МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР

Сүрөттөгү мөмө-жемиштердин аттарын таап, баш катырманы толтургула.


ТАБЫШМАКТАР

Сары алмурут салаңдап,
Илинип турат үйүмдө.
Алайын десем жетпеймин,
Жетсем дагы жебеймин. (Лампочка)

Отурат сулуу ороодо,
Чачы чыккан короого.
Жакшы көрөт коёнек,
Курсагы дале тоё элек. (Сабиз)

«Кооз торчо экен» деп,
Чымын карап суктанды.
Жакын учуп келди эле,
Кармалды да чыкпады. (Желе)

Жалбырагы жайкалган,
Кооз чөп экен байкасам.
Тере албадым аны мен,
Чагып алды кармасам. (Чалкан)

Бал эмес, бирок таттуу,
Муз эмес, бирок катуу.
Чайга кошсоң сонун,
Аты эмне, тапкын? (Нават)

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
gulzarali
2011-05-16 19:38:09
1-банан 2 жузум 3 алча 4 шабдолу 5 орук 6 карагат 7 кокос 8 ??? 9 кулпунай
0
lara
2011-05-17 00:56:34
1.banan,2. juzum, 3.alcha 4.shabdaly, 5.oruk, 6. kargat, 7.kokos,8.karaoruk,9. kulpunai.
0
Tokmok
2011-05-17 13:35:02
ichine jaza turgandai, nomerleri menen kylyp tuzso bolot.......
0
merim
2011-05-21 01:26:34
8си ушул кулпунай жазылбай калды,башкача аталышы го дейм!же караорукпу???
0
saya4ka
2011-05-24 12:03:45
1. банан,2. жүзүм, 3.алча. 4. шабдалы,5. өрүк, 6.карагат, 7. кокос, 8.караөрүк, 9. кулпунай! деген туура окшойт.
0
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан