Кызыл. Бул түстү жактыргандар – өздөрүн төшөктө жолборс көрсөткөн адамдар. Алар өтө бат дүүлүгүшөт жана төшөк оюнунун бардык ыкмаларынан ырахат ала билишет. Алар эки-үч саат бою төшөк ырахатынан кумарлары таркабай, от болуп жалбырттап күйүп турушат. Кызыл түстү жакшы көргөн түгөйлөр жолугуп калышса, анда алардын сүйүү оюнун эч ойлонбостон туруп эле атылып жаткан вулканга теңеп коё бериңиз.
Күрөң. Күрөң түстүн сүйүүчүлөрү көпчүлүк учурда ийгиликтүү никеге туш болушат. Алар романтиканы сүйүшөт. «Күрөңдөр» өздөрү каалагандай төшөк оюну үчүн өтө көп убакыт сарпташат. Алардын жан-дүйнөсү өтө назик келет. Ошондуктан, катуураак айтылган бир ооз сөз да өнөктөшү менен мамилесин үзүп койгонго чейин алпарат.
Кызгылт. Сойкулардын кийимдеринин көп бөлүгү кызгылт түстө болот. Ал эми кызгылт түстү жактырган эркекти көрсөңүз, аны “донжуан” экен деп баа берип коё бериңиз. Бир кечке бир нече жолугушууну белгилеп коюп, бирок, бирине да барбай досу менен пиво ичип отуруп алган эркектер дагы ушул кызгылт түстү сүйгөн эркектер.
Кара. Мазохисттер менен садисттер көбүнчө кара түстү сүйгөндөр. Карага басым жасагандардын мүнөзү да түнт болот. Эгер мындай адамдардын кайгырып турганын байкасаңыз, ага сүйлөмөк тургай, жанына жакын жолобоңуз.
Жашыл. Бул түстү башка түстөрдөн бөлүп караган адамдар төшөк мамилесинде таза болушат. «Жашыл» аялдар өмүр бою төшөк оюнуна биринчи түндөгүдөй мамиле жасап өтүшөт. Ал эми эркектер олдоксон, ошол эле убакта сүйкүмдүү келишет. Алар үйбүлөгө өтө туруктуу эркектер.
Кочкул сары. Бул түстү сүйүүчүлөрдүн сексуалдык фантазиясы укмуш болот. Алар өтө кыялкеч келишип, бири-биринин кулагына таттуу сөздөрдөн шыбырагандан тажашпайт. Ошондой эле «ток сары» эркектер бийкечинин чачынан тартып эркелеткенди жакшы көрсө, «ток сары» аялдар өнөгүнүн далысын өөп, соруп кызыл так калтырганды жакшы көрүшөт.
Көгүлтүр. Көгүлтүр түскө жакындар – төшөктөгү эң сонун өнөктөр болуп эсептелет. Алар түгөйүнүн каалоосуна сылык, өтө көңүл буруу менен мамиле кылышат. Көгүлтүр түстү сүйгөн эки адам кошулса – бул эң сонун нике. Алар эч качан бири-биринин көздөрүнө чөп салышпайт.
Сары. Сары түстү көбүрөөк баалагандар төшөктө жаңы өнөктөшүнө бат эле көнүп кетет. Сары – гомосексуалисттердин сүйгөн түсү. Бирок, сары кийинген ар бир эле адамды голубой дештен алыспыз. «Сарылар» өнөктөшүнүн күчтүү каалоосуна оңой эле жеңилип беришет. Жада калса, алар өнөктөшүнөн бир да жолу ырахат ала албаса да, анын сунушун четке кага албайт.
Ак. Ак түстү жакшы көргөндөр үчүн секс – бул арам нерсе. Алар төшөк оюну менен эч качан күндүзү ойношпойт. Ак түстү сүйгөн аял ар дайым тосмонун ары жагында кийинип, чечинет. Эркек болсо төшөк оюнунун алдында же андан кийин жуунмайынча тынч калбайт.