Роза Отунбаеванын ажолук доору 2011-жылдын 31-декабрында бүтөт. Андыктан Ак үй менен Көк үйдүн кабинеттеринде, аймактарда президенттик шайлоого карата кызуу даярдык башталды. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун кызматтан алынып, өлкө башында турган эки-үч инсанга карата оор айыптарды айтышы шайлоого даярдыкты бир топ жандандырып жиберди. Ким президент болот? Учурда жалпы Кыргызстан элинин көңүлүн ушул суроо кытыгылап турган кези. Саясий оюндарга кылдат баам салып турган тарыхчы, саясий серепчи Табылды Акеров менен баарлашып, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу кызыктуу жоромолун эшиттик. Аны менен сиздерди да тааныштырмакчыбыз.
ШАЙЛОО КАНДАЙ НЕГИЗДЕ ӨТҮШҮ МҮМКҮН?
– “Ким президент болушу мүмкүн?” деп баш катыруудан мурда шайлоонун өзү тууралуу кеп кылгым келет. Мына, революциядан кийин Конституция кабыл алдык, президентти, парламентти шайладык, демократиялык багытты бекемдедик. Эми алдыда турган президенттик шайлоону да татыктуу өткөрүп алууга аракет кылышыбыз шарт. Менимче, шайлоо 2 негизде өтүшү ыктымал:
Биринчи негиз, Кыргызстан коомчулугу баягы Акаев, Бакиев тушундагыдай эле чачыранды болуп, 40ка жакын талапкерди чыгарып, шайлоону уруу-уруу, жек-жаат болуп бөлүнүү жолунда өткөрүшү мүмкүн.
Экинчи негиз, тиги Европа, Американын тажрыйбасындагыдай күчтүү эки талапкер чыгып ат салышса, кимиси утса, ошонусу президент болушу мүмкүн. Азыр саясий чөйрөдө саясатчылардын Атамбаевдин тегерегине ыктай баштаганы байкалууда. Мына, “Ар-намыстын” 10 депутатынын мыйзамсыз болсо дагы коалицияга кошулуу ниетин ачык билдиргендери бул ойду бекемдейт.
Ушундай эле күчтүү экинчи фигура – Өмүрбек Текебаев. Бул кишинин тегерегине да бир топ саясатчылар чогула башташты. Албетте, күзгө чейин бир канча убакыт бар. Бирок мен ойлойм, саясаттагы негизги күчтөр, оюнчулар ушул экөөнүн тегерегине топтолушат. Кимиси утары багынан, анан буйруктан болот.
Эгер шайлоону ушундай негизде өткөрүүгө кудуретибиз жетсе, анда Кыргызстан үчүн өтө чоң жеңиш болор эле. Мындай таймаш көп нерсени өзгөртөт. Экөө тең революциянын негизинде бийликке келишти, элге демократияны беришти. Андыктан экөөнү тең эл жакшы кабыл алмак. Андайда эл “сен акаевчисиң, сен бакиевчисиң, сен революциячысың” деп бөлүнмөк эмес. Экөөнү кыргызбы, өзбекпи, тажикпи, дунганбы, баары бирдей кабыл алып, чыныгы атаандаштыкка негизделген нукура шайлоо өтмөк.
Кийинки президенттик шайлоолор да ушул нукка түшмөк. Анан айыл-айыл болуп шайлоодо чабышуулар, ага-ини болуп “тигини колдо, муну колдо” деп мушташуулар, “биздин бала” деген негизде кокту-колоттук бөлүнүү токтомок.
РОЗА ОТУНБАЕВА
– Кыргызда аялзатынан чыккан биринчи президент Роза Отунбаеваны “коалицияны уратып, ЖКны таратып, президенттик мөөнөтүн узартып алмакчы” деп айыптагандар да болду. Бирок ажо кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын баса белгилеп айтып келе жатат. Ал “кийинки мөөнөткө барам” деген күндө да саясий абал мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан, менимче, Отунбаева өз сөзүнө туруп, президенттикке ат салышпайт болушу керек. Барбаганы кыргыз эли, келечеги үчүн да жакшы. Анткени ага ушундай негизде ыйгарым укук берилген, вазийпа жүктөлгөн, кийинки президенттерге үлгү болсун деген ниет коюлган.
“Ажолуктан кеткен соң Отунбаева БУУ сыяктуу үлкөн уюмдардын бирине жакшы кызматка барат” деген имиштер бар. Болушу мүмкүн. Анткени Роза айым эл аралык уюмдардагы ири кызматтарды аркалап келген. Иш тажрыйбасы да, аброю да жетиштүү.
ӨЗ КҮЧҮН СЫНАП КӨРМӨКЧҮ БОЛГОНДОР БАР
– Саясий чөйрөдө дагы бир топ саясатчылардын “өз күчүмдү сынап көрсөм” деп белсенип тургандары байкалат. Бирок алардын тегерегине Атамбаев же Текебаевдин деңгээлиндегидей топтордун үймөлөктөшкөнү байкалбайт.
Алсак, Адахан Мадумаровдун президенттикке ат салышары анык. Ооба, ал кишинин капчыгы жукараак. Бирок түштүк электоратына таянат. Камчыбек Ташиев болсо “президенттикке ат салышпайм” деп айтты. Бирок саясатчы катары учурдагы абалга баа берип, байкап турат. Шайлоо жакындаганда акыркы чечимин билдирет. Бул адам да түштүк электоратынын колдоосуна таянат. Ошондой эле Марат Султанов президенттикке ат салышмакчы. Темир Сариевде да ушундай ой бар деген пикирдемин. Феликс Кулов болсо талапкер катары эмес, кайсы бир талапкерге сүрөөнчү катары катышышы мүмкүн.
Эми Бабановго токтолсок. Менимче, бул мырза да саясий абалга карап иш кылат. Эгер негизги талапкерлердин, айталы, Атамбаев же Текебаевдин баркы түшүп, эл кабыл албай баратса, анда ат салышышы мүмкүн. Бирок андай болбойт деп ойлойм. Анын Атамбаевдин командасында болору анык.
Азимбек Бекназаров мамлекеттик кызматкер катары президенттикке ат салышпайт. Андыктан утуп чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар топту колдойт. Менимче, Атамбаевге ыктайт.
"ОЮНДУН" СЦЕНАРИЙИ ӨЗГӨРҮП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ
– Бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Бакиевдер да, Акаевдер да Кыргызстанда өз таасирин жоготпой, балким, реабилитацияланып кайтып келүү үчүн шайлоого түздөн-түз аракет кылышы мүмкүн. Мына ушундай "оюндар" башталса, анда жогоруда айтылган формула – Атамбаев-Текебаев таймашы бузулат. Алар мурун өздөрү чогуу иштеген бир саясатчыга ставка коюп, акча берип, айланасына өз кадрларын чогултуп, жанагы формуланы бузуп жибериши мүмкүн. Андыктан Кыргызстандагы саясатчылар мындай амалдарга алданбай, негизги эки фигуранын айланасына топтолушса, Кыргызстан үчүн эң маанилүү этаптан өтмөкпүз. Мындайча айтканда, саясатчылардын баары ушул шайлоого акча менен эмес, күч менен эмес, акыл менен, түшүнүү менен мамиле кылса, коом да, мамлекет да утат деп ишенем.
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ӨТҮШҮ ДА ТОЛУК МҮМКҮН
– Азыр коомчулукта “президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн” деген жоромолдор көп айтылууда. Эгер ушундай болсо, анда башкалар шайлоого жетишерлик даярдык көрө албай калышат да, Атамбаевдин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Негизи, саясат өтө опурталдуу. Ар кандай кызыкчылыктар кагылышат. Акыркы күндөрү парламентте болгон окуяларды, мушташтарды мисал кылууга болот. Ошондой эле башкы прокурор кызматтан алынган соң так фактылары берилбесе да, бир топ былыктардын айтылып кетиши айрым саясатчылардын аброюн төмөндөттү, элдин ишенимин солгундатты. Бийликтегилер бурчка такалып калышты десе болот. Андыктан Жогорку Кеңештеги баш аламандыкка шылтоолоп президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда жарыяланып кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо көрсөтпөдүбү. Анда да революциячыл партиялар “эртерээк шайлоону өткөрүп, парламентти калыптандырып алалы” деп шашышкан. Ал кезде Отунбаева президенттикке келген болчу. Бирок президент жана анын аппарат жетекчиси негедир парламенттик шайлоону кечеңдетип туруп алды. Ал ортодо айрым партиялар өзүн жарнамалап, элге таанылып, коомго таасир берип алган соң шайлоо жарыяланды. Жашырганда эмне, ошол учурда абдан аброю артып турган “Ата Мекен” партиясынын рейтингин солгундатуу, башка партиялардын деңгээлин бир аз көтөрүп алуу аракеттери болду да. “Ата Мекендин” добуштарын берки партияга алып бериш үчүн ошондой ыкманы колдонушту деп ойлойм. Бул жолу деле бийлик өз күчүнө ишене албаса, кайрадан мындай ыкмаларды колдонушу мүмкүн.
Президенттик шайлоо алдында талапкерлер эл менен жолугушуу өткөрүшүүдө. Талапкерлердин бири сүйлөп жатат:
– Буюрса, Кыргызстан өнүгөт. Биз жакшы жашайбыз! Мингенибиз Лексус, жашаганыбыз особняк болот!
Анда бирөө унчугат:
– Силердин жашоо жакшы болорун билебиз. А биз качан жакшы жашайбыз?
Шаиста Шатманова
koom@super.kg