Ильяз & Медина: «БИЙЛИК БИЗДЕ ЭМЕС, ШЕФТЕРДЕ»

“Ильяз табиятынан аз сүйлөйт” деген эле апасы. Чын эле журналисттер ырчы жигитти сүйлөтө албай көп убара тартышат. Бирок бул мүнөзү бала үйлөнгөн соң калгансыйт. «Ооба-жок» деп отура берчү Ильяздын тартынчаак сапаты келинчеги Мединага өтүп кетиптир. Анан да бойдок кезде “мага аз сүйлөгөн, жоош кыздар жагат” дечү Ильяз самаганына жетти десек болчудай. Анткени келинчеги аз сүйлөгөн, жоош-момун жар экен.

– Эки жаш, кандайсыңар?
– Бизде баары жакшы. Орусияга гастролдоп барып келдим. Чүй облусун кыдырып бүттүм. Жакынкы аралыкта Көл тарапка концерт койгону барсакпы деп белсенип турабыз.
– Мен деп баратып эле биз деп калдың, келинчегиң жаныңдан карыш жылбайт окшойт...
– Ооба, Медина Кыргызстандын кайсы жерине концерт коюп барбайын, жанымда. Бирок Орусияга өзүм менен кошо алпарган жокмун, себеби орустарга анча ишенбейм, аялымды ашыкча кызганам.
– Үйлөнгөн соң чы­гарма­чылы­гың­да тыным болуп калды...
– Медина ырга шыгы жок, эгер музыкага кызыкса, мага эле жеңил болмок. Калганын келин балаңыздан сурап көрбөйлүбү...
– Менин оюмча, Ильязда чыгармачылык тыныгуу болгон жок. Мурдагыдай эле ыр менен алек.
– Медина, үй тиричилиги башы­ңа түштү, окууңа жетишип жа­та­сыңбы?
– Үйдө кыйраткан деле жумуш жок деңизчи, анткен менен канчалык аракет кылбайын, эч нерсеге жетишпей калгандай эле сезилүүдө. Той деп жүрүп сабактан көп калгам, балким, ошонун кесепетинендир.
– Ильяз, жаштардын арасында сөз бар “байракты аяшка карматып койдуңбу?” деген...
– (Күлүп) Жо-ок, байрак бизде болсо карматамбы. Азырынча жашпыз, үй-бүлөдө ким башкаруучу, ким аткаруучу деген пикир жок. Бизден да жогору шефтер бар – ата-энелерибиз. Алардын кеп-кеңешин, акыл-насаатын угабыз.
– Медина, Ильяздын ашынган кү­йөр­ман кыздарынын бири белең?
– Ильязды ырчы катары таанычумун, ырларын угуп, клиптерин көрүп калганым болбосо, күйөрманы эмес элем. Курбу кызым турмушка чыгып, тоюна барып калып, дос кызым аркылуу экөөбүз таанышканбыз. Биринчи Ильяз сөз айткан. Аз эле сүйлөшүп, жактырышып, түшүнүшкөн соң түбөлүккө бирге кол кармаштык.
Ильяз: – Медина мени эмес, Энрике Иглесиасты укканда жантыгынан жата калат. Энрике менен Жеки Чандын ашынган күйөрманы. Кээде «алар алыста да, эмнеге кызганып жатам?» деп өзүмдү жемелеп алам. Биздин сүйүү бир көрүп ашык болуу менен башталып, бүгүнкү күндө махабатка мас болуп турганыбыз менен коштолууда.
– “Таптым сенини” Мединага арнапсың, “Кеттиң кайда?” кимге айтылып калат ошондо?
– Билесиздер, ырларымдын сөзүн Алтынбек Алымов жазат. Эмнегедир Алтынбек байке “таптым сени” деп туруп, кайра “кеттиң кайда?” деп жазыптыр. Кантип түшүнүштү деле билбей калдым. Ырдын сөзүнө көп маани бербейм.
– Сайкал Садыбакасованын “ардагым, бактылуу бол, кызың­ды мен деп кой, уулумду сен деп коём” деген ырын Ильязга арнап ырдагансыйт” деп чыгарып алышыптыр...
– Ха-ха-ха, ошон­до кайрадан микрофон менде турбайбы. Ырды Сайкал жаздырып жатканда уккам, мыкты чыккан. Бирок маанисиндеги ойдон алыспыз. Эми Медина, сизде кандай ой бар, айтып койсоңуз, кызганасызбы, жокпу, ушул жерден билип алайын.
– Ал ырды Сайкал өзү жазган эмес да. Сайкал өзү жазса, оюм башкача болмок. Негизи, Ильязга «нике шакекти колуңдан түшүрбө» деп айтам, ошол эле жетиштүү.
– Казактар сага “Тойота Ланд Крузериңиз барбы, жок болсо биз алып беребиз” деп суроо беришчү эле, Казакстанга барып байысам дейсиңби?
– Казактар “бияктан 10 Ланд Крузер алсаң болот” деп көп жолу азгырышты. Бирок Кыргызстанымда эле жүрүп күйөрмандарыма ыр тартууласам дейм. Казакстанга акыркы жолу барган сапарымда концертиме жалаң казактар келишти. Мен бүт кыргызча ырдадым. Кудайга шүгүр, казак-кыргыз чек арасынан баштап эле мени таанып, сүрөткө түшүп калышат, ошого кубанам.
– Медина, Ильяз мурда машинасында отуруп алып музыканы катуу коюп тамактангандан ырахат алчу, азыр кантип жатат?
– Азыр үйдөн тамактанат. Турмушка чыга элегимде тамак жасасам, апам “тамагың начар болуп калыптыр” деп бетиме эле айтчу. Азыр менин көңүлүмө карашабы, кээде жасаган тамагым өзүмө анча жакпай калса да үйдөгүлөр мактап жешет.
Ильяз: – Тамакты тандап жеп, кесир кылбайбыз. Үйдө азык-түлүк калбай калганда же шашканда жумуртка менен пиязды деле куура коюп тоюнмай.
– “Ильяз деп соккон жүрөктөр­дүн дабышы Медина менен кол кармашкан соң басаңдады” дегенге кошуласыңарбы?
Медина: – Кошулбайм. Себеби үйлөнгөндөн кийин деле кыздар үйгө чейин келип жатышат. Мени болсо “жөн эле келишиптир” деп алдап коюшат. Өткөндө эки кыз келиптир, неге экенин билбейм. Кайним менен апам барып сүйлөшүп узатышты.
– Бойдок кезде көп ырчыларга аранжировка жасап берип, акчасын ала албай жүрчү элең, азыр канттиң?
– Мурункудай ырчыларга аранжировка жасабайм деле. Иним музыкага кызыгат, досу Нурлан экөө дуэт болуп ырдашууда. Аларга “кийин “кидать” этип кетпейсиңерби?” деп талап коюп, колдон келген жардамымды берүүдөмүн. Адам тың болуш керек экен, антпесе каалагандай басып, Орусиялап гастролдоп кетип, тиричиликти унутуп калат экенсиң. Мен азыр Малыш болбой калгам. Баягы Малыш жок, чоңоюп, Ильязбек болуп өзгөргөм.
– Апаң “буюрса, жазда Ильяздын кичи мекенине той берем” деген болчу...
– Атам менен апам Ошко кетишкен. Сыягы, Кадамжай менен Араванга той берип, бата алып беребиз деген пландарын ишке ашырганы калышты окшойт. Азыр үйдө жалаң жаштар калып, тополоң кылып отурган кезибиз.
– Продюсериң, анан өкүл атаң Фархат “атайын квартирага бөлүп койсок, кайра келип алышты” дейт, көпчүлүктү жакшы көрөсүңөр го...
– Өкүл атам “биздин квартирабызга жашагыла, силерге белек” дегенинен көчүп бардык. Экөөбүз жашасак, суз сезилди. Көп адам жашаса жакшы экен, шаңдуу болуп. Жаныңда ишенген адамдарың бар, эч нерседен кем болбойт экенсиң да. Экөөбүз телевизор көрсөк, телевизор жакпайт, ыр угалы десек, ыр жакпайт. Эртең менен Медина сабакка кетип калды эле, өзүм жалгыз зериктим. Анан кой деп 2 күн жашап, кайра үйгө кайтып келе бердик.
Келинчегим экөөбүз биринчи жолу маек берип отурабыз, ошондуктан сүрдөп, толкунданып, уялып, сүйлөчү сөзүбүздү таппай жатабыз окшойт. Мурда күн өтпөй эле «качан 21ге чыгам, качан аял алам?» дей берчүмүн. Үйлөнгөн соң убакытты кармап кала албайтам, күндөр абдан бат өтүүдө. Жаштык ай, жаштык...
– Кер-мур айтышып, катуу уруша элексиңерби?
М.: – Ильязга эркелеп, таарынып, кайра жазыла берем.
И.: – Өзүм да түшүнбөй калам. Кайдан, кандайча капа кылып алдым экен деп. Кудай сактасын, бирок урушуп-талаша элекпиз. Зериксек, тынч эле кинотеатрга барып, кино көрүп келебиз.
– Эмне дейбиз, ошол тынч эле ээрчишкен ынтымагыңардан айныбагыла. Силерге бакыт каалайбыз.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Ильяз
1988-жылы 21-январда төрөлгөн. Жердиги – Баткенден. Эки бир туугандын улуусу. Ырчы, аранжировкачы. Апасы Уулкан кесиби боюнча музыка мугалими, атасы Кубанычбек чарбачылык менен алектенет.
Медина 1991-жылы 2-июлда төрөлгөн. Жердиги – Нарындан. Бишкекте туулуп-өскөн. Үч кыздын ортончусу. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын юридикалык факультетинде 2-курста окуйт. Ата-энеси жеке ишкерлер.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Ильяз Абдыразаков жана жубайы Медина
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
ANELKA
2011-05-20 00:46:16
чындында эле Ильяз байракты оз колуна ала элек болсо керек, болбосо келинчегин мынтип журуусуно жол бербейт эле...именно жаны тушкон келинчек...а мен Ильяздын кызгануусуна ишенбей деле калдым...озубуздон болгон жигиттин журогундо бир аз болсо да ыйманы болсо керек деп ойлочумун...мейли башына апакай жоолук салынбаса да, денесин жаап келиндей болуп журбойбу? болгондо да белгилуу ырчы жигиттин келинчеги эл козуно бул акыбалы менен чыгып турганы...
0
ANELKA
2011-05-20 00:47:35
азыр 21-кылым жана кун ысык жыланач журуубуз керек дегендер учун,акыреттеги азабынар болгон тозоктун оту жана жан чыдагыс азабын эсинерге сала кетемин...ошол убакта убактылуу болгон,бул сыноо дуйносундо денесин жамынып табышмактуу,кундун ысыгына чыдап сабырдуу жана ыймандуу жургон кыздарыбыз учун, туболуктуу жыргал жашоо ошондой эле бийик даражалауу бейиш бакчалары насип кылат ИНШАЛЛАХ !!! Аллахым журогунорго ыйман нурун себелесин !!! амин !!!
0
aychurok89
2011-07-21 12:35:14
ANELKA,бардык эле мырзалар,ушул баладай болуп калбайбы))
0
zarima
2011-05-20 02:52:10
iliaz,senin 4ygarma4ulugundu syilaim,yrlaryn,sahnada alyp juruwun jagat,birok elin aldund suilogondo emne myn4a uialasun,owol sapatundan arulsak jakwu bolmok,jubaiun da uial4aak eken.
0
gulzarali
2011-05-21 05:57:03
Сайкалды эми гана жаны уйлонгон жубайлардын ортосуна аралаштырбай эле койбоптур.Мединаны кызгансын дединерби?Экоо урушуп кетсе эмне болот.Арасына Ильяздын бут клиптериндеги кыздарды атайылап кошуптур,Мединаны кызгандырыш учун.Журналист кыз кызыктай эле суроолорду берип коюптур.Ото эле личный жашоосуна аралашып эмне кереги бар. Бактылуу болгула жаш жубайлар!!!!
0
perish
2011-05-21 14:23:33
kubik ушундай эле ыймандуу,акылдуу болсон кантип АЛЛАХ ДЕГЕН СОЗДОРДУ БИР ЖАЗЫП АТАСЫН?Чала молдо дин бузар боло бербей,создун маанисин туура тушунгонго аракет кыл.!!!!!!!
0
perish
2011-05-21 14:25:07
kubik бул кыздын эмнеси жабылбай калыптыр.тим эле окуро бербечи!
0
aykani
2011-05-22 00:24:12
superkelin4ek,Diana Yagofarovaga okwow eken! takaya s4astlivaya para!!!
0
arstan05
2011-05-22 03:45:57
karmashkan kolunar uzulbosun,Kelinchegindi oz erkine koigonsungo ee Kadamjaida bolo berebi ushundai kiinse?Uidon dele ushundai jurobu ?
0
chocopai
2011-05-22 17:00:26
Ильяз кызганчак эмес эле корунот, чын эле белгилуу адамдын жубайы болгондон сон жабыгыраак кийинсе болмок, аны жаштар гана корбой улуу муундагы коротта, кайын журту деле корсо эмне дейт кокуй???!!!
0
rahilka
2011-05-22 23:20:02
Бактылуу болгула
0
bavariy
2011-05-26 14:20:47
Суйкумдуу, жонокой кыз корунот, азыр жаш, суйлогонду. озун алып жургонду бат эле уйронуп алат. а кийингени деле жакшы, анын эмнеси бар экен ачык кийингендин, жаш болгондон кийин! Бактылуу болгула!!!
0
merimka89
2011-06-10 23:12:14
эн негизгиси бактылуу болгула! кармашкан колунар узулбосун!
0
altynkamikola
2011-06-14 22:16:40
gakshynakai para eken.baktyluu bolushsun!birok iliaz uilongondon kiyin krasnoyarskka koncert koiup keldi.ech nersege konulu gok,yrdagysy kelbey eptep septep ele ketti.baikush kuiormandary.eldin koptugun aitpa400don ashyk.bilet baasy300rub.ailasyz akcha kerekten ele kelgen okshoit.:(
0
2011-07-19 15:27:30
Abdan tattina jash iybylo eken,Baktilyy bolgyla.Birok ekoo jash emecpi yilongongo.
0
elmisha
2011-09-17 14:58:39
бактылуу болгула!!!
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан