Күйдүргү – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. 2010-жылы өлкөбүздө 28 адам дал ушул оорудан каза тапкан. Андыктан 2011-жылы күйдүргүгө каршы иш-чаралар «Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт жана Европа Союзу тарабынан каржыланат. Ал эми оору кандайча жугуп, кандайча өнүгөрү жана дарылоо тууралуу эпидемиолог Кубанычбек Бектурганов маалымат берет.
Күйдүргү (сибирь жарасы деп да аталат) – денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат.
КОЗГООЧУЛАР
Күйдүргүнүн козгоочусу – таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде вегетативдүү түргө өтөт. Башкача айтканда, өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.
ЖУГУУ ЖОЛДОРУ
Инфекция булагы эмнелер?
Инфекция булагы – үй жана жапайы жаныбарлар. Үй жаныбарларынан көбүнчө ири мүйүздүү малдар, койлор, жылкылар, ошондой эле төөлөр, эшектер, эчкилер оорушат. Чочколор, ит-мышыктар чанда гана оорушат.
Малга кантип жугат?
Мал споралар менен булганган чөп-чарды, тоютту жегенде же андай жерге оонаганда, жатканда жуктуруп алат.
Адамга кантип жугат?
Адам күйдүргүнүн очогунда иштегенде (мисалы, билбей ал жерди айдап же курулуш куруп ж.б.) терисиндеги кесилген, тытылган жерлери аркылуу микроб кирип кетсе, оору жаралат. Ооруган малды сойгондо, анын терисин сыйрыганда, этин бөлүштүргөндө, ичеги-кардын жууганда, этин тамакка колдонгондо, оорулуу малды карап-бакканда жана өлгөн малды көмгөндө да оорунун микробу жугат. Микроб ошондой эле организмге көздүн, ооздун былжырлуу чел кабыктары аркылуу да кирет. Адамдан адамга жугуусу кездеше элек.
ООРУНУН ӨТҮШҮ
Микроб жукканда тери, кээде ички органдар ооруга чалдыгып, кабылдайт. Микробдордун жашыруун көбөйүү мезгили орточо эсеп менен 2 сааттан тартып, 2ден 14 күнгө чейин.
Оору кандайча өнүгөт?
ДАРЫЛОО
Күйдүргүдө өз алдынча дарыланып айыгууга мүмкүн эмес. Сөзсүз ооруканада жатып дарылануу зарыл. Дарылоодо күйдүргүгө каршы чыгарылган глобулин жана антибиотиктер колдонулат. Дарыланган адам денесиндеги жаранын карттары түшкөн соң гана ооруканадан чыгарылат.
Ооруган адам менен бирге оорулуу малды чогуу карашкан же аны чогуу союшкан адамдар да профилактика үчүн 5 күн дарылануудан өткөрүлөт.
АЛДЫН АЛУУ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg