Токко урунуп эки колунан ажыраган Самат жөнүндө гезитибизге өткөн жылы жазганбыз. Ошол убакыттан бери кандай өзгөрүүлөр болду, майып болгон бала түндү кандай сүрүп, таңды кандай тосуп жатты экен деген суроолорго жооп издеп, Саматтын үйүнө сапар алдык.
Жал айылын аралай жүрүп отуруп, тоонун боорундагы үйгө токтодук. Төркү үйдө диванда көзүн бакырайтып Самат отуруптур. Ал бизди муңдуу да, үмүттүү да көз караш менен тосуп алды. Көз жашын аарчыган Саматтын энеси Курманбүбү эже баласынын абалы тууралуу айтып отурду.
– Ал күнү 30-сентябрь эле, күндөгүдөй уулумду мектептен күтүп отургам. Саат 5-6 болуп калган. Бир маалда коңшубуз “балаңыз токко урунуп калды” деген жаман кабар менен кирип келди. Көрсө, Самат менен классташы Адилет жолду кыскарталы деп трансформатор жактан өтүп баратып жанындагы цемент тепкичке отура калышат. Адилет ордунан туруп бир кадам таштаган учурда Самат трансформаторго жабышып калат. Кандай болуп жабышканын бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрө албайт.
Мен ооруканага барганда Саматтын эки колу капкара болуп күйүп калган экен. Алгач доктурлар колун чыканагына чейин кесишти. Башы аман калды деп ошондо да кайратыма келгем. Кийин токко урулган колдун сөөктөрү чирип, майдаланып түшө бергендиктен, колду улам кыскартып кесип отурууга туура келди. Азыр Саматтын ийининен ылдый 15 сантиметр булчуң гана калды. Жолдошум да кырсыктан улам каза болуп калган. Өзүм жалгыз бой 6 баланы өстүрүп жатканда мындай каргашага туш болдук. Мен го мейли, уулумдун кийинки турмушу кандай болот деп жаным кыйналат.
– Учурда Саматтын акыбалы кандай?
– Аны жалгыз калтыргандан корком. Менсиз тамак да жей албайт. Дааратканага да өзүм алып барам. Тамагын иче албаса же шымын шыпырып дааратканага бара албаса... Азыр го мен жанындамын. Бирок өмүр бою жанында боло албайм да. Кийинки жашоосу мен үчүн туңгуюк. Улуу сөздө уят жок, психологиялык жактан жабыркап, кийин эркектик милдетин аткара албай калабы деп да чочуйм. Айта берсе арман көп.
АКЫЙКАТ БАРБЫ, БОЛСО КАЙДА?
Мына окурман, бул окуядан бери 1 жыл 7 ай өттү. Бирок соо баланы майып кылган адамдар ушул кезге чейин өз жазасын алыша элек. Самат токко урунган трансформатор Сокулук РЭСине караштуу. Каргашалуу окуя болгон жердеги трансформаторго барсак, анын ээлеген орду гана калыптыр. Курманбүбү эженин айтымында, сот процесси башталганда эле аны оңдойбуз деп жүктөтүп алып кетишкен. Кырсык трансформатордун эшиги эзели жабылбагандан улам болгон. Эшиги шамалга ыргалып ачылып-жабылып тургандан улам “мал-жан кирип кетпесе экен” деп ал жердин тургундары сак-сактап турушчу.
– Бул ишке тийиштүүлөр жазасын алыштыбы?
– Самат ооруканага түшкөндөн 15 күндөн кийин Сокулук РЭСинин башчысы Медер Сартказиев дагы бир инженери болуп келип кеткен. Дары-дармекке жардамыбыз болсун деп 18 миң сом беришкен. Кийин 2-февралда биринчи сот процессинде келди, андан кийин көргөн жокмун. Сот үч жолу болду, бирок жыйынтык чыга элек. Күнөөлүү деп ал трансформатордун жоопкерчилигин Асанбек уулу Нурбек аттуу мастерге ыйгарышты. Ал адамды темир торго отургузайын деген ниетим жок. Мен аларды 1 жыл 7 айдан бери кеткен чыгымдын ордун тургузса, баламдын колуна протез салдырганга көмөктөшсө эле деп ойлойм. Жакында интернет аркылуу Саматка чет өлкөдөн жасалма кол издедик. Ал колдордун баасы 65 миң доллар экен. 4-шаардык ооруканадан берилген жасалма кол куурчактын колундай болуп, эч бир пайдасы тийбейт экен.
– Келечекти көп ойлонсоңуз керек...
– Азыр Самат мектепке барбайт. Мектептин директору “мектепте ар кандай балдар окуйт, бири түшүнсө, экинчиси мазакташы да мүмкүн” деп бир жумада үч жолу мугалим жиберип турат. Самат келечекте адвокат болуп, укугу тебеленген адамдарга жардам берсем деп ниеттенет. Андан сырткары англис тил китебин тынбай окуп жүрөт. Тагдыр башка салса баарына көнөт экен, эми Самат бардык нерсени буту менен жасаганга өттү.
Саматтын тагдырына кайдигер карабаган, көмөктөшкүсү келгендер үчүн банктагы эсептин реквизиттери:
Улуттук валютада каражат которуу үчүн реквизиттер КGS:
Банк : ААК «ЭкоИсламикБанк» Бишкек шаары, Кыргызстан, Геологический 17
ИНН 00710199610114, БИК 117001
Транзиттик эсеп: № 1170120001000519
Алуучу : Жумагулова Мээрим Асылбековна
Өздүк эсеп: 4170121711469400
Каражат котороордо сөзсүз кандай максатта которуп жатканыңызды өтүнөбүз, материалдык жардам, белек же кайрымдуулук экенин белгилеп коюңуздар.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg