АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Мына аэропорттон да чыктык. Килейген таксист бизди Бостондун көчөлөрүн аралай ооруканага алып жөнөдү. Элдардын “биринчи мейманканага баралы. Жайгашып алган соң Арcтанга барабыз” деген кебине көнбөй койдум. Дагы жакшы, бул жакта Москвадагыдай пробкалар жок экен. Акыры жеттик. Элдарды күтүп отурбай эле колума халат тиери менен лифтти көздөй учуп жөнөдүм. Кнопканы кайра-кайра баскыласам да жакын арада келчүдөй эмес. Ой, рахмат! Тепкич менен батыраак жетем. Элдар да айласыздан артымдан жөнөдү. Мына бешинчи кабат... Травматология бөлүмү... 528-палата... Канча чакырымдан бери алдастап шашып келген жаным эшиктин туткасын кармап, шарт ачып кирип кете албай коркуп турдум. Арстан... Менин жаным, менин Арстаным... Кандай абалда жатат? Аманбы деги?..
– Ушул палата, жүрү.
Элдар менин абалымды байкамаксанга сала түртүп киргизип жиберди.
Бети-башы бинттен көрүнбөй, буту асылган бирөө жатат. Экинчи керебет бош.
Ушул жаткан Арстанбы? Жанына жакын баралбай дирилдеп турдум.
– Мен сизге эмне дедим эле? Сейилдеп жүрүүгө болбойт, жатыңыз дебедим беле?
Англисчени жакшы билем. Сырттан врачпы, мээрман айымбы, айтор, бирөө ачуулана урушуп жатты.
– Тынчсызданбаңыз, мен өзүмдү жакшы эле сезип турам.
Арстан! Бул үндү мен миң-миллион үндүн ичинен айрыбай тааныйм. Мейли англисче, мага десе кытайча сүйлөсүн!
– Арстан!
Тышка атып чыгып, коридордо кыбырап басып келе жаткан аны кучактап калдым.
– Рахмат, Кудай, рахмат сага! Арстанымды аман калтырыпсың, рахмат!
– Эй, чоң кыз, эмне, мени оңой эле өлүп калат деп ойлодуң беле?
Дагы тамашалап коёт, муну карасаң! Эми өзүмө келип, Арстанды далыга бир чаптым.
– Америкалыктардын сенден башка деле куткаруучулары толтура. Эмне өзүңдү дөңгөлөктүн астына таштайсың?
– Анан эмне, жаш баланы ташташ керек беле? Өзүмдү деле таштаган жокмун, чын айтам. Болгону, бир аз кечигип калыптырмын. Оо, Элдар мырза, кандайсыз?..
Экөөбүздү жылмайып тиктеп турган Элдар жай басып келип, кучактап учурашты.
– Амансыңбы, баатыр? Жердин алысын айт, жетип келгиче айлабыз кетти.
– Айрыкча моо кыз жаман жүдөтсө керек, ээ?
– Айтпа, айла кеткенде уйкунун дарысын берип уктатып салууга туура келди.
– Шылдыңдаба!
Арстанды капталга нукуп калдым.
– Ай-йй!
– Ой, кечир, катуу тийдиби? Чын эле эмне ордуңда жатпай саякаттап жүрөсүң? Жүрү палатага!
Жылмайып күлүп, тамашалап сүйлөп жатканы менен, бир топ эле жаракат алыптыр. Эки аттап кирип кетчү жерге беш мүнөттө араң жетти. Канча өзүмдү кармайын десем болбой көздөрүмдөн жаш куюла берди. Ал-жай сурашып көпкө отурдук. Элдар азамат. Врачтар менен сүйлөшөм деп бизди ээн калтырып чыгып кетти. Арстан үн катпай гана жүзүмдөн сылап отурду. Чыдабадым, эки алаканын жүзүмө басып буркурап ыйлап ийдим.
– Сенин маңдайыңа бүткөн азабың болдум. Мени менен таанышпай, көрбөй-билбей жашасаң, ушунча азапка туш болмок эмессиң. Бул жактарга деле келбей, өзүң жакшы көргөн Бишкекте тынч жашамаксың.
– Акмак кыз, эмне деп турасың?! Кырсык сени тандап отурмак беле, Бишкектесиңби же Америкадасыңбы деп. Бир өмүрдү сактап калдым. Өзүм деле аманмын, кубанып эле кой. Ыйлаба. Качан көрбөйүн көзүңдө жаш, ушу кантип болсун?
– Бутуң ооруп жатабы? Дагы кай жериңен жаракат алдың? Врачтар эмне дешти? Самолётко чыксаң болот бекен?
– Айдай. Мен жакшымын. Кыргызстанга барыштын кажети жок.
– Эмне дароо айткан жоксуң? Бир жума бою сени ким карап, тамак-ашты ким берди?
– Күйөөң кайра-кайра чала бербегенде айтмак эмесмин. Бир нерседен шек алып калды окшойт. Улам чалып сурайт, баары жайындабы деп. Акыры айтууга аргасыз болдум. Анан да...
– Анан эмне?..
– Кокус жаманына кетсе, Айдайымдын үнүн укпай кетемби деп ойлодум. Сени угары менен жетип келет деп өзүмдү үмүткөр кылгым келбей, бирок тымызын жол карап жаттым.
– Кантип келбей коём, айтчы, сен кыйналып жатканда мен кантип келбей коём?
– Ал үчүн Элдар мырзага рахмат айтышың керек. Ошончо жолго сени жалгыз коё бербей чогуу келиптир. Жөнөтпөй койсо кантмек элең?
– Эмнеге жөнөтпөйт экен? Барбай эле кой деген бир ооз кебин уксам, билбейм, анда эмне кылып жибермекмин. Элдар менден сурап отурбай эле билет заказ кылып, анан үйгө келиптир. Сенин кырсыктаганыңды уксам, бир мүнөт да тынчып отура албасымды билет да. Жана чын айтты, мага уйкунун дарысын берип араң уктатып келди. Билесиң го, самолётто ансыз деле ичим бышып араң чыдай турганымды. Анан сага шашып жатканда ал жылбай эле бир орунда калкып тургандай болуп, жаман айлам кетти.
– Билесиңби, акыркы күндөрү ушул ой мага көп келчү болду. Мага турмушка чыкпай, Элдарды тандап кетип сен акылдуулук кылган экенсиң.
– Койчу, Арстан, кайдагы кепти айтып турасың?!
– Жок, чын айтам. Эч бир жигит, атүгүл мен дагы сага Элдардан мыкты күйөө болуп бермек эмесмин.
Жаңылышасың! Сага менден артык жар табылышы мүмкүн. Бирок мен үчүн өзүң, жалгыз өзүң. Сенин ордуңду абдан камкор, жанда жок айкөл Элдар да алмаштыра албайт. Аттиң, бул сөздөрдү мен сага айта албайм. Менин айымдан ушунча азапка батканың жетишет. Сени дагы үмүткөр кылгым келбейт. Ый алкымымды бууп, көз жаш жай гана чууруп жатты.
– Айдай, ый артынан ыйды ээрчитет. Кандай кыйынчылык болсо да мөгдөп ыйлабайм деп мага сөз берчи?
– Ыйлабайм, бизде баары жакшы болот. Сен бат эле айыгасың. Болтойгон ширин кыздуу болосуң. Мен өз колум менен кызыңа көйнөктөрдү тигип берем. Биз далай бактылуу күндөрдү бирге өткөзөбүз.
Арстандын жүзүнөн эч нерсени окуй албай жаттым. Жылмайып менин жүзүмдү, саамайымды сылаганы менен, көздөрүндө сыр. Эмнени ойлоп турат? Врачтар эмне деп жатышты болду экен? Элдар эртерээк келбейби!
Элдардан тартынганымдан гана ооруканадан кетүүгө аргасыз болдум. “Арстандын жанында калам, сен мейманканага барып эс ал, жол ката уктаган жоксуң” деп айтууга бир нече ирет оозумду таптап барып токтодум. Эсиңе кел, Айдай, баарынын чеги болот. Күйөөңө андай мамиле кылууга болбойт! Акылым ушундай талапты айтып, жүрөк кургур Арстан жаткан керебеттен бир кадам алыстагысы келбей кыйылып жатып, ооруканадан шылкыйып араң чыктым. Кызык, ээ, жашоо?.. Ээн-эркин адам болуп туруп, кээде ушунчалык көңүл күсөп турган ишти жасай албайсың. Мейманканага жеткиче өз ойлорум менен убара тартып ооз ачпаптырмын. Баскан-турганы, сүйлөгөнү жакшы эле. Бирок ушу Арстан бир нерсени жашырып жаткандай... Эми эсиме келип, Элдарды жеңинен тарта токтоттум.
– Врачтар эмне дешти?
– Ой тобо, Айдай сулуу күйөөсү бар экенин да эстейт экен, ээ?
– Элдар, азыр тамашаны көтөргөнгө чамам жок. Айтчы, эмне деп жатышат?
– Алгачкы анализдери жакшы эле чыгыптыр. Жеңил жаракат алган, дагы бир жума дарыланып, анан чыга берсе болот дешүүдө. Бирок...

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Gumaw
2011-05-16 09:39:31
ахххххххххххххххххх!!!! эн кызыгына жеткенде бутуп калат аййййййййййя!!! эмне бирок... Арстанга бир нерсе болсо бир гана Айдай эмес биз да которо алчудай эмеспиз го. Автор олтуро корбо Арстанды(((((((((
0
Evelet
2011-05-16 09:42:39
emne birok?... uwul avtordun az jazgany jakbai baratat. kyzyktuu jerine kelgende buturup koyuw kerek eken da...
0
veneraaalieva
2011-05-16 10:03:03
Иий, бирок деп адамды ойлондуруп токтотуп койгону жаман болду да, же Бирок... дегенди жазбай койбой же улап кетпей.
0
aku
2011-05-16 12:04:55
avtorlor bary ushundai hitryi bolsuhat ushintip buturup koiushat kutup okushsun deit da
0
Jaigz
2011-05-16 12:49:38
Уф мынча аз жазасынар, бирокту дагы бир неделя кутобузбу? Сураныч коооптон жазгылачы.
0
azulya
2011-05-16 14:11:08
Арстанды олтуруп салчы, Айдайдын жаны тынсын :)))
0
Mistery
2011-05-16 15:41:23
хе-хе, дагы коп кутот окшойбуз....
0
Arstan
2011-05-16 20:25:32
Ой Арстан олсо кино бутуп калат го,Айдай да кыйналып калат олбойле койсунчу эми.
0
Nazihon
2011-05-16 20:31:22
качан бутот мунунар
0
Karlygach90
2011-05-16 22:20:56
Жадатты ушул экоо,качан бутот журокту эзбей
0
Kylym
2011-05-17 00:05:53
ух деги качан буттот? окуп буткучо жургум ооруп кетти.
0
ELIMA91
2011-05-17 17:46:49
арстан оло корбосун анда айдай не болот аягын жакшы бутургуло. байкуш айдайдын андан жакын адамы жок
0
schatze
2011-05-18 00:48:14
-Birok kop baks surap jatat
Dollardy tolop koygula anan emne kylsanar ozunor bilesiner. dedi :):)
Arstan kayaka olmok ele. Olboit,
Uwul chygarmany kiyla ele awyryp jazyptyr degi. Chyndyka dal kelbeit.
0
Raiona
2011-05-18 14:16:48
Айдай,куйоосуно кыянаттык кылып жатат!Кучагында бир эркек,кыялында бир эркек мындай биздин мусулманчылыкка туура келбейт!Анан Элдардай куйоого жолугуш кыйын!...
0
elkaelka
2011-05-22 17:56:52
daje chet eldin chygarmalary,kinoloru mynchalyk jomok emes.kichine realinyiraak kyyp chygargylachy chygarmany.ozuncho ele Jadi bolup ketken go.
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан