«СУПЕР-ИНФО» 9 ЖАШТА, СУПЕРФУТБОЛДО 9 КОМАНДА!

БЕЛЕКТЕРГЕ БАЙ МАЙРАМ
Урматтуу окурмандар жана спорт күйөрмандары! Быйыл Олимпиада же мундиаль сыяктуу чоң спорттук мелдеш жок деп көңүлүңүздөрдү чөктүрбөңүздөр.
“Супер-Инфо” быйыл да сиздерге чыныгы спорттук майрам уюштуруп берүүгө бел байлады. Укмуштуу эмоциялар, кубаныч жана адреналинди каалайсызбы? Анда 28-29-май күндөрү өтө турган “Супер-Инфонун” кубогуна келиңиз. Чыныгы шоу болот дегенге 100 пайыз кепилдик бар. “Суперфутбол-2011” “Супер-Инфонун” 9 жылдыгынын кульминациясы болмокчу.

АР БИР КҮЙӨРМАНГА БАЛМУЗДАК
Жалпыга маалым болгондой, 2008-жылдан тарта жылдыздар арасында футбол уюштуруп келаткан “суперчилер” былтыртан баштап түрдүү чөйрөнүн өкүлдөрүнүн арасында кубок өткөрүп баштады. Бул жолку мелдеште чемпиондукка ат салышчу командалар 8ге жетти. Алардын арасында сюрприз команда да бар. Ал эми 9-команда, албетте, күйөрмандар болот. Алар таймашка катышпаса да, өз командаларын алга сүрөп турат эмеспи. 9 жылдык тойдо ар бир күйөрманга балмуздак бекер таратылат.

ЖЕҢИЛГЕН КОМАНДА КОЙ АЛАТ
Кайсы таймаш сыйлыксыз өтмөк эле? Андыктан “Супердин” кубогунда жеңүүчү командадан баштап күйөрмандарга чейин сыйлыксыз калбайт. Чемпион болгон команда алтын медалдар менен кубокко ээ болсо, финалда жеңилип калган команда көңүлүн шишкебек менен жубатса болот. Анткени 2-орунга күмүш медалдарга кошо кой берилет.
Мелдешке кимдер катышары, оюн шарттары жана жалпы эле мелдеш тууралуу эмки сандарыбызда жазабыз. Баса, урааныбыз – “Кыргызстандын жаштары биримдик жана сергек жашоо үчүн!”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sooqa
2011-05-06 16:25:54
Бал муздак берсе келем %:)
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан