Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АТАМБАЕВ ТЫШКЫ СООДАНЫ ОРУСИЯГА КАРМАТАБЫ?

№441 15-21-апрель, 2011-жыл


Күйүүчү майдын бирде кымбаттап, кайра арзандаганын Бажы союзуна шылташкан эле. Өкмөт башына келгенден бери Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан Бажы союзуна кириши керек” деп билдирип келет. Биздин бул союзга киришибиз кандай пайда жана кыйынчылыктарды алып келет?

КЫСКА МААЛЫМАТ
Беларусь, Орусия жана Казакстандан турган Бажы союзу 2010-жылдын 1-январынан тарта аталган өлкөлөрдүн аймагында ишке кирген. Ал эми 6-июлда тиешелүү аймактын ичинде Бажы кодекси колдонула баштады. Адистердин баасы боюнча, 2015-жылга чейин бул өлкөлөрдүн ИДПсы (ички дүң продукт) кошумча 15 пайызга жогорулайт. Аталган союздун эң башкы максаты – Кытайдан товар ташууну кыскартуу. Бул союздун эсебинен 2015-жылга дейре Орусия 400 миллиард доллар, Беларусь менен Казакстан 16 миллиард доллардан киреше табууну көздөшөт.

ЭКИ ТООНУН ЧӨБҮН ЭҢСЕГЕН ЭЧКИ АЧКА КАЛАТ
Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу үчүн буга чейин мүчө болуп кирген Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) менен сүйлөшүү жүргүзүшү шарт. Ушул убакытка чейин бир да ДСУнун мүчөсү Бажы союзуна кошула элек. Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, анда ДСУнун мүчө өлкөлөрүнө 2 миллиард доллар компенсация төлөөгө туура келет. “Бажы союзуна кирерден мурун баарын кылдаттык менен эсептеп чыгууга муктажбыз”,- дейт Акылбек Жапаров.

ЖАҢЫ СОЮЗГА КИРҮҮ САЯСИЙ ЧЕЧИМБИ?
Серепчилердин көбү “Кыргызстан Бажы союзга саясий чечимден улам кошулууда” деп жатышат. Аталган союзга кирүү сунушу тиешелүү деңгээлде изилденбей, анын өлкөгө алып келүүчү пайдасы жана зыяны толугу менен эсептеле электигин адистер билдиришүүдө.
Алмазбек Атамбаевдин бул кадамын “президенттик шайлоого жакын Кремлге жакшы көрүнүп, аны менен бийликти сактап калуу аракети” деп баалагандар да бар. Мындайча айтканда, “өкмөт башчы бийликте калуу үчүн Орусияга Кыргызстандын тышкы соодасын карматып салышы ыктымал” дешет айрымдар.
ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин берген маалыматына таянсак:
ДСУга киргенден кийинки артыкчылыктар:
– Кыргызстан ири соода ортомчусуна айланды. Кытайдын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанга импорттолгон товардын көлөмү 14 миллиард долларды түзгөн.
– Дүйнөлүк стандартка ылайык эркин соода жүргүзүүнүн эрежелери кирди.
ДСУга киргенден кийинки кемчиликтер:
– 1998-жылы аталган уюмга кирүү шашылыш ишке ашкан. Аны менен Кыргызстан өнүккөн өлкөнүн деңгээлинде көп милдеттерди моюнуна алган.
– СССР кезиндеги ири өнөр жайлар атаандаштыкка тоскоолдук бере албай, жыйынтыгында жараксыз болуп чыккан.
Эгерде Бажы союзга кошулсак:
– Бажы салыгы 1,5 пайыздан орточо 10 пайызга чейин жогорулайт. Мунун айынан базардагы баа 15-20 пайызга көтөрүлөт.
– Союздун мыйзамдары күчүнө киргенден бери Борбор Азиядагы эң чоң “Дордой” базарынын товар алмашуусу 70 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул көрсөткүч дагы ылдыйлашы ыктымал.
– Кыргызстан менен Кытайдын соодасы акырындык менен токтошу мүмкүн.
– Бирок Орусия, Беларусь жана Казакстандан келген товарлар бажы төлөмү алынган соң Кыргызстанга арзаныраак келет. Аны менен биргеликте Кыргызстандын товарлары да тоскоолдуксуз Бажы союзуна кирген өлкөлөргө сатыла баштайт.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(24)
15.04.2011. 19:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
26-03-2008
Соӊку аракети:
14-03-2012 10:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
ууф баш ооруп буту булардын баарын ойлонуп атып кандай дейсиздер кандай чечим чыгарсак бизге жакшы болот
15.04.2011. 20:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
27-11-2011 00:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан кайсы товарын сатат? Бул жерге киргенден зыян гана тартабыз. Бул Туркияда да болгон.Европанын бажы союзуна кирип жалан зыян коргон.Себеби,экспорт кыла турган товар жок,болсо да аз болгон.Ал эми сырттан кирген товарлар салыксыз отот.натыйжада дагы эле жем болуп кала беребиз.Жанагы 2 млрд долларды толош учун Назарбаев менен Лукашенконун аттарын чокуларга коюп анан алардын атына каттап беришке туура келет.Кыргызстан битин сатып бермек беле башка.
15.04.2011. 22:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
БСга кошулсак, базарда баа которулсо - анда эмне пайда?! Ансыз деле азыр Кыргызстанда бут баары кымбат дешет. Бизди базар, Кытайдын товары багып жатат, бул жерде и так, тушунуктуу, Кытай менен биздин сооданы токтотуп, РФ, Белорусь жана Казакстан оздорун товарын бизге жугуртуу болуп жатат да, а биздечи - ондуруш жок, аларга эмнени сатабыз?! Эгер БСга кошулсак, базар кымбаттаса-анда айлык акы орточо 250$ болуусу керек, андай болбосо эл ачка калат, элди гана кыйнайсынар! Кандай пайда?!
15.04.2011. 22:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
2 млрд доллар компенсация толоп ДСУдан чыкканча ошону токтоп калган фабрика, заводдорду иштетип же мамлекеттин тышкы карызын толобойсунорбу?! Фабрика, заводдорду иштетсенер канчалаган самтырап жургон мигранттарыбыз озубуздо иштемек, кордун кунун коргучо чет жерде. УО-силер озу бекер келдинер бийлике, кайра баары нааразы, ушудан коро Акаевди алып келсек да (мисал катары) силерден жакшы иштемек, себеби, ал билип, тушунуп калды катачылыгын, Ата Мекенин сагынып.
16.04.2011. 20:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
14-10-2010
Соӊку аракети:
07-07-2015 22:59
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман тажатышты ушул бийликтегилер,элдин каалоосун укпай эле оздорунун билгенин кылып элге койгула референдум кылып.эч ким колдобойт бажы союзуна киргенинерди..эмне эле тескери,эл каалабан нерселерди кыла беришет ыя куйбогон жерди кул кылып!!!!!
16.04.2011. 21:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-08-2010
Соӊку аракети:
08-01-2013 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Кытайдын товарын БСнын ичине киргизбесе каяка сатабыз Озбекстан м-н Тажикстандан башка
16.04.2011. 21:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-08-2010
Соӊку аракети:
08-01-2013 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
ДСУуга мучолук взнос жылда канча миллион $ талап кылат ал жазылбаптыр,биз онуккон мамлекет. катарында жылда мучолук взнос толойбуз.
Эмнебиз онуккон белгисиз?
16.04.2011. 21:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-08-2010
Соӊку аракети:
08-01-2013 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Бензин,шекер,ун,тамак-аш продукциясы,жыгач,темир жана башка коптогон нерселер БСдан келээри анык,Кытайдан айрыкча кездеме керек болот.
Тандагыла?
17.04.2011. 13:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
upelline ошол БСдан келген товарлардын баасы осот турбайбы аларга кошулсак, а азыр кайра арзан болуп жатпайбы келечектеги баага салыштарганда. А Кытайдан кездеме гана эмес, уйдун бутундой тиричилигине керектуулордун баары келет да, курулуш материалдан баштап тамак-ашка чейин. Онуккон мамлекет катары ДСУга взнос толоп келечектеги кымбат баага караганда азыркы баа менен эле кийин да жашаганыбыз жакшы эмеспи?! БСда бутундой продуктка баа осот, а аны учун айлык акы орточо 250$ болуусу керек.
17.04.2011. 14:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
Бул жерде жооп оной эле эки уюмдун айырмасын билуу учун: 1)ДСУда взносту мамлекет толойт, а товар арзаныраак болот элге. 2) А БСда болсо товарлар бажыдан эч кандай налогсуз откоруп за то, элге кымбат сатып жатат, а бул жерде мамлекет оз казынасыдан эч нерсе толобойт, БС ал пайданы (налогго коюлган) элдин чонтогудон таап калат ошондо. Эми кордунорбу 4 мамлекет биригип алып элдин пайдасынан жашап жатканын, а ага КР кошулду 4-болуп. Эгер баа оссо баардык товарга анда мамлекет алдын ДСУга толоп,
17.04.2011. 14:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
БСга толобогон налогду элге айлык кылып беруусу керек. upelline "Кытайдын товарын БСнын ичине киргизбесе каяка сатабыз Озбекстан м-н Тажикстандан башка" БСга кошулдук , эми ошо Кытайдан келген товарлар акырындап токтоп, Кытай менен соода-сатык мамилебиз узулот, себеби, БСда талап коюлат, бизге кошулдунбу, все товар бир гана РФ, Беларусь жана Казакстандан алыныш керек-делген. Эми ойлоп кор, Кытай-КР бажыдан млндогон киреше токтойт мамлекет казынасына, базарларда соода соолуйт, жумушсуздук кучойт,
17.04.2011. 14:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
себеби, сатуучуларга пайда жок, же аренда, налог арзан эмес, канчалаган элдин бизнеси аксайт, эл бизнестин, базардын эсебинен жашап келе жаткан болчу. Бийлик БСнын зыянын жашырып айтпай жатат (аларга пайда да), а негизи абдан коп, аны келечекте коробуз!!!
17.04.2011. 15:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
05-04-2011
Соӊку аракети:
08-05-2013 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
UvE ЭН ТУРА ЖАЗЫПСЫЗ,Атамбаев озун эле ойлобой элди ойлобойт бекен,жаман нервге эле тийишет бийликтегилер ненавижу всех!!!
17.04.2011. 18:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
10-10-2010
Соӊку аракети:
15-12-2011 19:51
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE оюна толук кошулам.
18.04.2011. 14:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
29-09-2008
Соӊку аракети:
20-01-2014 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
бажы союзуна кошулсак орто азиядагы эн чон, кыргызстанды элин багып жаткан дордой базары жабылат же акырындык менен жок болот. дордой жок болсо бут кыргызстандагы базарлар токтойт эл жумушсуз калат. кыргызстандагы чон-чон бизнесмендер, карапайым эл башка олкого жумуш издеп кете баштайт. элсиз калган кыргызстаныбыз жоюлуп кетиши мумкун!
18.04.2011. 14:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
БСга кошулуу демилгесин депутаттар жакташты, кечээ куну инеттен окудум Азаттыктын сайтынан! Ушундай чонураак элге тиешелуу маселелерди биринчи элге тушунук берип, анан элге шайлоого койсо, эл озу тандаса жакшы болмок, себеби, бул маселе коптон-коп элге тиешелуу болуп жатпайбы! Ушундай закон киргизуу керек Конституцияга!
19.04.2011. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
07-09-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле эмнеси болсо да жакшы жагына оосок болду...
Саясатчылардын да билгени бардыр мындай чон кадамга бара турган сон.....
19.04.2011. 11:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
БС кирсек, утулганыбыз -реэкспорт тармагы. Кытай, Туркия жана башка жактан арзан баада келип жаткан товарлар кайра эле Казакстан, Россияга дунунон сатуу буулат. Жергебиздеги чон базарларда реэкспортко байланыштуу иш менен камсыз болгон элдин саны, башкача айткнада алып сатар коп,алардын капчыгын жукартат. Кыскасы, Кыргызстан бул союзга кируу менен, какап-чакап жотолуп калышы ыктымал.
19.04.2011. 11:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажы союзунун пайдасы - тоо-кен жана энергетика тармагы учун зыяндуу эместигинде. Бул учун инвесторлорду качыруу эмес, кыргызстанга тартуу керек го дейм.
19.04.2011. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
05-04-2010
Соӊку аракети:
19-10-2017 10:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз эртеби кечпи бул Таможенный союзга киришибиз керек. Анткени Бул Уюмга Озбекстан, Тажикистан да киргенге аракет кылып жатышат. Анпесе биз Экономический блокадада калабыз. Ортомчулуктан биз озубуздон продукция чыгарганга отушубуз керек. Ири коломдогу инвестицияларды тартып завод фабрикаларды курушубуз керек. Мына ошонд элдер жумуш менен камсыз болот.
20.04.2011. 13:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-12-2010
Соӊку аракети:
12-10-2014 23:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Билесинерби азыр Казакстан, Россия и Беларусия бул мамлекеттер ДСУга арыздарын жонотуп койушкан (заявкаларын), биз да кошулабыз дешип. А биз ДСУдан чыккыбыз келип жатат. Бул элге эч пайда алып келбейт чиновникттерге гана пайда. Мисалы: силер жыгач же темир пайдаланасынарбы? Бул ошол жактан келген негизги товарлар. А кытайдан келген товарларды менимче кунуго колдонуп и сатып алсанар керек, анан ошолор кымбаттап жатса кимге пайда?
20.04.2011. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
690
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Үналгыдан чала-була угуп калдым эле, Атамбаев айтыбаткандай болгон, Россия ГЭС куруп, кайсы бир мамлекетке эл.энергиясын сатканга кызыкдар деп, э кокуй, ал эмнеси деген боюнча аныгына жете албай журом, Кудай жон эле берип койгон эгемендигибиз учун эле чыйпылыктап, жан алым калбайт.
23.04.2011. 16:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-12-2010
Соӊку аракети:
19-03-2013 18:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан БСга кирсе бир аз убакыттын ичинде 3чу которулуш 100% болот! Бизге анын кереги жок. БС нын пайдасы Беларусия, Казакстан, жана Россияга ото керек! Анткени аларга Кытай чон конкурент алар озунун гана товарларын бизге сата башташат кымбат баада аа азыр биз андай товарды 2-3 эсе арзан кошуна Кытайдан сатып алабыз! Чиновниктер элди укпай кошулуп алышы мумкун. Анткени казынага тушкон акчаны чиновниктер болуп алышат! Кытайдын товарлары менен бут дуйно жузу колдонуп жатпайбы! Элди ойлогула!!!
25.04.2011. 05:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-01-2011
Соӊку аракети:
03-02-2018 02:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди ойлогула бийликтегилер!!! Ансызда кыйналган элди кыйнайсынар. Ойлонгула Каддафиден улгу алгыла элин кандай багышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: