(Башы өткөн сандарыбызда)
Күндөр өтүп жатты. Мунар Ширинбектердин алдына түшүп, алган акчасын да кайтарып берди. Жеңиштери колго тийип кубанган кыргыздар бул окуядан соң биримдиктүү болуп калышты. Ошол күндөрү Ширинбекке бейтааныш номерден бирөө 5-6 жолу чалды. Таң калычтуусу, эч сүйлөбөйт. “Аллолоп” жатып чарчаган Ширинбек телефонун коюп койгонго аргасыз болду. “Ким болду экен?” деп ойлоп жүрдү. Бирок сүрүштүргөнгө убактысы болбоду. Ошентип, иш убагы келип жумушка камынып калышты.
– Ширинбек, ишке чыгасыңбы же үйдө каласыңбы? Ахмед атаң 100 рубль берет,-деди Элмырза акеси.
– Ишке чыгам да.
– Кыйын тим эле, кечээ эле жарым жан болуп жаттың эле го.
– Ал деген реклама болчу. Ден соолук Терминатордукундай,- деди Ширинбек күлүмсүрөп.
Ошентип, пилорамага келишти. Элмырза, Дима болуп эч бир тыным албай иштешти. Өтө чоң карагайлар келген экен. Тоголото берип кабыргалары кайышты. «Бул карагайлар мага акча алып келип жатат» деген ой менен гана баарына кайыл болуп иштеп жатты Ширинбек. Саат 12ге чукулдап, тамактанууга жөнөштү. Кайра иш ордуна барса, акеси кыркылган такталарды санап жаткан экен.
– 7 куб даярдаптырбыз, тамактанганга чейин,- деп койду ыраазы боло.
Аңгыча бир баштык сыра көтөрүп Данияр келип калды.
– Балдар, чыккынчынын жүзүн ачканыбызды өзүбүзчө жуубайлыбы. Иштебей эле койгулачы бүгүн. Уктай албай койдум үйдө. Кайра силерге келдим.
– Досум, 10 кубга жеткирип коёлу. Ахмед эртең менен капа болот,- деп калды Элмырза.
– Дагы канча бар?
– Бир сааттай жумуш бар.
– Макул анда, мен дагы жардам бере коём.
Төртөөлөп иштеп бат эле бүтүрүп коюшту. Данияр баарынын оюна койбой ээрчитип кетти. Эрте бүткөн жумуш убактысы сыра ичүү менен уланды.
– Дима үйүнө нааразы болуп кетти, көрдүңбү? Сени жаман көрүп калды,- деди Элмырза Даниярга кайрылып.
– Койсоң, тиги сменде өзбектер менен 10 куб кыркышат. Фарух деген рамщиги араа үзгөндөн башканы билбейт. Сүйүнсүн, силер менен иштеп жатканына.
Таң атканча сырадан моокум кандыра ичишип, кыргыз ырларына бийлеп жатышты. Самат музыкалык борборду сыртка алып чыгып, жаңыртып коюп койгон. Орус айылынын бир четинде келгин кыргыздар ушинтип тойлоп жатышты. Сыра түгөнүп, буттар бийлеп чарчап баштаганда уйкуга киришти.
Таттуу уйкуну телефондун үнү бузду. Айылдагы Терминатор абасынын үнүн угуп, сүйүнүчтөн жүзү албыра түштү.
– Алло, Адилет, сенсиңби? Бу тирүүсүңбү өзү...- деп кыйкырып жатты абасы.
– Аба, сиз каяктан?
– Кашкардан, атаңдын оозун. Кайдан болмок эле, айылдан да. Кандайсың, ишке кирди деп уктум.
– Ооба, иштеп жатам. Өзүңүз кандайсыз? Карачаңым жүрөбү?
– Менден мурун Карачаңды сурабадың да, чечек. Жүрөт атың. Минип баратам азыр. Мен деле аман-эсен. Сен жок, айылда чолоктой эле болуп калдым, атаң көрү. Баары тынч. Апаң карыздардан бүт кутулду. Атаң келе берсе деле болот эми. Милициясы менен сүйлөшүп койдум. Азыр базардан деректириңди кармап алып, тырыштырдым. Бааларың бүт беш болот, кам санаба, эми качан келесиң?
– Жаңы тамга акча чогултуп алып, анан барам.
– Ай, тезирээк чогултчу, сен жок, ичкен бозом аш болбой жатат. Айтмакчы, Кумар акең менен байланышпадыңбы?
– Номери жок. Болсо бериңиз...
– Азыр коё тур, блокнотумдан карап алайын.
Абасы блокнотунан карап баласы Кумардын телефон номерин берди. Аркы-беркини кобурашып, көптө коштошушту. Коштошору менен Кумар акесине телефон чалып, атасы тууралуу сүйлөшүп, анын иштеп жатканын укту. Телефонунун номерин да алды. Дароо эле атасынын номерин тере баштады. Терип жатып гана күндө чалып, бирок сүйлөбөй жаткан атасы экенин түшүндү. «Атам байкуш телефон чалып, сүйлөй албай жаткан экен да. Менин үнүмдү укканга сүйүнгөн болуш керек» деп ойлоп койду. Бир топтон соң атасы телефонду алды. Бирок сүйлөгөн жок.
– Ата, мен бул Адилет... Ата, сүйлөсөңүз,- деп кайра-кайра жалбарып жатты. Бирок атасы тараптан эч бир сөз чыкпады. Акыры байланыш үзүлүп калды. Кайра чалууга дити барбай, шалдайып отуруп калды. «Атамды кыйнабай эле коёюнчу, эң маанилүүсү, аман-эсен иштеп жатыптыр» деп чечти. Үйгө кирсе Самат “жүрү, мончого түшүп келебиз. Бүгүн бир парга баралычы” деп калды.
Көчөгө чыгышса жамгыр катуулап, айлана балчык болуп кетиптир. Жолдордун баары көлчүк, кээ бир жерлерден өтүүгө жол жок экен. Саматтын бутунда резина өтүк болгондуктан, андай жерлерден “кедаң суу болот, кел, көтөрүп алайын” деп Ширинбекти көтөрүп өтүп жатты. Ага көтөрткөн жаккан окшойт “Самат, мончого барганча эле көтөрүп албайсыңбы” деп тамашалап калды.
– Кой, жигит, көнүп алсаң кыйналасың, жөө баса албай. Анан мага төлөгөнгө акчаң жетпейт. Кымбат турам,- деп тамашалады.
– Ой, тим эле, курсуңду катуу көтөрдүң го.
Кайра Саматтын үстүнө секирип минип алды. Мончого каалашынча жуунуп чыгышты. Мончодон чыкса, телефону шыңгырап калды. Атасы экен.
– Балам, мени кечирип кой,- деди мукактана.
– Ата, кандайсыз, ден соолугуңуз кандай?
Экөө бир топко сүйлөшүп, атасы жок кезде болгон окуянын баарын айтып берди. Карыздан кутулганын, айылга бара берсе болорун да айтты.
– Балам, башка үй алабыз. Мен дагы жакшы ишке орноштум. Жазда барып, сатып алабыз. Рахмат сага. Баары үчүн...- деп жатты атасы апкаарып.
Сүйлөшүп бүткөн соң Ширинбек кубанычы койнуна батпай сүйүндү. Атасынын үнүн гана укса да, өзүн көргөндөй болуп бир аз жеңилденип калды. Эртеси эле бир айлык акчасын алып, бүтүн бойдон айылга салып жиберди.
Таң ата апасы телефон чалды. “Балам, акчаңды алдым. Бул канча иштеген акчаң? Өтө эле көп го. Эки-үч ай айлыгыңды алдыңбы? Уулум, кыйнаба өзүңдү. Ден соолугуңду абайла” деп көз жашын агызып суранып жатты.
– Апа, бир айлык акым. Кыйналган жокмун. Кудай буюрса, бир жылда үй алып калабыз. Эч ойлонбо, апа.
Ошентип, Ширинбек күн өткөн сайын тажрыйбасы артып, иштин жолун билип калды. “Канча кыйналсам да жазга чейин иштеп алсам болду. Ага чейин бир үйдүн акчасы да чогулуп калат. Анан айылга, жакындарыма барам. Уф, сагындырдың го, жаз!” деп өзүн сооротуп койду.
Ширинбек чын эле жазды сагынып жатты. Ошол күндөрү Бермет телефон чалды.
– Адилет, мен Бишкекке келдим. Университетке окууга тапшырганы жатам. Атам догдур бол деп жатат,- деди.
– Алтыным, жакшы экен. Догдурдун не кереги бар сага? Почтого иштей турган эле окууну тандачы. Пенсия таратасың.
Тамашалап турганы менен, ичи от болуп кетти. Берметтин Бишкекте жүргөнүн элестетип алып, көзүн жуумп жиберди. “Сулуу кызга кантип эле балдар тийишпесин?! Башка жигит таап албайбы?..” деген ойлор курттай жеп баштады. Ошону менен таңды кантип атырганын билбей, эртеси телефон чалды.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Залкарбек Карабалаев