Эркин Мукашев: «МУРУНКУ ЖУБАЙЛАРЫМ МУЗЫКАНЫ ТҮШҮНҮШПӨДҮ»

2000-жылдардын башында шлягерге айланган Эркин Мукашевдин «Танец под дождём» аттуу ырын эсиңизге салайын. Мына ошол жана башка көптөгөн жагымдуу ырларды жаратып, ага обон салган музыкант Эркин Мукашев менин маектешим болду.

ЭРКИН МУКАШЕВ
1962-жылы 25-июнда туулган. Ысык-Көл ырчыга чыгарма­чы­лык эргүү, энергия берет. “Чет өлкөлөргө иштөө тууралуу көп чакыруу болот. Бирок керемет көлдөн алган энергияны башка жерден ала албайм”,- дейт.
1985-жылы негизделген “Элес” тобунда 4 жыл ырдаган.
Футболго, хоккейге, коньки жана лыжа тебүүгө, гольф ойноого, аңчылык менен балык уулоого кызыгат. Бош убактысын ушуларга жумшайт.
Гитара, кепка жана курал-жарактарды коллекциялайт. 60тан ашык кепкасы бар. Анын бирин 1000 долларга алган.
Жазган ырларын чет жактык аткаруучулар 2000 доллардан ашык суммага сатып алышат. Ал эми «кыргыз эстрадасында акча кайдан...» деп, ырларын 200-300 долларга эле баалайт.
“Танец под дождём” аттуу ырынын тарыхын айтууну, концерттерде ошол ырды аткарууну сурангандарды жактыра бербейт. “Жаңы ырларга да жашоо бериш керек го”,- деп жооп берет.

Чыгармачыл адамдар менен иштешип жүрүп, баарына окшош бир сапатты байкагам. Бул – интервьюга белгиленген убакыттан жок дегенде жарым саатка кечигүү же эртең менен уктап калуу. Муну айтканымдын жөнү бар. Эртең менен саат 9да бул мырзага коңгуроо кылганымда, жандуу жооп берди. Саламдашып, канчада ойгонорун сурасам: “Кечинде канчалык кеч жатпайын, эртең менен алтыда туруп алам”,- дейт. Ошондой эле өзүн немистей так алып жүргөн сапаты менен да таң калтырды. Себеби маектешүүгө айтылган убактан кечикпей келди.

– Эркин байке, эртең менен эрте ойгонсоңуз, көп жумуш бүтүргөнгө үлгүрсөңүз керек...
Ар күнү ар кандай. Бирок окшош башталганы турган кеп. Үйүмдүн жанында каймагы калкыган сүт саткан жакшы дүкөн бар, жетишип калуу үчүн ойгонорум менен биринчи эле сүткө чуркайм. Сүттү өзүм да, уулум Алишер да аябай жакшы көрөт. Анан интернет аркылуу АКШдагы, чет өлкөдөгү досторум, тааныштарым, кызым Айсулуу менен байланышып, жазган каттарына жооп берем. Бизде таң атса, аларда кеч же түн эмеспи. Саат тогузга жакын үй-бүлөм ойгонот. Тамактангандан кийин жумушума жөнөйм.
Жумуш деп калдыңыз, кайсы жерде иштейсиз?
ИИМдин музыкалык студиясын жетектейм.

Маектешим уулу жана АКШдагы кызы тууралуу сөз козгоп өткөн соң, албетте, үй-бүлөсү жөнүндө суроо берилди. Ал бир уул жана бир кыздын атасы экен. Кызы Айсулуу ­25 жашта. Учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында иштейт. КРдагы ЖОЖдон япон жана англис тилин мыкты өздөштүрүп кеткени чет өлкөдө оңой эле жумуш таап алууга өбөлгө болгон. Ал эми Алишер жайында 3 жашка толот. Баласынын жаңыдан сүйлөп баштаган бал тилине атасы эрип отурду.

Карыганда көргөн уул болгондуктанбы, Алишердин ар бир кыймылы, сөзү мени элжиретет. Анын чала сүйлөгөн сөзүн укканда, “бала ушунчалык таттуу болот, анын татымына тойбойсуң деги эле” деп ичимден сүйлөнүп коём. Айсулуу эжекеси электрондук барабан белек кылган. Кулак тундуруп ойной бергендиктен, бир күнү билдирбей катып койгом, сурай элек.
Кызыңыз музыкага кызыгабы?
Ооба, бирок менчелик эмес. Ал такыр башка форматтагы адам. Кызыгуусу, дүйнөгө болгон көз карашы башкача. Негизи, кызыкпаганына сүйүнөм. Кыз баланын музыкант болушун каалабайт элем. Шоу-бизнести кыздар үчүн өтө оор деп эсептейм. Таланты ашып-ташкан болсо гана бир нерсеге жетиши мүмкүн. Эптемей болсо, жолдо калат. Андан көрө музыкага короткон энергиясын башкага арнаса дейм.
Балдарыңыз­дын апасы тууралуу унчукпайсыз да... Сиздей чыгармачыл адамдын музасы болгон айым ким болду экен?
Үй-бүлөм жөнүндө көп маалымат бербейм деле. Бирок бул ирет айткым келип турат. Айсулуунун апасы Анара экөөбүз
19 жашыбызда баш кошконбуз. Кызыгы, мен шаардык жигит болсом да, аны ала качып үйлөнгөм. Анара каршы болгон жок, себеби бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Үй-бүлө деген эмне экенин түшүнбөй турган чакта Анара Айсулууну белек кылды.
Убакыттын узашы менен Анара экөөбүз тең өзгөрө баштадык окшойт, бири-бирибизди түшүнө албай койдук. Ал менин музыка менен алектенгениме каршы эле. Чынын айтсам, “Элес” тобунан анын өтүнүчү боюнча чыгып кеткем. Анара кесиби боюнча технолог болгону менен, банкта иштейт. Анын кызыгуусу сан болсо, меники – нота. Анын ою боюнча, жашоодо баары алдын ала түзүлгөн план менен ишке ашуусу керек эле, а меники баары ички туюм менен аткарылган. Мен анын планына, ал менин туюмума баш ийген жокпу, айтор, эки башка жолго түшүп кеттик.
Көпкө чейин үйлөнбөйм деп жүрдүм. Бирок бир адам бул чечимимди жокко чыгарды. Казактын Шолпон аттуу кызы менен таанышып, көп өтпөй баш коштук. Ал да банк кызматкери эле. Шолпон менен Кыргызстанда жакшы эле жашадык. Алматыга көчүп барганыбызда ал мамиле кулады көрүнөт. Бул жакта банк ишмери менен музыканттын айырмасы анча деле сезиле тургандай эмес, ал эми Казакстанда такыр башкача экен. Алар музыканттарды теңине алышпагандай. Мына ушул түшүнүк экөөбүздү эки жолго бөлдү.
Шолпон да музыканы таштап, башка бизнес менен алектенүүмдү сунуштады. А мен билем, музыка – менин жашоомо боёк берип туруучу азык, ансыз мен эч ким эмесмин. Эки жолу тең турмуштан жаңылдым, такыр үйлөнбөйм деп өзүмө сөз бердим.
Алматыдан Бишкекке көчүп келе бердим. Бир күнү максым ичейин деп машинадан түшүп басып келгенимде, суусунун кандыра ичип жаткан чырайлуу айым көзгө урунду. Ички туюмум бул адам менен таанышышың керек деп туруп алды. Жанына барып таанышсам, ысымы Гүлмира экен. “Кечинде бир жерде отуруп кофе ичүүгө кандай карайсыз?” десем, каршы болгон жок. Кесибине кызыгуу салып сурап көрсөм, экономист экен. Кесиптен эмес, адамдын өзүнөн көп нерсе чечилет тура. Жакшы тааныштардан болуп жүрүп, үй-бүлөгө айландык. Ал мага мураскорум боло турган баа жеткис Алишеримди белек кылды. Гүлмирам – мыкты кожойке, мыкты келин, мыкты жубай, мыкты эне. Тагдыр мени түшүнгөн ушул айымга кезиктиргенине ыраазымын.

Каарманым жеке жашоосу тууралуу көп нерсени айтып берди. Кептин нугун анын чыгармачылыгына бурууну туура көрдүм. Бул күнгө чейин маектешим Казакстандын шоу-бизнесинин мыктылары делинген Батырхан Шукенов, Дильназ Ахмадиева сыяктуу атактуу инсандары менен тааныш экенин угуп келем. Учурда алар менен байланышы барбы? Анда музыканттын өз оозунан угалы.

– Интернет аркылуу байланышып турам.
Орусиянын кайсы жылдыздары менен таанышсыз? Мисалы, “Город 312” тобунун ырчысы Ая менен жакшы тааныштардан экениңизди билем.
Аяны Бишкекте ырдап жүргөндөн бери тааныйм. Мамилени ушул күнгө чейин үзбөй келебиз. Мындан тышкары Владимир Пресняков, Сергей Пенкин, Гарик Кричевский, Игорь Саруханов, “Агата Кристи” тобунун бардык ырчыларын, “Камеди клабдын” креатив директору Иван Вабищевич жана башкалар менен жакшы таанышмын. Баса, Валерий Меладзе менин ырларымды жактырып, ырдайм деп сураганда агасы Константин макул болбой койгон. Ошондо Меладзе “ыр тандоодо агам аябай олуттуу карайт” деген эле. Ал жактырган “Дождь” деген ырымды кийин Назаренко “Славян базарында” ырдап чыккан.

Бишкекте туулган ырчы 9-класска чейин баш калаадагы №13-мектепте окуган. Апасы үчүн мектепти алтын медаль менен бүтүрүү маанилүү экенин билип, бул мектепте мүмкүнчүлүгү аз деп Нарындын Миң-Кушундагы жашаган таежесиникине барып окуйт. Бирок көздөгөн максаты ишке ашкан эмес. Ага ырчы анча өкүнбөйт, анткени Миң-Куштан жакшы дос таап, коньки, лыжа тебүүнү мыкты үйрөнгөн.
Музыка дүйнөсүнө таякелери Иса жана Тимур Токоевдер алып келгенин да белгиледи. “Иса таякем депутат, спикер болуп иштеген. Ал жаш кезинде “Наристе” аттуу топто ырдаган”,- деп айтып өттү. Ал эми атасы тууралуу: “Атам менен апам ажырашып кетишкен. Бирок ал мени аталык мээримден куру калтырган жок. 1992-жылы ал адам бул дүйнөдөн өтүп кеткенин укканда жакын адамдан айрылуу ачуу сезим экенин билдим”,- дейт.
Атасын эстегенде көздөрү муңайып кеткен ырчыны карап, сөздү анын апасына бурдум.

“Мама” деген жаңы ырыңызга клип тартасызбы?
Мен жаңы дем менен ишке кириштим окшойт (күлүп). “Осенняя звезда” аттуу ырымдан кийин “Мама” деген ырыма клип тарта баштадым. Негизи, бул ырды досум Эркин Мээрканов жактырып, анын түрткүсү менен ырдадым.
Самандар, Раллия аттуу ырчыларга продюсерлик кылгансыз, бул ишке кайрыласызбы?
Кайрылсам деп жүрөм. “Жаңы толкундун” финалына чыккан Айбек Замирбек уулу менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жаңы дем менен ишке кирген экенсиз, сизден шлягерге айланчу хит ыр күтөбүз, ийгилик.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Эркин Мукашев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zik
2011-05-17 03:33:13
Urlaruhuz sonun, konurook gazsanuz sonu bolmok. Iskender
0
Комментатор Ноггано
2011-05-17 09:34:43
Очень грамотный человек.Дальнейших творческих успехов Вам
0
noori81
2011-05-28 21:30:40
Эркин,мы с нетерпением ждем ваших новых песен и клипов!
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан