Мындан бир нече жыл мурда Дубай шаарында спорт мектебин ачкан кыргыз азаматы Кубанычбек Төрөбаев жөнүндө жазганбыз. Ал ишин дагы кеңейтип, ушул айдын башында Вин Чунь Кун-фу боюнча мектеп ачты. Анын ачылышына биз дагы күбө болуп, бөтөн жерде ийгиликтерге жетишип жаткан мекендешибизди сөзгө тарттык. Анын чет элде жүрсө да, патриот катары «элиме пайдам тийсин» деп бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандыгы кубандырды.
ТӨРӨБАЕВ КУБАНЫЧБЕК МУСАЕВИЧ
Туулган жылы – 1975-жыл, 21-июль
Туулган жери – Баткен облусу, Самаркандек айылы
Даражалары – Вин Чунь Кун-фу боюнча 6-дан, Жит Кун До боюнча 7-дан
Кумири – Ип Ман
Хоббиси – Спорт, китеп окуу
КРнын Юридикалык академиясынын 4-курсунда сырттан окуйт
Жактырган чыгармасы – “Нөлдөн байып кетүү” (Брайан Трейси)
Максаты – Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу
Үй-бүлөлүү. 2 кыз жана 2 уулдун атасы. Жубайы – Гүлзат
Учурда – Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт
– Маегибизди 5-апрелдеги спорт залынын ачылышынан баштасак. Эмне себептен жаңы зал ачуу зарылчылыгы келип чыкты? Ачылышына кимдерди чакырдыңыз?
– Мурдагы зал чакан болуп, окуучулар батпай кеткендиктен, чоң имарат таап, кайра ачылыш аземин өткөрдүк. Ачылышка Гонконгдон устатым Дональд Мак, Шаржа шаарынын шейхинин кичүү уулу ханзаада шейх Файсал Касми, Дубай Эмиратынын Спорт министри, КРнын Консулу Учкун Эралиев, бул жакта жүргөн жеке ишкерлерибизден Чолпон Асанов жана Чыңгыз Шерматов, казак ишкерлери Канат Искаков, Серик Искаков, орус ишкери Владимир Бурдин жана Дубайдагы досторум, окуучуларым катышты. Кыргызстандыктар да күбө болушсун деп сиздердин гезит менен “Азаттык” үналгысынын өкүлдөрүн чакырдым.
– Дубайдын полиция кызматкерлерине сабак берериңизден кабарыбыз бар. Спорт залыңызда дагы кимдер машыгышат?
– Учурда полиция кызматкерлерине атайын залдарына барып сабак берем. Спорт залыма каалоочулардын баары, башкача айтканда, ар улуттун өкүлдөрү келип машыгышат. Жергиликтүү арабдардан тартып теги америкалык, австралиялык, африкалык, филиппиндиктерге чейин келип сабак алгандар бар.
– Жардамчыларыңыз бар да?
– Ооба, 2 жардамчым бар: Баткенден Мухаммед жана Ысык-Көлдөн Самат деген жигиттер. Ошондой эле Өзбекстандан Озод, Англиядан Тони, Египеттен Вайл, Дубайдан Мансур менен Жамал деген инструкторлор бар.
– 3 жыл мурда биздин гезитке берген маегиңизде “Кыргызстанда да спорт мектептерин ачам” деп айткансыз...
– Буюрса, ал тилегимдин орундалышына да саналуу күндөр калды. Ушул жылдын июль айында Бишкекте спорт залын салтанаттуу түрдө ачабыз.
– Машыктыруучулуктан тышкары эмне менен алектенесиз?
– Учурда бизнес менен алектенип жатам. Кыймылсыз мүлк сатуу менен иш алып барам. Орусиялык жана арабиялыктардын ортосунда газ жана мунай боюнча бизнесинде брокермин. Мындан тышкары шейхтердин айткан жумуштарын аткара коём.
– Биз бул жакта жүрүп Кыргызстандан экенибизди айтканыбызда көбү биле беришпеди андай өлкөнү. Эмираттарда биздин өлкө тууралуу таптакыр билишпейби?
– Чынында, мурда анча билишчү эмес. Акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан саясий окуялардан улам билип, кабар алып калышкан. Билбегенине себеп бар. Биздин бийликтегилер бул жакка келишпейт. Алсак, Акаев келип, кийин булар барабыз дегенде, ал Израилге сапар тарткан. Анан булар еврейлерди жаман көрүшөт да, ошондуктан биз менен мамиле кургулары келбей калган. Бакиев да келем деп коюп келген эмес. Биздин чоңдор келмейинче бул жактагылар бизди таанышпайт. Президентпи же өкмөт башчыбы, келип кетсе, анан булар бизди таанып, мамиле жасай башташат. Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан, өзүбүздү өзүбүз таанытпасак, бизди эч ким таанытпайт. Бир айта кетчү нерсе, арабдар Египет, Ливиядагы окуяларды көрүп, “кыргыздар арабдарга революцияны жуктурушту” деп тамашалап калышат.
– Дубайда сизге жардам сурап кайрылган кыргыздар көп эле болсо керек?
– Ооба, көп эле. Менин полиция кызматкерлери менен байланышым болгондуктан, мыйзам жагынан маселе жаралып, түрмөгө түшүп калган мекендештерибиз кайрылып калышат. Жардамымды аябай, колдон келген көмөгүмдү көрсөтөм.
– Сиз аздыр-көптүр бул жакта жашап, жергиликтүү адамдар менен тааныштыгыңыз бар. Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча аракеттерди жасадыңыз беле?
– Бакиевдин тушунда Максим Бакиевге 14 долбоор сунуштагам. Жыйынтык чыкпай, 2 ай өтпөй алар бийликтен кетишти. Ал долбоорлордун арасында Кыргызстандын ар бир облусуна бирден завод куруу бар. Эгер бул ишке ашып калса, миңдеген мекендештерибиз Орусияга барбай, үй-бүлөсүнүн жанында эмгектенишмек. Ошондой эле ири шаарларга машина токтотуучу жайларды ачуу жана электрондук радарларды орнотуу долбоорлору да бар. Башкысы, арабдар да, биз да мусулманбыз. Арабдар бизге инвестиция жумшоого оозеки макулдугун беришкен.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз. Жубайыңыз эмне менен алектенет? Балдарыңыз кандай мектепте окушат?
– Жубайымдын аты – Гүлзат. Балдарым менен үйдө. Улуу кызым Муслима 3-класста жана экинчи кызым Мадина 1-класста окуйт. Экөө тең орус мектепте билим алышат. Анан 6 жаштагы Мухаммед Али, 3 жаштагы Мухаммед Амин деген уулдарым бар.
– Ата-энеңиз айылда турушабы? Канча бир туугансыз?
– Атам Муса ажы жана апам Тургунай ажы экөө тең айылда. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Иним жана эки карындашым бар. Иним Бакыт үй-бүлөлүү. Айылда ата-энем менен турат. Гүлназ аттуу карындашым УКМКда иштейт. Кичүү карындашым Миңгүл Кыргыз-Кувейт университетинде 3-курста окуйт.
– Ийгиликтерге жетүү үчүн адам көптөгөн кыйынчылыктарга туш болору белгилүү. Азыр артка кылчайып жылмаюу менен эстей турган кыйын күндөр болгондур...
– Албетте. Жаңы келгенде көчөдө, сейил бактарда уктачумун. Бул жакта асманды карап жылдыз санайын десең, жылдыз да көрүнбөйт. Деңиз боюна барып арабча, англисче китептерди окуп, ыйлап жаткан күндөр болгон. Уктайын десең, уктай албайсың. Ысык 50 градуска жетет. Тердеп, кийимиң денеңе жабышат. Күндүз көзүң шишип, жумуш издеп жүрөсүң темселеп. Негизи, адам баласы кыйналат да. Ошого сабыр кылыш керек. Дубай бир нерсени гана талап кылат: кыйынчылыктарга сабыр кылсаң, ошондо ийгиликке жетишесиң.
– Эгер сиз “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз, эмне деген тыянак жазат элеңиз?
– Мен сага жөнөкөй бир мусулманча ийгиликке жетишүүнүн формуласын айтып берейин. Алгач адам баласы жүрөктө ниет кылат. Анан жүрөк башка «СМС» жөнөтөт. Башта көптөгөн ачылбаган «файлдар» бар. Керектүү «файл» табылгандан кийин ал жөнүндө кыялданып, аны ишке ашыруунун жолдорун издеп баштайсың. Анан Жараткан ага макулдугун берип, кол коюп, кайра жүрөккө берет. Анын ишке ашуусу үчүн жүрөгүң таза болушу керек. Эгер жүрөгүң таза болсо, ал ишке ашат. Эгер күнөөлөрүң көп болуп, жүрөгүң таза эмес болсо, анда ал нерседен куру каласың. Муну аба майданына салыштырсак болот. Эгер кандайдыр бир учак коноюн десе аба майданы бош эмес болсо, учак башка аба майданына конууга аргасыз болот эмеспи. Айтор, эгер сен кандайдыр бир нерсени чын жүрөктөн кааласаң, ага жетесиң, Кудай берет. Ар бир адамдын кыялы болушу керек.
– Учурда сиздин кандай кыялыңыз бар?
– Азыр менин эки кыялым бар. Биринчиси – туулуп-өскөн Баткен районунун Самаркандек айылына суу чыгаруу. Себеби кыргыз тоосунан түшкөн суу тажиктерге өтүп кетет. 1990-жылдары ошонун айынан чоң уруш чыккан. Тажиктер биздин сууну биздин жерге алмаштырышат, “жер берсеңер, суу беребиз” деп. Учурда дыйканчылык үчүн, өрүктөрдү сугаруу үчүн, керек болсо ичкенге да суу жок. Союз кезинде Баткендеги өрүктүн кирешеси кийинки өрүк бышкыча жетчү. Азыр өрүктөр кургап жок болгон. Айылдардагы жаштар Орусияга иштеп кетишкен. Жерлерибизди тажиктер ээлеп, талашып, суу бербей жаткан кез. Акыркы жаңылыктардан көрүп жатсаңар керек, тажиктер менен чырлар чыгып жатканын. Суу бизде кеңири болуш үчүн тоону 3 чакырымдай тешип дамба куруп, 20 чакырымга канал курсак, көп аянттар өрүкзарга айланат. Анан даңазалангандай эле Баткен өрүкзардын мекенине айланат, тажиктерден көз каранды болбойбуз. Буга араб инвесторлорунун 10 миллион доллар жардам катары беребиз деген убадаларын кармап отурам.
Экинчиси – 7 облустун ар бирине бирден завод куруу. Бирок бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тараптан бизге колдоо, колдоодон мурда кепилдик керек. Биз кыргыз бийликтерине Дубайга Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүн ачуу маселесин да сунуштап жатабыз. Эгер мындай өкүлчүлүк ачылса, эки тараптуу кызматташтыкты жандантууга, жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө түзүлмөк. Башкы максатыбыз – Кыргызстанга инвестиция тартуу. Бул үчүн Кыргызстандын өкмөт башчысынын Дубайга иш сапарын уюштуруу керек. Мындай сунушту биз Дубайдагы Кыргызстандын башкы консулдугуна айттык, алар азыр уюштуруу иштерин даярдап жатса керек. Биздин бийлик так иштешип, инвестицияга көндүрсөк, араб инвесторлору миллиондогон акчаларды жумшоого даяр. Менин 15 жылдан бери кыялданып келгеним ушул.
– Биздин гезитти сыйлап, Дубайга чакырганыңызга чоң рахмат! Максаттарыңыздын ишке ашуусуна тилектешпиз. Ийгилик сизге!
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg