“Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү коногу дүйнөгө атагы тараган испаниялык ырчы, миллиондогон кыздардын жүрөгүнүн ээси – Энрике Иглесиас. Аны сүйүп, кумир туткан кыздардын арасында биздин мекендештерибиз да бар экендигинде талаш жок. Энрике учурда 32 жаштан ашканына карабай бойдок. Ырчынын балалыгы, алгачкы сүйүүсү, жалпы эле өмүр таржымалы тууралуу төмөнкү макалада...
Атактуу ырчы Энрике Иглесиас 1975-жылы 8-майда Испаниянын борбору Мадрид шаарында туулган. Атасы – белгилүү ырчы Хулио Иглесиас, апасы – испаниялык журналист, белгилүү телеалпаруучу Изабель Прейслер. Балалыгы тууралуу ырчы: «Жагымдуу көз ирмемдер эсимде жок»,- деп гана айтып келет. Себеби, атасы дүйнөлүк гастролдордун айынан үйүнө сейрек келчү. Ал эми апасы болсо жумушунан колу бошобой, балдарына жетишээрлик мээрим берүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ал учурда Энрикени жана анын эки бир тууганын бала багуучусу Эльвира карачу. «Чындыгында эле кээде кусаланып, ата-энемди сагынып ыйлачумун. Ал кездеги көз жаштарыма ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон бир гана Эльвира күбө болоор эле. Өзүнүн балдары жок болгондуктан, эжем Чабелли менен иним Хулио Хосе үчөөбүздү өз балдарындай жакшы көрчү. Ичиме бук толуп, бирөө менен сырдашкым келсе, чоңдугу өзүмдөй болгон кызгылт жумшак оюнчук пилиме айтчумун. Ошондон кийин ал менин жашоомдогу колдоочум болуп калган. Айтор, ата-энелик мээримге зар болуп чоңойгом. Эсте калаарлыгы, туулган күндөрүбүздө гана ата-энем чоң маани берип, майрам уюштуруп беришчү»,- дейт бул тууралуу ырчы. Кийин 1979-жылы атасы Хулио менен апасы Изабель Энрике 4 жаш курагында ажырашып кетишип, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет.
Ырчылык менен Энрике мектепте окуп жүргөн кезинен эле алектене баштаган. Алгачкы жолу мектеп залында коюлган “Салам, Долли” мюзиклинде аткарган ролу менен эл алдына чыккан. 15 жашынан тартып музыкага чындап кызыга баштайт. Бирок, анын таланттуу экенин бир гана атасынын кол алдында иштеген менеджери Фернан Мартинес жана бала багуучусу Эльвира Оливарес билчү. Университетте окуп жүргөн кезинде ар кандай жанрдагы ырларды жаратуу менен өз талантын такшалта баштаган. Жыйынтыгында, 1995-жылы Энрикенин алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарыкка чыккан. Бул жыйнак эл жүрөгүнөн орун таап, чыккандан кийинки алгачкы бир жумада эле жарым миллион даанада сатылууга жетишкен. Альбомдогу “Сени сүйүү үчүн” деген ыры хитке айланып, Мексиканын “Марисоль” телесериалына саундтрек кылып алынган. Ушул иши үчүн “Эң мыкты латын артисти” наамы менен “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон. Ушундан кийин ырчынын чыгармачылыгы бир аз тыныгууга кабылат.
Эки жылдан кийин “Жашоо” деген аталышта Энрикенин экинчи альбому чыгат. Популярдуулукту багындырган ырчы жигит Энрике ушундан кийин мыкты даярдалган концерттик программасы менен дүйнөгө сапар тартат. Кичинекей кезинен эле испан, англис жана португал тилдерин жакшы билген Энрике англис тилинде ырдай баштаган. Бир аз убакыттан кийин атасы Хулио Иглесиас жана Луис Мигельдер менен бирге “Сүйүктүү латын артисти” наамына ат салышкан. Бул жолу атасына орун бошотуп бергени менен кийин ушул эле наамдын үч жолку ээси болууга жетишкен. Бир жылдан кийин кайра испан тилинде “Сүйүү куралдары” деген аталыштагы, дагы бир жыл өтпөй англис тилинде “Энрике” альбомдору сатыкка чыгат. Андагы “Бийлөө” ыры дүйнөлүк хит-параддан биринчи орунга ээ болгон. Ошентип, атактуулукту багындырган Энрике Уитни Хьюстон жана Алсулар менен ырдаган дуэттери камтылган “Качуу” альбомун чыгарат. 2001-жылы чыккан бул жыйнак дүйнөлүк рекорддордун баарын багындырып, андагы хит ырлары менен 16 өлкөдө 50 концерт коюуга жетишет. Кийин дагы бир “Грэмми” сыйлыгын алып келген испан тилиндеги “Мүмкүн” альбому болгон. Ал эми кезектеги жетинчи альбому жөн гана “7” деген ат менен жарык көрөт. Энрике Иглесиастын чыгармачылыгындагы акыркы альбому “Уйкусуз” деп аталып, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында жарыкка чыкты. Негизинен, бул альбомдогу ырларын түнкүсүн уйкусу качкан мезгилде жараткан. Жалпысынан, Энрике 116 платин, 227 алтын дисктеринин, 26 эл аралык сыйлыктардын ээси болууга үлгүрдү. Ушундай ийгиликтерди багындырган Энрике ушул тапка чейин бойдок.Учурдагы 32 жашар атактуу ырчы Энрике Иглесиастын алгачкы сүйүүсү 6 жашында келген. Ал көгүш көздүү татынакай кошуна кызын азыркыга чейин эсинен чыгара элек. Ошондон кийин бой жеткенче кыздар менен жакын мамиледе болбогондугун айткан. Анын айтымында, учурдагы “секс символ” деген атка атактуулуктун арты менен гана жетишкен. Ал эми ага чейин өзү курактуу кыздар менен мамилеси өтө эле начар болгон. Классындагы кайсы кызга гана сүйлөбөсүн, тескери карап, жаман көрүшчү. Ал гана эмес, акыркы коштошуу кечесинде “бир күнгө гана менин айымым болуп турчу?!” деген сунушун классындагы эң түрү суук кыз дагы четке каккан. “Негизинен эле менде кыздарга мамиле жасоо жагынан башынан эле маселелер болуп келген”,- дейт бул тууралуу ырчы. Энрике атак-даңкка жеткенден кийин кыздар арасында да кадыр-баркка ээ боло баштайт. Бирок, бул жыйынтыкты башында атасынын артынан деп капалана берчү. Ошондуктан, алгач псевдоним тандап алууну каалап жүргөндө күйөрмандарынын бири: “Сиз чын эле Хулио Иглесиастын уулусузбу?”- деп сураган эле. Ошондон кийин гана өзүнүн таланты менен элге жагаарын ачык билген жана башка ат тандап алууну токтоткон.
Энрике өзүн эч убакта “сулуумун” деп эсептебейт. Анткени, “аны чоң сүйүүлөрүнүн бири болгон фотомодель Адриана Бейга Рикки Мартин үчүн таштап кеткен” деген маалыматтар бар. Андан кийин дагы бир сүйгөнү София Вергера экөөнүн ортосундагы мамиле да көпкө созулган эмес. Андан кийин 2003-жылдары Жерри Холлиуэлл менен чогуу концерттерге барып, дем алыш күндөрүн чогуу өткөрүп жүргөндөрүнө күбө болушат. Андан көп узабай эле атактуу ырчы Кристина Агилера менен кучакташып, кыз-жигиттердей жүргөндөрүн көрүшөт. Бирок, бул тууралуу атактуу ырчылар: “Биз жөн гана досторбуз”,- деп жооп беришкен. Кийин дагы бир ушундай ушактардын бири Уитни Хьюстон экөөнүн тегерегинде жүрө баштайт. Ал учурда Уитни бир гана 10 жашка улуу айым болбостон, Бобби Браун менен жашап жүргөн эле. Өздөрүнүн айтымында, ортолорундагы мамиле жөн гана ишке байланыштуу, ошондуктан, көпчүлүк учурда чогуу жүрүшчү. Андан кийинки учурларда бир тууган иниси ырчы Хулио Хосе Иглесиас: “Энрике өмүрүндө кыздар менен жакын мамиледе боло албайт, анткени, ал – кызтеке”,- деген ушакты тараткан эле.
Бирок, бул кептердин баарын четке каккан ырчы Энрике Иглесиас 2002-жылдан тартып россиялык атактуу теннис оюнчусу Анна Курникова менен жолугуша баштаган. Анна Энрикенин “Качуу” ырына клипке тартылган эле. Көп узабай жаштардын ортосун сүйүү аралап, мамилелери өркүндөй баштаган. “Анна – жашоодо мен издеген адам”,- деп жар салып, ушул убакка чейин чогуу жашап келишет. Бул жылдар аралыгында беш жолу “Энрике орус кызы Аннага жашыруун баш кошту” деген сөздөр тараган. Бирок, бул түгөйлөр азыркыга чейин баш кошууга шашпай келишет. Мунун себеби Энрикенин бойдок жүрүүнү жактыргандыгында. Бул тууралуу ырчы: “Анна менин жашоомдогу эң олуттуу адам жана биринчи жолу узак убакытка чейин бирөө менен эле мамиле түзүшүм. Баш кошууга шашпаганымдын себеби, мен али да болсо үйбүлө курууга жетиле элекмин жана мындай жоопкерчиликтүү иштен корком. Андан тышкары, бири-бирибизди сүйсөк, кагаз жүзүндө үйлөнүүнүн кереги эмне? Жөн гана жашай берүүгө болот. Ал эми балалуу болуудан коркконумдун себеби, балдарыма татыктуу ата болуу үчүн карьерамды ташташым керек. Анткени, балдарымдын мендей болуп ата-эне мээримине зар болуп чоңоюшун каалабайм”,- деп келет. Айтор, бир туруп Аннага 5,5 миллион долларлык шакекти белекке берип, колун сурайт. Кайра “биздин мимиле токтоду” деп жар салат, кайра бир аз убакыттан кийин “мен тамашалап койгом, биз чогуубуз” деп калат. Эмнеси болсо да беш жылдан ашык убакыт чогуу жашашкан бул түгөйлөр азырынча ортолорун мыйзамдуу түрдө бекитүүдөн, балалуу болуудан качып келишет.
Энрике бош убактысында виндсерфинг менен машыгууну жактырат. Эң катуу ылдамдыкта баратканда бетине чачыраган суулар ырчынын ички дүйнөсүнө дем-күч берээрин айткан. Андан тышкары, жаныбарларды жакшы көрөт. Күйөрмандарынан белекке келген иттердин бир тобун өзүнө алып калган жана бош убактысында аларга кам көрүүнү жактырат.
Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева