы үйбүлөсү менен Сокулукка көчүп кеткендигине байланыштуу кыздары ошол жакта гимназияда окушат.
КУБИК КАЛЫКОВАр улуттун кызына ашык болсо да, акыры кыргыздын бир сулуу кызына үйлөнгөн Кубик Калыковдун Айпери, Аймээри аттуу эки кызы жана Улан деген жалгыз уулу бар. Улуу кызы Айпери №5-Улуттук компьютердик гимназиянын 9-классын быйыл кызыл күбөлүк менен бүттү. Азыр “ырдайм” деп аракет кылып жаткан кези. Андан кийинки уулу Улан 13 жашта. №59-мектепте 7-класска көчтү. Улан көбүнчө спорттун күрөш түрү менен машыгат. Кубик Уланды “орусча үйрөнсүн” деп орус кошуналардын балдарына кошуп коюптур. Бир күнү эшик тыкылдайт. Ачса баласынын досу Серёга:
“Улан барбы?”- деп кыргызча сурайт. Көрсө, баласы кошуна балдардан орусча үйрөнбөй эле орустардын баарына кыргызча үйрөтүп койгон экен. Ал эми эң кичүүсү Аймээри быйыл 6 жашка толду. Атасы бул кызын “кайсы мектепке берсем?” деп мектеп издеп жүргөн убагы. Апасы экөө кеңешип, “орус класска берели” деп чечишиптир. Балдарды аябай катуу тартипте кармайт. Бирок, эч качан кол көтөрбөйт экен.
ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА
Ашыкча сүйлөбөгөн ырчы Жылдыз Осмоналиева Давлят, Довран аттуу эки баланын энеси. Балдарынын улуусу 13тө, кичүүсү 12де. Алтын шаты президенттик гимназия мектебинде 6-7-класстарды аякташты. Жылдыз балдарынын келечеги үчүн эч нерсени аябай, быйылтан баштап Москвадан окутуу үчүн Москвага жөнөп жаткан кези. Албетте, балдарын жалгыз жиберип ийбей үйбүлөсү менен бирге болуп, бизнестик ишин ал жактан жүргүзмөкчү.
Даярдаган Замира Рахманбердиева