Жаныбек Жанызак: «АҢКОО АЯЛДАР ГАНА КҮЙӨӨСҮН БАШКА МЕНЕН БӨЛҮШӨТ»

«Кыргыздарга төшөк жаатында революция керек» деген сөздүн автору Жаныбек Жанызак экени белгилүү. Мына ушул мырза жеке жашоосундагы жаңылыгы, жүрөктөгү сырлары менен ой бөлүштү. «Төшөк жашоосун кыйын жазган неме өзү төшөктө кандай болду экен?» деген суроолор да берилбей койгон жок.

АНКЕТАСЫ
Туулган жылы – 1951-жыл, 15-ноябрь
Туулган жери – Кара-Буура району, Бейшеке айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулу бар
Билими – Ташкенттеги Чет тилдер институтунун немис тили факультетин аяктаган
Жазган китептери – “Фото кыйынбы же оңойбу?”, “Айтматовдун айымдары”, “Соңку дүрмөт”, “Мен билген компьютер”
Өзүнө жаккан мүнөзү – Жаңычылдыкка умтулуусу
Жакпаган мүнөзү – Чорт, бетке айткан мүнөзү
Кайсы сөздү көп колдонот – Сөгүнгөн сөздөрдү

– Жаныбек мырза, маегибизди жашооңуздагы акыркы жаңылыктан баштасак...
– Жакшы болот. Жакында Артур Голдендин “Гейшанын эскермелери” аттуу чыгармасын чыгардым. Чыгаруу үчүн 25 миң сом төлөп бирөөгө которттум. Бул китеп Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде чет тилден которулган биринчи китеп болуп отурат. Бул “сүйлөсө эле мактанып баштайт” эмес, реалдуу факт.
– Бул чыгарманы элге тартуулоодогу максатыңыз эмне? Эмнени берейин деген ойду көздөдүңүз?
– Гейша десе эле эл сойкуну элестетет. Бул гейша дегенди кеңири түшүнбөөчүлүк. Мен бир жагы, көнгөн темамдан (эми бул төшөк темасы да) алыстай албаганым болсо, экинчи жагынан, гейша аркылуу кыргыз аялдарга сабак берейин дедим.
Эркекче токтолсом мындай:
Башкасын айтпай эле өзүн ак сөөкмүн, аялдардан өйдө турам деген айымдар тууралуу айтайын. Алар чиновниктердин аялдары же ата-энеси жакшы кызматта иштеген айымдар. Эми ошолордун көбүнүн күйөөлөрү “налево” кетип жатабы? Кетип жатат. Жашыруун токол алып жатабы? Алып жатат. Бул эмнеден? Ошол кекирейген аял күйөөсүнө жылуу мамиле кылбай, аппак мамагы менен да, сөзү менен да күйөөсүн эрите албай, төшөктө жүрөк кылдарын черттире албагандан улам.
Эркек жылуу мамилени, эзилише сүйлөшүп отурууну, жакшы чайды колунан ичүүнү, жан кумарын кандырууну алгач аялынан издейт. Аялы буларды бере албаса, күйөөсүнүн жан дүйнөсүн боштук ээлейби? Ээлейт. Анан көңүл бөксөсүн башкадан толтурууну эңсейт. Ошентип, кекирейген, аңкоо аял күйөөсүн башка аял менен бөлүшөт. Күйөөсүнүн денеси менен гана эмес, анын акчасы менен да бөлүшөт.
Эми гейшага келсек, сойку катары каралганы менен, ал, оу-уу, акылдуу жан. Ал келген эркек менен каалаган темада сүйлөшө алат. Япон элинин салтын, мисалы, чай каадасын мыкты билет. Ырдап, бийлеп эркектин көңүл кушун көтөрөт. Мындай аялдан эркек акчасын аябайт, төшөктө аялдын мыктылыгынан өзүн падыша сезет.
Демек, гейшанын образынан кыргыз аялдары өзүнө жетпеген нерсени үйрөнсө деген жаман оюм да. Эми гейшага жетпесе да, канчалык бир деңгээлде эркектин көңүл кушун тапканга жараса дейм.
– Мынчалык болду, өткөнгө кайрылбасак болбос. Убагында “Каттама” гезитин чыгарган элеңиз. Ошондо эмне максатты көздөгөнсүз? Азыр ошол гезитиңизди башкача түрдө чыгарууну каалайт белеңиз?
– Чыгарса чыгармакмын. Сексологдордун изилдөөсүн кошуппу, айтор, чыгармакмын. Бирок мен китеп чыгаруу менен алектенип кеткем. Убактым жок.
Ишенсең ишен, бирок “Каттамам” жубайлар ортосундагы ортомчу курал катары колдонулчу. Мисалы, аялы окуйт да, “күйөөм мени төшөккө даярдаганды билбейт, бул жерде укмуш жазылыптыр. Ушуну күйөөмө окутуп көрөйүн” дейт. Анан эбин келтирип күйөөсүнө гезитти берип “ушундай болсо жакшы окшойт” деген болот. Эри “апкелчи бери” деп карап көрөт да, “болбогон кеп” деп сыртынан айтканы менен, ичинен ойлонуп калат. Анан гезиттегидей аялды эритүүнү же төшөк ыкмасын колдонуп көрүүнү чечет. Көрдүңбү, экөө гезитти шылтоологон болуп, өздөрү билбеген нерсени билип жатышат. Руханий байлыкты бири-биринен ала албаса да, жубайлар дене кумарын алышы керек.
Кээ бир аялдар “Каттамамды” окуган соң өздөрүндөгү секстин “животный” секстен айырмасы жок экенин билген десем болот. Мисалы, күйөөсү сырттан келип эле аялын даярдабай басып жыгылса, төшөккө даяр эмес аялдын кучунашы кармайт. “Болду, барчы ары” деп күйөөсү бүтө электе эле тура калып качып жөнөйт. Бул “животный” секс да чыны, туурабы? Ошентип, “Каттамамды” окуган кээ бир аялдар адамча сексти каалаарын күйөөлөрүнүн колуна менин гезитимди карматып, үйрөн дегендей кылышкан деп айта алам.
– Ошондуктан “Эпикалык төшөк сап”, “Мидиндин эшек дептери” сыяктууларды жазып жүрөсүзбү?
– Эми төшөк ар бир жандууга керек нерсе. Аны жазбай койсоң деле бурч-бурчта төшөктү сүйлөшүп, атактуулардын интимдик жашоосун шыбырашкандар болот. Болгондо да көбүртүп-жабыртып айтышып, башкаларга да бузулган түрүндө жеткиришет. Төшөк жаатында талап барбы? Демек, төшөктү жазууга болот. Мидиндин жазгандары да элге бузулуп жеткиче, түз жеткени оң да.
– Жогоруда айтылгандардан улам сурагым келген нерсе, секс жеке сиз үчүн эмне?
– Секс – табияттан берилген милдетти (тукум улоону) аткаруу. Аялга денелик рахатты тартуулоо жана өзүң да андай рахатты алуу. Жаш кезде биринчи орунда секс турары чын. Кеч кирбей, куураган күндөр болгон. Кошулсаң да акыркы ирет кошулуп жаткансып, серия-серия кошулган учурлар болгон. Эми бул этаптар бардык эркектин башынан өтөт да. Бирок жашың өткөн сайын секстен мурун руханий байлыкты, жубайлар ортосундагы түшүнүшүүнү баалап калат экенсиң.
– Муну экинчи жубайыңыз менен жашап жатып сезип жатам деңизчи...
– (Күлүп) Ооба.
– Бул жубайыңыз сизди эмнеси менен байлап алган?
– Экинчи аялым аялдык назы, орундуу эркелей билүүсү менен да тушады. Анан да мага болгон ишеничи менен аркандап алган.
1985-жылдары акчам жок, китеп чыгара албай кыйналып жүргөн кезим эле. Ошондо ал бекитип жүргөн 250 сомун колума салып берди. “Апей, бул мага ишенип жатат. Эми мунун ишеничин актабасам болбойт” дедим. Кийин компьютерим жок, китеп чыгарууга ылайык станок жок жүдөй баштадым. Мурун иштеген жерден алган 1 бөлмө квартирасы бар экен. Аны сатты да, колума акчасын карматты. Ошентип, мага болгон ишеничи менен мурдумдан жетелеп келатат. Мен болсо ошол ишеничти актап, “Каттаманы” чыгарып байыдым, аялым да оңуп калды.
– Сиздер ортосунда секс аз болгону менен, ошол секс көп рахат тартуулаганга киресиздерби же секс көп болуп, бирок рахат аз болгондоргобу?
– Биринчисине киребиз.
– Төшөк маселесин көп жазасыз. Акыштатып, көзүн сүзүлтүп, айгырдай азыналатып дегендей. Андыктан «минтип жазган адам өзү төшөктө кандай болду экен?» деген суроолордун чыгышы анык.
– Төшөктө орточо кыргызмын. Андыктан секс-гигант деген мага тиешелүү эмес. Алдымда кыздарды катар-катар акыштатсам деген деле ойлор жашабаган. Төшөктү мыкты сүрөттөп жазарым чын. Бирок алардын баарын өз башымдан өткөрүп жаздым деген кеп эмес да. Кээде көңүл күүмө жараша мыкты болуп кетем, кээде ылдыйраак.
– Ошондой ылдыйраак болуп калган убактарда афродизиактарды: казы-карта, чучук, кымыз, эркек малдын умасы же Виагра колдоносузбу?
– Азырынча ден соолук жайында, ага да жетербиз.
– Сыртыңыздан алдуу-күчтүү көрүнгөн сизди ойношу бар болсо керек деп да ойлошот...
– Экинчи жубайым менен жашап жатканда кайдагы кокуйду баштайсың да?! Ойноштук тууралуу айтсам, эки адам ойноштук кылса да, үчүнчү адамга зыяны тийбегендей болушу керек. Мисалы, үй-бүлөлүү эркек башка аял менен жүрөт. Аны аялы билбесе, акча жагынан да муктаждык тартпаса (күйөөсү ойношуна да акча берет да) болсо керек, так айта албайм.
– Сойкулардын кызматынан колдонуп көрдүңүз беле?
– Бир да жолу колдонгон эмесмин.
– Маегиңиз үчүн рахмат!


Жылмайып коюңуз!

Аял ойношу менен төшөктө. Аңгыча күйөөсүнүн үнү угулат. Аял:
– Оо, Кудай, мени куткара көр!
Асмандагы үн: – Макул, бирок суудан өлөсүң!
– Макулмун!
Ошол замат ойношу көздөн кайым болот.
Арадан көп жыл өтөт. Бир жолу жалаң аялдар менен кемеде саякатта баратса, кеме чөгө баштайт.
Аял: – Оо, Жараткан, мендей шерменде үчүн ушундай күнөөсүз жандарды кошо өлтүрөсүңбү?
– Коркпо, мен сага окшошторду 5 жыл бою чогулткам.

Венера Камалова
erotika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Жаныбек Жанызак
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
antislav
2011-04-15 21:43:03
Сүйүү-үйдөгү чыракка окшойт. Эгер жетиштүү жарык бере албасаңыз,мажбур башка чырактар жанып баштайт.
+1
aikoledi
2011-07-10 16:09:06
antislav, егер куйоосунун жарыгы жетишпесечи?
0
prenses
2011-04-17 14:33:09
antislav:tup tuura aitasiniz:)))))))))))))oshondoi ele goi tak.
0
zana
2011-04-19 17:19:39
"Geischanynyn eskermeleri"bul kitepti kaisyl jerden satyp alsa bolot?
0
gulzarali
2011-04-22 03:50:21
Мемуары гейши деген аябай кызык китеп киносун да коргом,чындыгында аялзатына пайдасы тие турган чыгарма.
-1
gujunpo
2011-04-22 07:27:12
jurnalist bala emnege sportivka kiyip algan??? eeehhh, kyrgyzbyzda!
-1
EmMiR
2011-04-23 00:21:29
Алигиче жашап жүрөбү?
-2
Dinara
2011-04-25 05:07:22
gujunpo sportivka kiyse emne eken ai...
-1
Takeshbek
2011-05-24 14:00:57
Жаман шустрый киши го!!!
-1
baibolot71
2011-05-26 20:07:55
ушундай кишилер коп болсо,Кыргыздардын саны да бир кыйла кобоймок.
-1
nurelru
2011-07-11 00:13:53
бул кишиге там бериш керек башы олло иштейт экен
-1
miki98
2011-07-18 01:19:38
шумдукко.мага ушундай дерскийлер жагат.
-1
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан