АКШ
ЖАҢЫ №1-ТЕРРОРЧУ КИМ?
Америкалыктарга “терроризм” оюнусуз жашоо кызыксызбы, айтор, Усама бен Ладендин өлүмү тууралуу сөздөр бүтө электе дүйнөдөгү эң коркунучтуу террорчу деп Анвар аль-Авлаки аттуу ысымды атай башташты. Мындай маалыматтар өткөн аптанын 5-майында “Арабия жарым аралындагы Аль-Каида” кыймылынын идеологу Йемен өлкөсүндө жүргөн Авлакинин көзүн тазалоо операциясы ишке ашпай калгандан кийин тарады. Февраль айында АКШнын Улуттук контртеррористтик борборунун башчысы: “Усама Бен Ладен №1-террорчу деген даражасын эчак эле жоготкон. Биз үчүн эми Авлаки терроризмдеги Бен Ладенден да коркунучтуу адам”,- деп билдирген. Авлаки 2009-жылы Детройттогу учакты жардырууга аракет кылган жан кечтини жалдаган жана Техастагы аскер базасында массалык кыргынды уюштурууга катыштыгы бар деп айтылууда.
Египет
МУСУЛМАНДАР МЕНЕН ХРИСТИАНДАР КАГЫЛЫШТЫ
Акыр заман жакындаганда эки чоң динди туткандардын ортосунда каршылыктар күч алат дейт. Ал күндүн жакындап келатканы чын белем, акыркы кезде мындай окуялар көп кайталана баштады. Алсак, Каир шаарынын четиндеги Санта-Мина чиркөөсүндө эки диндин өкүлдөрүнүн кагылышуусу болуп өттү. Бул кагылышуунун келип чыгышына христиандар аталган чиркөөдө мусулман динин кабыл алууга ниет койгон аялды чыгарбай кармап жатышканы себеп болгон. 500дөй мусулман аны бошотуу талабы менен келип, чырдын аягы кагылышууга алып келди. Окуя орун алган жерде ок атуучу куралдар жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр колдонулуп, жыйынтыгында 5 киши каза таап, 54ү ар кандай жаракаттарды алышты. Баш аламандык полиция кызматкерлери жана жоокерлердин кийлигишүүсү менен токтотулду.
Ливия
КАДДАФИНИН АРМИЯСЫ ЖАНДАНДЫ
Каддафинин куралдуу күчтөрү оппозиция өкүлдөрү орун алган Мисурата шаарын кайрадан бомбалай башташты. Курчоодо калган бул шаардагы оппозиция өкүлдөрү: “Тынымсыз бомбалоонун айынан гуманитардык жардамдарды алууга кыйынчылыктар туулуп жатат. Шаарда суу жана тамак-аштын көлөмү бир айга гана жете тургандай”,-дешет. Ошондой эле алар Каддафинин куралдуу күчтөрүнө туруштук бериш үчүн оор техникалардын жоктугун белгилешип, сапаттуу жаңы курал-жарактар берилсе, абалды өзгөртүүгө мүмкүндүк болмок деген ойлорун кошумчалашты. Оппозиция өкүлдөрүнүн мындай сунушуна бир дагы мамлекет кайрылып жардам бере элек. Бирок өлкөдөгү оппозицияны колдоп 19-марттан бери АКШ менен НАТО күчтөрү Каддафинин армиясына каршы абадан чабуул жасашууда.
Кытай
СЕРИАЛ КӨРҮҮГӨ УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Кытайдын радио жана телеберүүлөр боюнча башкармалыгы өлкөдө романтикалык жана криминалдык сериалдарды көрсөтүүнү үч айга чейин токтотуу чечимин чыгарды. Мындай иш-чара 7-майда белгиленген Кытайдын Коммунисттик партиясынын 90 жылдык мааракесине карата жасалууда. Бул үчүн мамлекеттик башкарма Коммунисттик партиянын түзүлүшү жөнүндөгү 40 драманы июнь, июль айларында көрсөтүүгө даярдап койду. Бул аралыкта жарандарды патриоттуулукка үндөгөн берүүлөр көрсөтүлмөкчү. Акыркы кездери кытайдын жаштары ар кандай шоу берүүлөрдөн улам мамлекеттик каналдарды көрбөй, интернетке байланып калышканы сурамжылоолордон улам билинген эле.
Англия
АНГЛИЯНЫН БАЙЛАРЫ ОРУСИЯЛЫКТАР
"Тhe Sunday Times” гезити Англиядагы эң бай адамдардын тизмесин жарыялап, анда алдыңкы үч орундун экөөсүн орусиялык ишкерлер Алишер Усманов жана Роман Абрамович ээлешти. Усмановдун байлыгы 20 миллиард 300 миллион АКШ долларын түзсө, Абрамович 16 миллиард 400 миллион доллар байлыгы менен тизмеден үчүнчү орунга жазылды. Ал эми биринчи орунду өткөн жылдагыдай эле индиялык ишкер Лакшми Миттал эч кимге берген жок. Анын учурдагы байлыгы 27 миллиард 800 миллион долларды түзөт. Ошондой эле Англиядагы эң бай деген миң адамдын байлыктарын бириктирип эсептегенде 395 миллиард 800 миллион долларга жеткенин басылманын изилдөөсү көрсөттү.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg