Суперфутбол-2011: БААРЫ ЧЕМПИОН БОЛГУСУ КЕЛЕТ

Салтты бузбай быйыл да катышуучуларга кайрылып, командалардын даярдыгы, мелдешке койгон максаттары тууралуу сурадык. Былтыркыдан айырмаланып, командалардын амбициялары өскөндүгү байкалды.


Бактияр Токторов, «Ырчылардын» оюнчусу:
«САЯСАТЧЫЛАР САЯСАТТАН БАШКАНЫ БИЛБЕЙТ БОЛУШ КЕРЕК»

– Бактияр байке, былтыр ырчылар мурдагы жылкыга караганда жакшы ойношсо да, байгелүү орунга илине алышпады. Себеби эмнеде?
– Ачыгын айтканда, былтыр биз мелдешке аз күн калганда эле чогула калганбыз. Футбол – командалык оюн. Жеңилишибизге биздин ошол майданда бири-бирибизди анча түшүнө албай калганыбыз себеп болду.
– Анда быйыл даярдык кандай?
– Буюрса, былтыркыдан жакшы. Ырчылар эрте чогулуп даярдана баштадык. Быйыл алабыз деп жатабыз.
– Быйыл саясатчылар да ойноосунан кабарыңыз болсо керек. Чүчү кулактан саясатчыларга туш келсеңер кандай болмок деп ойлойсуз?
– Эл үчүн сонун шоу болмок. Анан албетте, жеңиш биз тарапта болмок. Саясатчылар саясаттан башка нерсени билбейт болуш керек.
– 2-орунга кой берилет. Финалга чыксаңыздар шишкебек жейбиз деп жеңилип коюшуңар мүмкүнбү?
– А эмнеге 2-орунга кой, биринчи орунга эмес?
– Суперфутболдун өзгөчөлүгү мына ушунда да!
– Кызык. Эгер финалга чыгып калсак, чемпион болууга аракет кылабыз. Эгер жеңилип калсак, көңүлүбүз чөкпөйт экен да, жакшы. Анткени шишкебек жейбиз.


Нурбек Абдыкадыров, «Супер-Инфонун» дарбазачысы:
«БЫЛТЫРКЫ «КОСЯГЫМДЫ» ОҢДОЙМ»

– Нурбек байке, футбол менен качан ооруй баштагансыз да, кандайча “Супер-Инфонун” дарбазасынан орун алып калгансыз?
– Футбол менен Өзгөн районунун Макаренко айылынын орто мектебинде окуп жүргөндө таанышкам. “Супер-Инфодо” дарбазачы болуп калышыма жашым себепчи болду окшойт. Команда түзүп жатканда эркектерден эң улуусу болгондуктан, жаштар чуркасын, мен дарбазада эле туруп берейин деп дарбазачы болуп алдым.
– Былтыркы жеңилүүдө сизден кемчиликтер кеткени айтылган, Бул боюнча эмне дей аласыз?
– Былтыр мен эле эмес, башкалар да жакшы ойной албай коюшкан. Буюрса, быйыл былтыркы “косягымды” оңдогонго аракет кылам.
– Быйыл даярдыктар кандай? Кандай максат койдуңуздар?
– Даярдыгыбыз жакшы. Жумасына 2 жолу машыгып жатабыз. Максатыбыз – биринчи күндөн эптеп өтүп алсак болду.
– Маегибиздин соңунда сти­ли­ңизге байланыштуу суроо: Башында мурутуңуз жок эле. Мурут өстүрүүгө эмне себеп болду? Эмне пайдасы тийди? Кандай пикирлер айтылган жана айтылып келет?
– Мурутума тийишпей эле кой!
– Эмнеге? Кой, братан, жооп бериңиз?!
– Мурутума тийишпей эле кой дейм! Ушинтип жазып кой.


Канат Сыдыгалиев, «Гермес-профинин» жарым коргоочусу:
«КИМ МЕНЕН ОЙНОЙБУЗ, АЙЫРМАСЫ ЖОК!»

– Канат байке, былтыр спортчулардын атынан балбандар чыгып, чемпион болушкан. Намысты сактап кала алабыз деп ишенесизби?
– Ооба, ишендирип айта алам. Анткени, даярдыгыбыз жакшы. Өзүбүзгө ишенип эле турабыз. Кикбокстон тышкары жумасына 1 жолу футбол ойноп турабыз.
– Алгачкы Суперфутболдо бизден жеңилүү ызасын тарткан спортчулардын арасында сиз да болгонсуз. Кандайдыр бир “обида” сакталып, реваншисттик маанайлар болуп жаткан жокпу?
– «Обида» деле жок. Эми бул спорт да. Спортто бирде утсаң, бирде утуласың. Анда командабыз ар кошкон болчу. Түрдүү клубдардын спортчулары ынтымакта биригип ойной алган эмеспиз да.
– Болочок атаандаштарга «секреттерден» ачып берсеңиз. Ким­дер жакшы ойнойт дегендей?
– Биз, негизинен, физикалык даярдыкка басым жасайбыз. Анан мен, Кумар, Ален, мындайча айтканда, улуу муун коргонууда ойноп, жаштарыбызды алдыга коё беребиз. Башка «секрет» деле жок.
– Эгер мүмкүнчүлүк болсо, чүчү кулак кайсы команда менен кезиктирсе же кезиктирбесе деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, андай ойлор таптакыр болгон жок. Ким менен ойнойбуз, анын айырмасы жок!


Эрмек Нурбаев, «Тамашоунун» капитаны:
«МЕНИМЧЕ, КУБОККО КОШО ДАГЫ СЫЙЛЫК БАР»

– Эрмек, былтыр “чемпион болуп, “Супердин” сулуусундай Египетке бармакчыбыз” деп өзүң чет өлкөгө кетип калгансың. Быйыл Суперфутболдо сени көрө алабыз­бы?
– Албетте. Быйыл командам менен чогуу болом.
– Балким, былтыр өзүң жок болгондуктан, “Тамашоу” же­ңиш­ке жетише алган жок. Кандай дей­сиң?
– Балким, ким билет? Негизи эле кандай иш-чара болбосун жетекчилик тарабынан колдоо керек эмеспи. Буюрса, быйыл майданда өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөткөнгө күч-аракетибизди жумшайбыз.
– Атаандаштар жөнүндө эмне дей аласың? Коркуп, туш келбесек экен деген командаңар барбы?
– “Супер-Инфодон” корком. Анткени биз аларды жеңип алсак, гезитке башкача маалыматтар чыгып кетеби дейм. Албетте, бул тамаша! Биз командалардан коркпойбуз, а сыйлайбыз десем туура болот го.
– Эгер финалга чыксаңар жеңе­си­ңерби же шишкебек жейбиз деп жеңилип коюшуңар мүмкүнбү?
– Биз үчүн койго караганда кубок маанилүү. Ачарчылык заман эмес го акыры. Анан уюштуруучуларга кайрылып кетет элем. 2-орунга кой болуп жатса, анда 1-орунга жылкы болот го. Негизи, эреже боюнча ошондой болуш керек. Менимче, 1-орунга кубокко кошо дагы бир чоң сыйлык бар. Ал азырынча сюрприз болсо керек.


Улан Барпиев, «Мегакомдун» чабуулчусу:
«МАКСАТЫБЫЗ – ЧЕМПИОНДУК ГАНА»

– Улан, былтыр “башкысы катышуу” деген принципке таянып, байгелүү 3-орунга илингенсиңер. Быйыл кандай максат коюп жа­та­сы­ңар?
– Быйыл былтыркы тажрыйбаны эске алып, бир гана максат койгонбуз. Ал – чемпион болуу. Негизи, “башкысы катышуу” деген жеңилип калган командалардын принциби болуш керек.
– Сиздерди машыктыруучу жалдап, күн сайын машыгып жатат деп уктук. Бул чынбы?
– Жок, биз өз алдыбызча эле машыгып жатабыз. Башында голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк менен байланышып, кеп-кеңеш алганбыз.
– Кайсы команданы башкы атаандаш катары көрүп жатасыңар?
– Катышуучулардын арасынан чочулай турган 2 команда бар. Алар: “Гермес-профи” жана “Саясатчылар”. Кикбоксчулар кантсе да физикалык жактан мыкты даярдыкта эмеспи. Ал эми саясатчылардын курамында кол тийбестик укугуна ээ болгон депутаттар бар.
– Мелдештин эрежелерине ылайык, чемпион кубок алса, 2-орундун ээси койго ээ болот. Силер үчүн эмне маанилүү: кубокпу же койбу?
– Кой түрүндөгү кубок! Албетте, чемпион болуу маанилүү.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulnazi
2011-05-31 03:03:19
Футбол сонун болду ээ.
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан