Алдыда боло турган сөз торгойдун үнүн токтотуп, булбулдун үнүн бууган жалаң ырчы жигиттер тууралуу болмокчу. Чоро Кожомжаров, Алтынбек Сапаралиев, Шамшыбек Өтөбаев сымал таланттарыбыз эстраданын көч баштоочулары эле. Ал эми ошол көчтү кимдер улады жана эмнеси менен эсте калып жатышат?
"ЧАБАЛЕКЕЙЛЕР"
"Эстраданын чабалекейлери" аталып калышкан Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Бактияр Токторов, Майрамбек Осмонов, Мухтар Атаналиев, Абдумалик Шерматов, Асылбек Өзүбеков, Кудайберген Кутуев, Султан Каримов аттуу жылдыздарыбыз бир толкун болуп чыга келишпеди беле. Күйөрмандардын көз алдына бул толкун эмнеси менен эсте калды? Ырчы жигиттерибиз көбүнчө костюм-шым, ак көйнөк кийип, чачтарын кыйгач тарай сахнада ары-бери басып ырдап эле дүркүрөгөн кол чабууларга бөлөнүп калышчу. Фонограмма деген эмне экенин билбей эле, тердеп-кургап жандуу үн менен 2-3 сааттык концерттерди өткөрүп келишкен. Ал балекетти булар кийинчерээк үйрөнүшпөдүбү.
Эсиңерде болсо керек, Бек Борбиев алгач аккордеонсуз сахнага чыкканда эки колун бири-бирине муштагылап “Делбиримди” созгону. Бул толкундагы ырчы мырзалардын ичинен Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеев азыркы учурга чейин сахнадан түшпөй келе жатышат. Ал эми Майрамбек Осмонов менен Мухтар Атаналиев ыйман жолуна түшүп, бири тамадалык, экинчиси кино тартуу менен алек. Чачын ийинине жеткире өстүргөн Абдумалик Шерматовду 3 жыл мурун бир көрдүк эле. Такталбаган маалыматтарга караганда, мал чарбачылык менен алек болуп кеткен. Жогоруда аты аталгандардын той-топурлардын көркүн ачып жүргөндөрүн байкайбыз.
"КАЙМАКТАР"
Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Тынай Алыбаев, Адил Чекилов сыяктуу жигиттерибизди ырчылар ич ара “элита каймактары” деп атап жүрүшөт. Буга себеп, алардын музыкалык билимди даңазалап, профессионалдуулукка басым жасагандарында. Музыкалык билими жогору бул ырчыларыбыз айда-жылда бир ыр менен көрүнө калып кайра жоголуп, күйөрмандарын саргайта сагынтып жүргөндөрү өкүнүчтүү. Же каймактар капчыгы калыңдардын тойлорунан колдору таптакыр бошобой жатабы, ким билет.
МАНАСТАН ЧУБАК КЕМ БЕКЕН?..
Фонограмма акыркы жылдарда укмуш өнүгүп-өстү. Ал доордо Урмат Усенов, Мирбек Иманбеков, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Темир Назаров, Ильяз Абдыразаков, Ильяз Андаш, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Бекчоро, Самат Дөөлөтбаков, Сема, Акбар Сүйүнбаев, Чыңгыз Мырзаев сыяктуу ырчылар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыга келишти. Булар “Манастан Чубак кем бекен?” дегендей, биринен сала бири хит ырларды жаратып, клиптерди тарттырып, концерттен концерт коюшту. Бул толкундун кызыл-тазыл, жалтыр-жултур көйнөктөрү да эл эсинде болсо керек. Арасында көз айнегин түшүрбөгөн уялчаактары да бар. Тизмеленген жигиттерибиз айымдардан кем калышпай чач жасаганды да үйрөнүштү. Анан да бул толкундун өкүлдөрү котормой деген "жугуштуу ооруга" чалдыгышты да калышты.
Ошондой эле бул толкундун илеби менен бий дүйнөсү да ачылганын айта кетпесек болбос. Бир кезде аламан байгеге түшчүдөй болуп жарыша чыккан ырчыларыбыз жарыша нике шакектерин тагынууга да жетишишти. Кээ бири үй-бүлө казанына түшүп чыга албай калды көрүнөт, дымып бараткансыйт.
ӨЗҮНЧӨ ЭЛЕ ӨЗГӨЧӨЛӨР
Толкун дейбизби, билбейм, кыргыз шоу-бизнесиндеги өзгөчө жанр – рэпти айта кетпесек болбос. Бул толкунду аты да, заты да өзгөчө болгон Тата Улан менен Добр түзөт. “Карындаш” деген чыгармасы менен кара көз карындаштарга тарбия берем деген бет капчан Тата Уландын жүзүн көрүүгө ашыккандар көп. Кийинки муундар жомоктогу жоо чапкан баатырлар менен ырчы жигитибизди алмаштырып алышпаса эле болду. “Тамашоунун” негизги каарманы болуп калышына да ушул бет кабы “демөөрчү” болду окшойт. Анан да бул ырчы жигиттин кадыр-баркын анча-мынча ушак-айың сөздөргө “чын жүрөктөн баары бир” деп койгону көтөрүп келет.
Ал эми колду ары-бери силкип ырдаган Добрду сынчылар “бул баланын музыкалык билими, таланты деле жок. Эки сөздү бириктирип ырдай берет” деп көп сындашат. Ошентсе да сынбай, өзүн баалаган күйөрмандарына байма-бай ыр сунуп келе жатат.
“ГУ ЧЖУН ПЁлор”
Корей фильмдериндеги жигиттер кыргыз кыздарынын көздөрүн күйдүрө баштагандан бери чачтарачтардын иши жүрүшпөй калды. Дегеним, жигиттерибиз чачтарын көздөрүн жаап калганга чейин өстүрүп жатышпайбы. Чын эле, Даниель, Алихан, Гүлжигит Калыков, Дархан, Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип сыяктуу ырчыларыбыздын корейлерден эмнеси кем? Азыр "ырчы болом" деп там-туң басып калган аты тааныла элек жаштардын көбү таланты менен эмес, келбети менен күйөрман топтойбуз дешет окшойт.
“Кыз-Бурактан” бөлүнгөн Кенже Дүйшеева эжекебиз да кыздардын бул талабын эске алганбы, жаңы түзгөн тобуна жалаң корей жигиттерине окшош уландарды тандап алыптыр.
Токойдо сейилдеп келаткан Белоснежка, Дюймовочка жана Шрек үчөө чындыкты көрсөтүүчү күзгү таап алышат.
Күзгүгө каранган Белоснежка бир убакта өңгүрөп ыйлап кирет. Таң калган тиги экөө:
– Ай, эмне болду?
– Мерген Турган менден да сулуу турбайбы,- дейт көзүнүн жашын көлдөтүп.
– Берчи, мен да көрүнөйүн,- деп күзгүнү колуна алган Дюймовочка:
– Апей, менден да кичинекей болгон Ильяз Абдыразаков деген ырчы бар турбайбы!- деп оозу ачылып калат.
Кезек Шрекке келип, күзгүгө каранат. Каранары менен күзгүнү ташка бир чаап:
– Эй, Тата Улан деген ким?!- деп бетинен беш байпактык жүн чыкчудай болуп жиндениптир.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg