СЕКСТЕН КИЙИН ЫЙЛАЙМ... төшөк жаатындагы суроолор

– Кээде секстен кийин ыйлайм. Эмнеге ыйлаарымды өзүм да билбейм. Бул эмнеликтен?
– Бул жыныстык катнаш учурунда сизди гормоналдык цунами каптай тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Андыктан ыйлаганыңызды сезбей каласыз. Куттуктайбыз, сиз сексуалдуулардын катарын толуктайт экенсиз.
– Жыныстык катнаш канча убакытка созулат?
– Окумуштууларга ишенсек, анда 3төн 13 мүнөткө чейин.
– Эркектерде да эрогендүү G чекити барбы? Болсо каерде?
– Тилекке каршы, эркектерде андай чекит жок. Бирок аны алмаштыра алчу без бар. Ал көтөн чучук менен уманын (урук калтасы) ортосунда жайгашкан. Ал жерди кармалап, сыйпалоо менен эркекке рахат тартуулай аласыз.
– Катуу дүүлүккөнүмдө чүчкүрө баштайм. Бул секстен аллергия эмеспи?
– Муну мындай түшүндүрсө болот. Жыныстык катнаш учурунда жыныс кыны сыңары эле мурунга да кан көп келе баштайт. Андыктан чүчкүрүүңүз – сексти каалаганыңыз.
– Эркектин “алигиси” бир күндө канча ирет тура алат?
– Суткада 11-12 ирет.
– Бойдо болтуруу үчүн кайсы поза ылайыктуу?
– Чалкадан жатып, бутту асып коюу. Жипке эмес, эркектин мойнуна.
– Уманын өлчөмү мааниге ээби?
– Умасы канчалык чоң болсо, эркекте ошончолук көп тестостерон жана сперма бөлүнүп чыгат деп түшүнсө болот. Башкача айтканда, андай эркектин уруктугу көп жана кучагы ысык.
– Жаныбарлар да мастурбация жасашабы?
– Жаныбарларда да жыныстык гормондор бар. Андыктан кээ бир жаныбар түрлөрү шерик таппай калганда өзүн-өзү канааттандырып алышат. Аларга: бугу, маймыл, төө, бука, пил, аюу, ат, эчки, мышык жана ит кирет. Мисалы, ат “алигисин” санына же ичине сүрткүлөп, кайф алат. Буура жупташуу маалы келгенде инген таппай калса, “алигисин” ар нерсеге сүргүлөй берип, акыры жеңилдеп тынат.
Бугулар менен аюулар да булардан кем калышпай, аспаптарын дарактарга сүргүлөп, көкшүнүн суутушат. Бугулар кээде дарак издеп отурбай, узун мүйүздөрүн эле колдоно коюшат. Анткени мүйүздөрү эрогендик зона болгондуктан, эрекцияга (жыныстык чыңалуу) бат жетет. Жаныбарларга байкоо жүргүзүүчүлөр маймылдар колдоруна таяк алып, аны менен “алигилерин” сүрткүлөп жаткандарын көп эле көрүшкөнү айтылат. Кээде “колум турганда эмне?!” дешип, таяк деле колдонушпайт.
Кызыгы, канаттуулардын ичинен узун куйруктуу тоту куштар көчүгүн ар нерсеге өйкөп, өз алдынча жыргайт.
– Спермада канча калорий бар?
– Бир чай кашыкта 36 калорий. Андыктан ал “диеталык азык”.


Эротикалык окуя

БИР ЖОЛУ ЖАЙЫНДА...
Коңшу айылга барып-келип иштеп жүргөн кезим. Эртең менен жана кечки убак автобус саат канчада келерин билип алып, ошол убакытта чыгып жүрдүм. Ошентип каттап жүрүп, тигил автобустун айдоочусу тааныш болуп калды. Кээде кечирээк чыгып калсам, айдап бараткан жеринен токтоп мени күтүп калат. Мен болсо чуркап барып, күлгөн бойдон түшүп алмай.
Жайдын күндөрүнүн биринде жумуштан катуу чарчап чыккан жаным автобуста отурган бойдон уктап калыптырмын. Бир кезде бирөө бетимден өпкөндө чочуп ойгонуп кеттим. Карасам, автобус шар суунун боюнда токтоп турат, ичи болсо бош. Айдоочу жанымда мени кылгырган көзү менен карап отурат.
– Уйкучу, ойгондуңбу? Катуу чарчагансың го?! Уктап калганыңды көрүп, жана эле чарчаганыңды жазайын деп шарап, закускелерди алып келип койгом. Кел, жакшылап таанышып, эртеңки майрам үчүн сеп этип коёлу...
Ошентип, экөөбүз сүйлөшүп, шарап ууртай отурдук. Ак көңүл, шайыр неме экен. Шараптын күчүбү же башкабы билбейм, айтор, жигит жагып баратты. Тамашалашып, нукуп, чымчылашып, бат эле бири-бирибизге көнө түштүк.
– Сендей сулуу менен таанышканыма кубанычтамын. Эми күнүгө ушинтип уктап калып жүр, ээ?!- деп тамашалап, узакка өптү. Жагымдуу өбөт экен, дагы өпсө экен деп ага ыктай бердим. Ал болсо чачымдан сылап, колдорумду кармалап, эрдимден узакка соруп болбой калды. Анан белимден сыга кучактап, туш келди жеримден өпкүлөп кирди. Денем балкып, дүүлүгүп чыктым. Мойнуна колумду артып, мен да аны өпкүлөй баштадым. Мамактарымды, анан санымды кармалап, андан ары колун сойлотуп баратканда эсиме келип, ары түрттүм. Ал эч нерсе болбогондой магнитофонун иштетип музыка койду да, мени жетелей сыртка чыгарды.
Айдын жарыгында экөөбүз бийлеп кирдик. Аңгыча вальс башталды эле ал мени сыга кучактап, мойнумдан шуу жыттады. Көздөрүмдөн, эрдимден, ачык турган төшүмдөн өпкүлөп:
– Жаным, берекем, күндө сени кучактап уктап, кучактап ойгонсом, арманым болбос эле...- деп чачымдан сылап, эркелеткен, жалбарган сөздөрдү кулагыма шыбырап, мени эритип баратты.
Дүүлүккөнүм ушунчалык, өзүмө ээ боло албай мен да анын туш келди жеринен өпкүлөп, онтой баштадым.
– Мен азыр...- деген жигит автобустан кичине төшөк алып келип, жерге төшөп, менин колумдан тартты. Экөөбүз сагынышып калган сүйүшкөндөрдөн бетер бири-бирибизди басып жыгылдык...
Ошентип, бул окуянын аягы ал мени үйүнө алып барып, көшөгөгө киргизгени менен аяктаган.

Эля


Кызык экен

ПРЕЗЕРВАТИВ КАНТИП ЖАРЫККА КЕЛЕТ?

Сактануу каражаты болгон презерватив сатыкка түшкөнгө чейин кандай сыноолорду башынан өткөрөт? Муну билүү үчүн алардын жарыкка келүүчү үйүнө баш багалы.

Жаралуу этаптары
Ванналарга улам чумкуган айнек фаллостор.
Презерватив жасалуучу фабрика же цехтерде жылып туруучу атайын аппараттар бар. Дал ошолор презервативди бир жерден экинчи жерге жылдырып ташып, жарыкка келгиче коштоп жүрөт.
Алгач айнек фаллостун (жасалма мүчө) формасындагы колбалар узун, ичке ванналарга толтурулган латекс аралашмасына чумкутулат. Андан алып чыкканда колбаларга жабышкан аралашма презерватив формасына ээ болгонун көрөсүң. Эми полуфабрикат (жарым даяр презерватив) кургаш үчүн узун аралыкты басып өтөт. Алар “демин” жыйгыча латекс аралашмасына кайрадан чумкутулат. Болгону, бул ирет керектүү калыңдыкка биротоло ээ болуусу үчүн. Жолун улаган колбалар вулканизация камерасына барып түшүп, сүттөй өңгө ээ болуп чыгат. Колбаларды суунун катуу агымы жана айланып турган щёткалар күтүп турат. Алардын жардамы менен колбалардагы презервативдер сыйрылып алынып, атайын идиштерге салынат. Биерден бири-бирине жабышкан алар ажырашы үчүн талькка оонатылат.

Сыноо этаптары
Үйлөп көрүшөт, май менен майлашат... Микродефект (кемчилиги) бар же жок экендигин тактоо үчүн ар бир презерватив кол менен стержендерге кийгизилип, анан электр тогу берилет. Латекс өзү ток өткөрбөйт, андыктан ток өтсө эле презервативде жыртык же дагы бир кемчилик бар. Андайлар таштандыга салынат. Айта кетчү нерсе, презервативдердин “роддомунда” негизинен аялдар иштейт. Алардын ар бири 1 сменде 1800 презервативди стерженге кол менен кийгизип чыгышат!
Эми бүтүн делгендердин чоюлчаактыгы менен бекемдигин аныкташ үчүн бир нечесине суу куюп же жарылгыча үйлөп көрүшөт. Андан соң аларды силикон майы менен майлап туруп, фольгаларга салып, таңгакташат. Ушинтип презервативдер жарыкка келет. Аларды эми чыныгы турмуштагы сыноо күтүп турат...


Азил-чыны аралаш

АЯЛ КЫЗМАТЫНА ВАКАНСИЯ

Материалдык мүмкүнчүлүгү жакшырганына жана жеке физиологиялык керектөөлөрүнө карап, эркектер аял кызматына вакансия жарыялашат.

Коюлуучу талаптар:

  • Аталган вакансия боюнча иш тажрыйбасынын жоктугу
  • Бат-бат кармоочу баш оорусу жок деген медициналык тактама
  • Жубайлык милдетти аткарууга креативдүү мамиле
  • Футбол менен бокско аллергиясынын жоктугу
  • Офис техникаларын колдонуу ыкмаларын билүү (плита, кир жуучу машина, үтүк, чаң соргуч)
  • Ата-энесинен минимум 200 чакырым алыс жашоо

Бонустар:

  • Иштеген жерине биротоло көчүп келип жашоо мүмкүнчүлүгү
  • Эмгек китепчесине расмий каттоо
  • Отпуска төлөө
  • Соцпакет: фирманын эсебинен тамактануу, кызмат машинасы, шоппинг, сулуулук салону
  • Келечекте компаниянын бюджетин бөлүштүрүү жана көзөмөл жүргүзүү

Сынак мөөнөтү: 1түн.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kubiness
2011-05-16 10:05:12
Суро жооптор кызык экен. Кийинки сандарында да болсо :))
0
azulya
2011-05-16 14:41:47
Вакансия жакты :))) Сонун экен! :))
Эми эркек вакансиясы туралуу да жазгылачы? :)
0
kashi
2011-05-16 15:14:29
аялдардын эле вакансиясы жетет
+1
Zulya2
2011-05-17 11:48:51
жакшыго кошогого киргени менен аяктаганы )))
0
sasha
2011-05-17 15:05:48
Эн эле туура вакансия
0
Takeshbek
2011-05-24 13:51:59
Жаныбарлар маструбация кылганы укмуш ко
0
askarbek7
2011-05-25 00:16:50
мага да жакты!
0
tea23
2011-05-28 11:17:18
Avtobusta uktap kalgan ayaldyn okuyasy chyn ele bolgon okuyaby? kantipele taanybagan jigit menen ii opkonu jakshy eken dagy opso eken dep oilonup jalgyz korkpoi sharap ichip oturchu ele. anda al vobshe ele konchennaya go.
-1
isamurai
2012-11-26 06:13:02
tea23, и бар ошондойлор
0
ulua
2011-06-08 04:25:42
аялдардын вакансиясы шумдук чыгарбаганынар жок....
-1
Zhenish
2011-06-11 13:51:08
Кызыктуу экен жаныбарлардым мастурбациясы
+1
Adikopa
2011-06-17 18:06:58
Дагы жакшы кошого менен аяктаптыр. Болбосо, ойлоп жаттым эле женил ойлуулукка алдырып койдум деп бырылдайбы деп. Бактылуу болушсун
+1
akela
2011-10-22 12:31:24
ой ииии
0
Daiman
2017-10-29 19:07:41
Жакшы экен
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан