Концерттен кийин
Башталышы – 19:02 (1 сааттан ашык кечикти, 22-апрелде)
Билет баасы – 300-500 сом
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Мыкты номер – “Жаным” аттуу ыры
Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова жана Эркин Рыскулбеков
Элге алгач актриса, андан кийин ырчы катары таанылган Асема жеке концертин берип жатса, кантип барбай коё алам? Бардым. Залдын толушун күтүштүбү, концерт 62 мүнөткө кеч башталды. Азырынча кечиккен жагынан быйылкы жылдагы концерттердин алдыңкы сабында. Ошентип, бир убакта сахнага бийчилер менен кошо Асема чыгып, “кутмандуу күнүңүздөр менен!” деп эл менен учурашты. Кыязы, даярдык көрүп чуркап жүрүп кеч киргенин билбей калса керек.
Асема концертине жакшы эле камылга көрүптүр. Эки чоң экран орнотулган экен, андан Асема тууралуу ар кандай маалыматтар көрсөтүлүп жатты. Ырчынын элге сюрприз кылганы го, сахнада асма жип менен көтөрүлүп алып ырдады. Ал эми төшөлгөн ак кездеме ыңгайсыздык жаратты окшойт, чыккан ырчы-бийчилердин баары ошого чалынып жатышты.
Концертке Гүлнур Сатылганова, Урмат Усенов, Съездбек Искеналиев, Эрлан Андашев келип ырдашса, “тамашоучулар” Асема тууралуу тамашалары менен элди күлкүгө бөлөй алышты. Булардан сырткары ырчыны эки вокалист кыз жана аспаптарда ойногон үч музыкант коштоп чыгып жатты.
Асем кыз гүл сунгандарды да тааныштырууга жетишип жатты. “Бул – менин экинчи апам” деп кайненесин тааныштырса, дагы бирин “бул – атамдын сиңдиси” деп көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү. Концерт Съездбек экөөнүн “Мурат менен Асеманын арманы” деген ыры менен аяктады.