ТАЛАНТ ЖАНА БАЛАЛЫК

ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО. Атактуу «Титаник» фильминде сүрөтчү баланын ролун аткарган Леонардо ди Каприо Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Анын ысымы атактуу сүрөтчү Леонардо да Винчинин атынан коюлган. Анткени, апасы Ирмелин боюнда барында Италиядагы музейлердин биринде Леонардо да Винчинин сүрөтүн карап жатканда ичиндеги баласы биринчи жолу кыймылдайт. Ошол себептен апасы кийин ымыркайынын атын улуу сүрөтчүнүн ысымынан коёт.
Лео төрөлгөндөн кийин ата-энеси тез эле ажырашып кетет. Бирок, атасы Жорж ди Каприо эч качан баласын кароосуз таштаган эмес. Ар дайым кеңеш берип, жанында болгон. «Менин кичине кезимдеги кыздарга кызыгуум да атамдын жумушунан болгон. Мен анын жумушунда уятсыз журналдарды жашырып карап отурганды жакшы көрчүмүн. Атам аны байкачу эмес» деп эскерет балалыгын Лео. Таланттуу өспүрүм беш жашынан баштап эле киного тартыла баштаган. Лео он төрт жашында отуздай рекламалык роликтерге тартылып, «Санта-Бар­бара» сериалында өс­пүр­үмдүн ролун ойноого жетишкен.

ЖЕННИФЕР ЛОПЕС. Дүйнөдөгү атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан. Өздөрү жер которуп жүргөнгө аргасыз болсо да, ата-энеси Женниферден сырткары эки кызына татыктуу тарбия бер­үүнү көз­дөшкөн. Кичинекей Женнини беш жашка толгондо апасы «Гваделупа» бийчилердин мектебине берет. Бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн. Ал учурда сахнадагы жети жашар кыз дүйнөнү багынтаарын эч ким билген эмес.

АНЖЕЛИНА ЖОЛИ. Америкалык атактуу актриса Анжелина Жоли актёрдун үйбүлөсүндө туулган. Чыгармачылыгына атасы актёр Жон Войт менен апасы атактуу модель жана актриса Маршелин Бертранддын таасири зор болгон. Анткени, кызынын талантын экөө тең байкап, ага туура багыт көргөзүшкөн. Анжелинага бир жаш толгондо ата-энеси ажырашып, наристе кыз апасынын колунда калат. Анжелинанын балалыгы апасы менен чогуу театрда өтөт. Ошонун таасириненби, Анжелина он эки жашында биринчи жолу театр сахнасына чыккан.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан