“Ва-Банк” жана “Жылуу уя” деген корей сериалдарын жакшы көрөсүзбү? Андагы баш каармандын ролун жараткан Сон Хе Кё бирде аянычтуу, кээде тамашакөй образдарды бирдей деңгээлде мыкты аткара алгандыгы менен оозго алынган.
КЫСКАЧА
ОКУУЧУЛУК ФОРМАДАН БАШТАЛГАН АТАК-ДАҢК
Хе Кё 1981-жылы 22-ноябрда төрөлгөн. Жарыкка келген наристе катуу ооруп калат. Дарыгерлердин «жашап кете албайт» деген тыянагына карабай, Хе Кё кийин жакшы болуп кетет. Ата-энеси наристенин дарты менен алпурушуп жүрүп, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууну унутта калтырышкан окшобойбу. Дегеним, биздин каарман паспортто 1982-жылдын 26-февралында төрөлгөн деп жазылган. Актриса моделдик карьерасын 1996-жылы баштайт. Окуучулар үчүн кийим чыгарган “SunKyung Smart” фирмасы тарабынан уюштурулган моделдердин сынагында Хе Кё биринчи орунду илип кетет. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, сынактан көзгө илинген өспүрүм кызды көп өтпөй “Бактылуу таң” деген сериалга тартылууга чакырышат.
СУЛУУНУН БОЛБОЙТ ЖҮРӨГҮ...
Ошентип, Сон Хе Кё түрдүү сериалдарда роль жарата баштайт. Бирок ал бүткүл Кореянын көрөрмандарына 2000-жылы жарыкка чыккан “Күз жомогу” аркылуу гана таанылат. Дээрлик ар экинчи тартылган сериалдардан кийин сулуу актрисага байланыштуу ушак сөздөр жаңыланып турган. Анын ичинде 2002-жылы тартылган кумар оюндары жөнүндөгү “Ва-Банк” сериалынан кийин да ушактар тараган.
Баш каармандардын укмуштуудай ролго берилип аткаруусунан улам “Ли Бё Хон менен Сон Хе Кё кыз-жигит” деген сөздөр тарап кетет. Бирок экөө тең журналисттерге дайыма “биз жөн гана жакшы түшүнүшкөн досторбуз” деп келишет. Ал эми 2004-жылы эл алдына тартууланган “Жылуу уя” сериалында Хе Кё көрөрмандарын комедиялык образы менен кубанта алды. Популярдуулугун арттырган бул тасмадан кийин эки башкы каарманга байланыштуу эми “актриса белгилүү ырчы Рейнге турмушка чыгат” деген имиштер таркайт. Тилекке каршы, сенсация күткөн журналисттердин үмүтү акталбай кала берди.
СҮЙҮҮ ЧЫНДАП МАС КЫЛДЫ
Актриса “Алар жашаган дүйнө” (2008-жыл) аттуу сериалга тартылып жатып көптөн күткөн сүйүүсүн жолуктурат. Анда сүйгөнүнүн ролун аткарган Хён Бин менен Хе Кё жалпы журтка бири-бирин сүйөрүн жар салышат. Муну уккан журналисттер той күнүн күтүп, жылдыз түгөйлөрдүн артынан аңдыган папарацци көбөйгөн. Тилекке каршы, үстүбүздөгү жылдын март айында актёрлордун продюсерлери “Хён Бин менен Сон Хе Кё үйлөнбөй калышты” деген маалыматты билдиришти. Алардын айтымында, ажырашып кетүүгө эки жылдыздын ишинин көптүгү жана алар тууралуу журналисттердин жүйөсүз ушактары себеп болгон.
Учурда махабаттан жабыркаган Хён Бин аскердик кызмат өтөөдө жүрсө, Хе Кё алкоголь ичимдиктери менен «достошуп алгандыгы» айтылат. Анын курбуларынын бири: “Акыркы учурда Сон Хе Кё баарынан чарчап жүрөт. Ал мени бир канча жолу чогуу ичип отурууга чакырды”,- деп айткан. Бирок сулуу бийкечтин тегерегиндеги ызы-чуулуу сөздөрдү четке каккан продюсери: “Учурда Хе Кё “Бүгүн” деген даректүү тасмада башкы каарманды аткарууда. Кино күйөөсүн жоготкон продюсердин кейиштүү тагдыры жөнүндө болот”,- деди.
“ТАМАКТЫ АПАМДАН ДА МЫКТЫ ЖАСАЙМ”
Түштүк кореялык басылмалардын бирине жарыяланган маегинен үзүндү:
– Сен арыктап калгандай көрүнөсүң...
– Ооба. “Күз жомогу” сериалы менен азыркы абалымды көп салыштыра берем. Салмакты таштоого көп чуркап, велосипед тээп жана көнүгүү жасаганым жардам берет.
– Сени кинолорго караганда сериалдарда ролду жакшы ойнойт дегенге кошуласыңбы?
– Сабыр кылып күтө туруңуздар. Көрөсүздөр, мен кинодо да ролду жакшы аткара аларымды далилдейм.
– Күн сайын эмне менен алек болосуң?
– Эгерде иш убактысы болбосо, дароо эле сейилге чыгам. Досторума телефон чалып же жаңы бир нерсени билүүгө аракет жасайм. Үйдө болуп калсам ашканадан чыкпайм. Апам “сен корей элинин улуттук тамак-ашын даамдуу бышырасың, сенин жасаганың меникине салыштырмалуу жакшыраак” деп калат.
– Турмушка качан чыгасың?
– Мен дайыма өзүмө «30 жаштан өткөндөн кийин гана турмуш тууралуу олуттуу ойлоносуң» деп келгем. Ага чейин «сага бир жакшы дос жетиштүү, аны сен бир баарлашып отуруудан соң таба аласың» дечүмүн. Албетте, элдин көзүнө көрүнүп калганым үчүн менин айтканыма караганда жасаган иштерим көбүрөөк сынга кабыларын жакшы билем. Андыктан дагы убакыт бар.
Эльвира Караева
star@super.kg