Эропоэзия
Оттой ысык сенин жумшак кучагың,
Кучагыңда бүркүт болуп учамын.
Жыттап-жыттап, жата берем кармалап,
Тиштегилеп эмчегиңдин учтарын.
Эки дене бир бүтүнгө айланып,
Колдор колго, буттар бутка байланып.
Өпсөм деле назик денең миң жолу,
Тойбойм деле эринимди жаланып.
Чачтарыңдын тал-талынан адашып,
Чачың жайып жатканыңа мен ашык.
Жээкте калган балык болуп туйлаган,
Балдай ширин, чок денеңе мен ашык.
Жалынычтуу онтоо дабыш угулуп,
Кумар толгон көздөр назик жумулуп.
Мээрим чачкан мөлтүр жүзүң, каректер,
Ургаачы жолборс болуп кетет кубулуп.
xxx
Кучактап, назик кармалап,
Бут денем сага арбалат...
Төшөккө бизди сүйрөгөн,
Эх, кандай таттуу махабат!..
Жылаңач сенин денеңе,
Ай нуру тиет куюлуп.
Кумарга жүрөк чыдабай,
Уйкуну койдук унутуп...
Тырмактар жонго малынып,
От чачып ооздор жалынып...
Кыскарып кеткен мындайда,
Эх, ушул түнгө таарындым!..
СССР 2009
Эротикалык тамаша
ЖЕЛБЕЙ КАЛГАН СОСИСКА
Аңчылыкка чыккан Курал менен Турал кайтып келе жатышканда азыктары түгөнүп, бир гана сосиска калат. Турал:
– Ушуну кээ бир аялдар бир нерсеге окшоштуруп, сөз кылышат экен, эй. А биз, эркектерге аны окшоштуруунун деле кереги жок да, чынбы? Андан көрө бөлүп жеп койгонубуз оң.
– Эй, жок, токтой тур. Бөлбөйбүз. Ким эротикалык, болгондо да кызыктуу анекдот айтса, ошол жесин.
– Ошондойбу, болуптур анда,- деген Турал биринчи болуп сөз алат.
“Индейлердин үй-бүлөсү алачыкта отурушат дейт. Улуу баласы сурайт: – Ата, эмне үчүн менин ысымым Тез жүгүргөн элик?
– Сени биз жаратып жатканыбызда алачыктын жанынан элик чуркап өткөн. Андыктан сени ошентип атап койгонбуз.
Кызы сурайт: – А, эмне үчүн менин атым Жаркырак Жылдыз?
– Сени жаратып жатканыбызда төбөбүздө жаркырак жылдыз турган. Атың ошондон улам коюлган.
Үчүнчү баласы сурайт: – А менин атым эмнени билдирет?
– А сен, Жыртык резина, унчукпа!”- деген экен.
Жылмайган Куралга сөз кезеги келет.
“Айшакан керебетти эшикке чыгарып жатат дейт. Курбусу: – Эмнеге аны чыгарып жатасың?
– Мен күйөөмдүн көзүнө чөп салып, мында башка менен жаткам.
Анда беркиси: – Мен андай буюмдарды ыргытсам, үйдө буюм калбай калмак”,-дейт имиш.
– Атаңдын көрү, ойнош күткөн жагынан жөн эле чемпион аял тура,-деп кашын көтөргөн Турал сөздү улайт.
“Жаш жубайлар өз-өзүнчө эс алышат. Көзгө эки ирет чөп салууга болот деп макулдашышат. Үйлөрүнө кайтып келишкенде күйөөсү: – Мен сени эки ирет алмаштырдым. Биринчисинде спортчу айым, экинчисинде бийчи менен,- дейт. Анда аялы: – Мен да сени эки жолу алмаштырдым. Алгач баскетбол клубу, кийин эстрадалык оркестр менен»,- дептир.
– Омей, мунуң ошондо 20дан ашык эркек менен болгонбу?- деген Курал сөз алат.
«Квартирада телефон чырылдайт. Аялы трубканы көтөрсө эркек: – Сен жакшынакай аялсыңбы?- деп сурайт.
Аял: –Келесоо десе,- деп туруп коюп салат. Кайрадан телефон чырылдайт. Аял алса жанагы эркек ошол эле суроону берет. Күйөөсүнүн ачуусу келип: – Үйгө кел дечи. Аны менен эркекче сүйлөшөйүн,-деп жинденет.
Эркек келет. Аял: – Жанагы суроону эмнеге кайталап жатасыз?
– Эгер сиз жакшынакай аял болсоңуз, эмне үчүн күйөөңүз менин аялыма барат, билейин дегем»,-дептир.
Муну уккан Турал: – Эй, дос, муну менен мага эмнеге тийишип жатасың? Сага үч жолу барганымда тең жок болуп, анан аялың менен сүйлөшүп отурганымда келип калганың үчүнбү? Мен аялыңа сен жокто тийишейин деп барган эмесмин,-деп кызаңдайт. Сөздөн сөз чыгып, экөө жулмалаша кетип, чоң сууга кулап кетишет. Ошентип, сосиска биякта калып, окуя суу болгон кийимдерди кургатуу менен аяктаптыр.
Эротикалык жаңылыктар
100гө ЧЫККЫЧА ЭРКЕК БОЙДОН КАЛУУ
“Жүзгө чыккыча жашагыла!” деп жубайларга туулган күндөрдө каалоо айтышат. Бирок мырзаларга узак жашоо менен кошо толук кандуу эркек бойдон калуу чоң маселе.
Илимпоздордун жаңы изилдөөсүнө көңүл бурсак, эркек боюнча калууга таза аба, туура тамактануу, убак-убагы менен кара жумуш жасоодон тышкары баягы эле секс жардам берет экен. Бирөө менен болбосо да мастурбация аркылуу канааттануу деле жарайт. Башкысы, 1 апта ичинде 3төн кем эмес төшөк оюну менен алектенүү керек. Бул көрсөтмөнү 30 жыл карманса, анда эркек 70 жана андан ашканда да эркек бойдон кала алат. Ал тургай балалуу болууга да мүмкүнчүлүгү болот.
Эгер эркек аптасына төшөк оюнуна 2 же 1 ирет гана барса, анда күүдөн таюу эртелейт да, жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Ал эми өтө темпераменттүү болсоңуз, күндө кошулуу зыян эмес. Кыскасы, эркектер интимдик жашоого жакшылап көңүл буруулары кажет.
СҮЙҮҮ КАТТАРЫ САТЫЛДЫ
Жакын досунун автожоопберүүчүсүнө калтырган Мадоннанын билдирүүсү жана экөөнүн каттары АКШдагы аукциондо 40 миң долларга сатылды.
Ал эми убагындагы англиялык адмирал Горацио Нельсондун Эмма Гамильтонго жазган эротикалык каты аукциондо 35 миң долларга бааланды. Катта “Сүйүүм менин, мен сени тынымсыз ойлой берүүдөн улам уктай да, тамак да иче албай калдым. Жадакалса мен жакшы көргөн таттуу токочко да колумду созбодум...” делет. Нельсон бул катты жазып жаткан кезде анын кол астындагы деңиз аскерлери Жер Ортолук деңизинде Наполеондун флотунун курчоосунан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан экен.
Кызык экен
ЖАНЫБАРЛАР АРАСЫНДАГЫ СҮЙҮҮ
Шимпанзе
Шимпанзелер олуттуу мамиле куруунун ордуна кыска убакытка созулган мамилени тандап алышат. Экөө бири-бирине кам көрүп, денеге жабышкан нерселерди тазалашат, өбүшөт, тапкандары менен бөлүшүп, чогуу тамактанышат жана бирге укташат. Урушуп кетишсе кайра табышып, апсайган жүндөрүн манжалары менен сылап жаткызышат. Кыскасы, кыска эмгек өргүүсүндө бирге болгондой болушат. Айта кетчү нерсе, шимпанзенин “жакын туугандары” делген боноболор бетме-бет отуруп алып кошулушат.
Алачыкчы чымчык
Сүйүүнү акчага сатып алууга мүмкүн эмес, бирок сүйүүнү жакшынакай алачыкка сатып алса болот. Бул сөз түз маанисинде алачык куруучу чымчыктарга тиешелүү.
Ургаачысынын көңүлүн бурдуруу максатында эркеги жерге майда бутак, чөп, мохтордон алачык сымал үй курат. Ал тургай майда сөөк, матанын айрындыларын, гүлдөрдү, канаттуулардын кооз жүндөрүн, шуру менен топчуларды, бөтөлкөнүн сыныгын апкелип, үйүн кооздоп да коёт. Алачыкка “десертке” жер-жемиштерди да ташып апкелет.
Алачык бул – уя эмес, болгону, жолугушуу өтүүчү жай. Ошентип, ишин бүтүргөн чымчык ургаачысын күтөт. Анысы учуп келгенде адегенде бийлеп, ырдап, башка канаттуулардын үнүн туурап, сындан өтөт. Эгер ургаачысы аны жактырса, анда алачыкка кирет.
Бирок ургаачылары жеңил ойлуу келгендиктен, каалаган учурунда башка алачыкты көздөп учуп кетет.
Талаа чычканы
Бул жаныбарлар түгөйү каза болгондон кийин жаңы шерик издешпейт. Өз алдынча жашоо өткөрүп жүрө беришет. Башка сүт эмүүчүлөрдөн ушул жагы менен айырмаланышат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg