“Тойго келгиле” деген сөздөр көп айтылып, кыргызбыз да, баштык-үштүктү даярдап жөнөп калабыз. Бирок той ченеминен ашып, чөнтөккө залал келтирип жаткан учурлар да аз эмес. Чындыгында эле акыркы акчасына той берип отуруп калуу туурабы? Бизге окшогон жарды өлкөгө ушул нерсенин кереги барбы? Кеп ушул тууралуу болсун.
(Биздин дебатка ЖКнын экс-депутаты Бегалы Наргозуев, Кыргызстан Мусулман дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Равшан Эрматов, актёр Азамат Арыков жана журналист Расул Усеналиев катышты)
– Саламатсыздарбы, коноктор, бүгүнкү темабыз тойго кеткен чыгымдар тууралуу болмокчу. Буга пикириңиздерди угууга даярбыз. Бегалы Наргозуев: – Мен баарыңардан улуу окшойм, ошон үчүн алгач сөздү мен алайын. Тойду кыргыздар бата алуу үчүн беришкен. Азыркы учурда атаандашуу үчүн той берип жаткандар көп. Илгертен келе жаткан салтты бурмалап, тойду жарышка айлантуу туура эмес деп ойлойм. Байлыкты башка жол менен деле демонстрацияласа болот го. Бери дегенде бир тойго 100 миң сом кетет экен. Ошол акчаны айыл жергелерине таза суу өткөрүүгө жумшасак, бул сооптуу иш болор эле. Той жарышын сооп жарышка жумшаганда пайдасы арбын болмок.
Расул Усеналиев: – Мен да сизге кошулам. Бирок кыргызда адамды акыркы сапарга узатууда деле ошончо акча кетет го. Ага караганда тойго кетип турганы жакшы эмеспи. Равшан Эрматов: – Бул сурооңо мен жооп берейин. Негизи, каза болгондо той сыяктуу кылып мал союу таптакыр туура эмес. Эми тойго келсек, ислам дининде “ар бир нерсени өз кудуретиңе жараша жаса” делет. Жараткан мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча чыгымды мажбурлаган эмес. Болгон-тапкан, кээ бири өмүр бою чогултканын бир күнгө жетпей атаандашып тойго чачып салганы кантип туура болсун? Көрүп эле жүрөм, жаштар ата-энесине догун артып, урушуп-талашып жатып той уюштурганга мажбурлашат. Андан көрө ошол акчага “ата, мага жер тилкесин сатып бер” десе болот го.
Азамат Арыков: – Тойдо чыгым эле эмес, пайда да түшкөн учурлар болот. Ошондуктан бул жак тарабын да эске алсак кантет?
Равшан Эрматов: – Той аркылуу киреше жыйнагандар да жок эмес. Бирок ал байлардын арасында гана байкалат. Анткени алардын катышы чоң. Чоң акча менен бир жерге барса, ага да ошондой жооп бериши керек. Эми орто жашагандарга анчалык деле киреше түшпөйт. Анткени кафеге өткөрсө, анын жарымын жеп, жарымын салып кетишет. А бирок алып келген кошумчасы алып кеткен эмес, жеген тамагын да актабай калышы мүмкүн. Мындай учурда той ээсине эле зыян түшөт. Анткени тойду өткөргөнгө, артисттерге, тамадага акча кетирет.
– Демек, “тирүүчүлүктүн бейиши – той” деген сөзгө кошулбайсыздар...
Бегалы Наргозуев: – Илгертен бай-манаптар той берип, кембагалдар да ага катышып, тойдон ооз тийип, анан аларга жагынып ушул макалды ойлоп табышса керек. Ал эми азыр
21-кылым, башкача ой жүгүртүү керек. Акчаны желге кетиргендин ордуна ошол эле каражатты чет мамлекеттерге чыгууга жумшаса болот. Менимче, бул макал азыр актуалдуу эмес.
Равшан Эрматов: – Мен буга кошула албайм. Жер үстүндө тойдон деле башка жыргалчылык бар. Ысырапчылыкка жол бербей, үнөмдүү, акылдуу болсок, башка нерселерден да рахат алууга болот. Өмүр бою эзилип иштеп, анан бир күндө аны чачып салуу эч кандай бейиш эмес. Жердеги гана бейишти ойлобостон, акыретти да ойлоп, тиги жашоосундагы бейишти ойлошсо демекчимин. Расул Усеналиев: – Жаштардын көз карашы менен айтканда, тойдун жакшы жактары бар экенин айта кетейин. Мисалы, мен да теңтуштарымдан калбай жакшы той өткөргүм, бата алгым келет. Бир гана жолу үйлөнөсүң, эмне үчүн ошону эсте каларлык кылып өткөргөнгө болбосун? Болгону, алына жараша иш кылса, ал адам эч качан кыйналбайт деп ойлойм. Байыртадан тойдун максаты жакындарын чогултуу, бата алуу болгон эмеспи.
Равшан Эрматов: – Эгерде чындап жакшы көрсөң, баш кошкон учуруң өзү деле эсиңде калат. Антип чыгым болуп эсте калгандан көрө ошол акчага кийинки пайдубалыңды түзөп алганың жакшы эмеспи. Үй-бүлөдөгү көп түшүнбөстүктөр жакырчылыктан келип чыгат. Аягы үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет.
Бегалы Наргозуев: – Той таптакыр болбосун деп жаштардын үрөйүн учуралы дегенден алыспыз. Такыр эле той өткөрбөй коюу да туура эмес. Айтайын дегеним, ашыкча чыгым жумшабай деле элдин батасын алууга болот. Ал кеткен чыгымды жаштарга капитал катары бериш керек. Же үй сатып алууга жумшасын.
– “Кыргыз тою уруш менен башталып, сөгүш менен ортолоп, мушташ менен аяктайт” дегенге кошуласыздарбы?
Равшан Эрматов: – Мунун баарына арак, ичкилик күнөөлүү. Таң атпай ичкилик ичип алып, анан той башташат. Ичип алгандар сөзсүз түрдө урушушат, анан сөгүшөт, акыры мушташ менен аяктайт. Муну ким айтса да, туура баамдаптыр. Бирок менин айтарым, бардык эле той мындай эмес. Ичкиликсиз, уруш, сөгүш, мушташсыз деле өткөн тойлор аз эмес. Эгерде биз бири-бирибизди колдоп, шариат жолун жолдосок, эч бир жаман нерселерге учурабайбыз. Кечке тойлоп жүрө берип, түн бир убакытта молдо издеп калат. Баш кошуу салтанатында негизгиси – нике кыюу аземи. Ал эми түн ортосунда баласы да, кызы да мас болгондон кийин нике кыйылгандыгы – шариатка туура келбеген нерсе. Азамат Арыков: – Жок, мен “тойлордун баары мушташ менен аяктайт” дегенге кошулбайм. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бирөө-жарым болсо болгондур, бирок антип жалпылоого болбойт.
Той тууралуу ушундай бир канча пикирлер болду. Той берип, тойдун эртеси кырмычык кырып отуруп калган айрымдарга бул макала үлгү болсо деген пикир менен ойлорду жыйынтыктап, конокторубуз менен кош айтыштык.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg