(Башы өткөн саныбызда)
– Эмне деп жатасың, акмак дербиш?!- дейт падыша дербиштин сөзүн оозунан жулуп. – Балдарымдын баары өлгөндөн кийин мага өмүрдүн эмне кереги бар?!
– Жок, жаңыласыз, падышам. Менин сөзүмдү аягына чейин угуңуз.
Каарданган падыша «дербиш дагы эмнени айтар экен» деп унчукпай калат.
Дербиш сөзүн улантат:
– Мына, азыр сиз чөбөрөңүздүн баласын эркелетип отурасыз. Балалуу болгонуңузда өмүрүңүз кошумча дагы элүү жылга узарды. Ал эми неберелүү болгонуңузда дагы жүз жыл кошулат. Чөбөрөлөрүңүз болгондо жүз элүү жылга узарат. Ушинтип укум-тукумуңуз көбөйгөн сайын сиздин өмүрүңүз да узара берет. Анткени сиздин өмүрүңүздү сизден калган туяктар, небере-чөбөрөлөрүңүз улашат. Эми ойлоп көрүңүзчү, бала-чакаңыз көп болсо, сиз кайдан өлмөк элеңиз?! Сиздин өлбөстүгүңүздүн да жалгыз сыры ушул.
Падыша акылман дербиштин кебин угуп, чын эле ата болгон адам өлбөстүгүнө көзү жетип, ишенет.
Ошол окуядан кийин падыша жакшы кеңеши үчүн дербишти баалап, өзүнө кеңешчи кылып алыптыр. Куру бекер күнөөлөп, орго салган адамдарды ордон чыгартат.
Ошентип, падышанын укум-тукуму бүгүн да уланып, ал падыша биздин арабызда өлбөй жашап келатыптыр.
(Аягы)
Сулайман Рысбаев