Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ҮЙ ЖАНДЫКТАРЫНАН КАНДАЙ ООРУЛАР ЖУГАТ?

№446 20-26-май, 2011-жыл


Жалпысынан жаныбарлар 150гө жакын оору түрлөрү менен оорушат. Ал эми Кыргызстанда жаныбарлар табигый жана климаттык шарттарга байланыштуу 30дай оорунун түрүнөн жабыркашат. Адамдарга булардын көпчүлүгү жугат. Ал илдеттер тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Бектурдиев жана Бишкектеги жеке ветеринар Аман Сасыкулов баяндайт.

ООРУ ЖУГУШУ МҮМКҮН
Албетте, үйдө мышык, ит багуу же аквариум кармоо жан дүйнөнүн тең салмагын сактоо жана балдарды жаныбарларды сүйүүгө тарбиялоо үчүн пайдалуу.
Бирок сүйүктүү үй жандыктары кожоюнун өзүнүн оорулары менен “сыйлап” же аллергиялык оорусу бар адамдын оорусун тереңдетип жиберген учурлар кездешет. Андыктан үй жаныбарларын кармоо канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин билип алуу оң.
Ит, мышыктан: кутурма, хламидиоз, учук, аденовирустук инфекция (көздү жана ичегини ооруга чалдыктыруучу оору түрү), эхинококкоз, токсоплазмоз.
Аквариум балыктарынан: микоз (көзгө көрүнө бербеген мите козу карынчалар козгоочу оору, тери жана ичегилер жабыркайт).
Тоту куштар, көгүчкөндөрдөн: орнитоз (ичти өткөрүп, булчуңдар менен өпкөнү сезгентүүчү оору), хламидиоз, сальмонеллез (ичегини жабыркатып, ичти өткөрүп, дене табын көтөрүүчү оору), дерматомикоз (чакалай).
Таш бакалардан: грибок оорулары жана кургак учук.
Деңиз чочколору, келемиштер жана чычкандардан: сальмонеллез, псевдотуберкулёз (тамак менен ичеги-карынды сезгентип, калтыратма жана териде бүдүрчөлөрдүн чыгуусу менен коштолуучу оору), туляремия (өпкөнү, ичегини жана ички бездерди сезгентип, ооруга чалдыктыруучу оору түрү), кутурма, лептоспироз.
Малдардан: лептоспироз, сальмонеллез, күйдүргү (сибирь жарасы), кутурма, бруцеллёз, шарп жана башка оорулар.
Эми биз малдан жуга турган айрым оору түрлөрүнө кыскача токтолобуз.

ЛЕПТОСПИРОЗ
Лептоспироз (жугуштуу сарык деп да аталат) бул – үй жана жапайы жаныбарлардын жугуштуу оорусу. Ооруну козгогучтар болуп спирохет тобундагы лептоспир(микроорганизм) эсептелет.
Бул оору менен бодо мал, кой-эчки, жылкы, чочко, иттер оорушат. Адамдар дагы ооруну тез кабылдашат. Лептоспироз оорусу илимде алгач 1914-жылы изилденген. Оорунун козгогучтары ооруган малдын заарасы жана шилекейи менен бөлүнүп чыгат. Эгер микробдор сууга түшсө, ал суу оорунун булагы болуп калат. Өзгөчө жасалма көлмө, көлчүккө түшкөн микробдор коркунуч туудурат. Анткени адамдар күн ысыкта андай жерлерге киринип, ооруну кесилген, тытылган териси же кокустан сууну жутуп алуу менен жуктуруп алышат.
Ошол себептүү бул оорунун жайылуу сезону жай мезгили болуп эсептелет. Оорунун алдын алуу үчүн көлмөлөр менен көлчүктөрдө киринбөө, жуунбоо керек. Кокус сууда кирингенден соң чыйрыгып, дене табыңыз көтөрүлсө, көзүңүз чылпактаса, анда дароо врачка кайрылыңыз. Анткени булар лептоспироздун белгилери болуп эсептелет.

ТОКСОПЛАЗМОЗ
Адамга бул ооруну ит, мышык, коён жуктурат. Оору козгогучтар ооруган малдын заңы, заарасы, мурундан аккан суюктуктар (чимкириги) аркылуу бөлүнүп чыгат. Адам оору козгогучтар түшүп калган тамак-ашты колдонгондо жуктуруп алат. Организмге кирген соң оору козгогучтар кан менен жылып отуруп, мээни, көздү, көк боорду, боорду, ички бездерди жабыркатат. Оору чыйрыгып, калтыроо, баштын жана булчуңдардын ооруусу менен коштолот. Адамдын бат кыжыры келет, көзүнүн курчтугу менен эсте сактоо жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларын убагы менен ветеринарга текшертип туруу кажет. Тамак-ашты ачык жерге койбой, сүттү кайнатып ичүү зарыл.

ТУЛЯРЕМИЯ
Бул кемирүүчүлөрдүн (чычкан, келемиш ж.б.), териси баалуу жаныбарлардын (кундуз, түлкү, булгун ж.б.), адамдардын, үй жана жапайы жаныбарлардын жугуштуу оорусу. Оорунун булагы кемирүүчүлөр (чычкан, келемиш, ондатра, коён) болуп эсептелет. Ал эми ооруну таркатуучуларга кан соруучу кене, бүргө, көгөн кирет.
Оорунун козгогучтары бактериялар болуп эсептелет. Бактериялар ооруган жаныбардан жайытка, чөп үймөктөрүнө түшсө 3 ай, сууга түшсө 88 күн өлбөй жашай алат.
Ушул жерден айтып кетчү нерсе, келемиштер туляремиядан тышкары чума, энцефалит, кутурма, күйдүргү сыяктуу оорулардын оору козгогучтарын да алып жүрөт. Туляремия көз, өпкө жана тамак-аш сиңирүү органдарын жабыркатат. Буга кабылган адамдын температурасы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт, башы катуу ооруйт, булчуңдарда жана белде оору пайда болот. Лимфа бездери сезгенип, чоңоёт, дененин кайсы бир бөлүгүндө, чатта, колтукта, моюнда шишик пайда болот. Бирок адам жакшы дарыланган соң таза айыгып кетет.

ШАРП
Көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, бугу, элик, камандар оорушат. Адамдарда бул илдет чанда кездешет. Ооруга чалдыккан малдын же адамдын ооз көңдөйү, ооз көңдөйүндөгү былжыр челдер жабыркап, кийин ириңдей баштайт. Оору өтүшүп кетсе, малдын туягы менен желинине жара чыгат.
Оорунун вирусу жүндө 14, көлчүктө 103, жайытта 7 күнгө дейре өлбөй сакталат. Оору оорулуу малдан соолоруна жайыттан, мал сугарылуучу жайдан, малканадан жугат. Адам вирусту ооруган малды карап-бакканда, терисинин тилинген-кесилген жери аркылуу же андай малдын сүтүн ичкенде жуктуруп алат. Оору тереңдеп кетсе оозго, бут-колго жара чыгат.
Оорунун алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактап, малды убагында текшертип туруу зарыл.


Медициналык жаңылыктар

“РАХАТ” МОМПОСУЙЛАРЫНАН КОРКУНУЧТУУ БАКТЕРИЯЛАР ТАБЫЛДЫ
Мамсанкөзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери Казакстандын “Рахат” фабрикасынан чыгарылган кондитердик азыктарды текшергенде, ичеги таякчаларынын бактериялары табылган. Бул тууралуу маалымат булактары май айынын ортосунда жарыялашты. Эскерте кетсек, аталган бактерия ичеги оорусун жаратат.
Маалыматка таянсак, ичеги таякчаларынын бактериялары 150 килограмм момпосуйдан (“Кара кум”, “Фруктовый грильяж” аттуу түрүнөн) чыккан. Мындай колдонууга жараксыз азыктар Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан табылып, алар комиссиянын чечими менен жок кылынган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө департаментинин (МСКД) башчысы Алтынай Ураимова “кондитердик азыктарды таркатууда жана сатууда керектүү шарттар жана сактоо мөөнөтү сакталбаган. Андыктан кондитердик азыктарды өндүрүүчү ишкана өзү чыгарган азыктын сапаты үчүн 100 пайыз жоопкерчиликти алуусу кажет” деп билдирет.
Ал эми 18-майда интернет булактарында Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин жетекчиси Кенес Оспанов: «Казакстандан Кыргызстанга сатыкка жөнөтүлгөн момпосуйлардан ичеги таякчаларынын чыккандыгы далилденген жок. Ишкана эмес, бактериялардын пайда болушуна туура эмес сакталгандыгы себепкер болушу мүмкүн»,- дейт.


ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Буттун тарамышы түйүлүп калганда буттун манжаларын ары-бери чойгулоо керек.
  • Псориаз оорусу барлар өздөрүн эмоцияга алдырбай, бир калыпта кармоого үйрөнүүлөрү зарыл. Анткени толкундоо ооруну күчөтүп жибериши ыктымал. Азыр жаз мезгили болгондуктан, боорду тазалап, теринин абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн аптасына бир ирет ачка болуп, сабиз менен кызылчанын ширесин аралаштырып ичүү кажет. Сабиздин 200 грамм ширесине кызылчанын 300 грамм ширеси кошулат.
  • Адам семирбеш үчүн ун азыктары менен сүттү аз ичүүсү керек. Анткени аталган азыктар денеде былжырдын көбөйүп кетишин (демек, семирүүнү) шарттайт.
  • Тамак оорусу барлар эртең менен “арстандын ыкмасын” жасаса жакшы. Тил 3-4 ирет болушунча сыртка сунулат. Тамак бездери мындай көнүгүүдө кан менен жакшы жабдылат. Көнүгүүнү дамамат жасап жүрсө, тамак бездери ооруга туруштук бере баштайт.
  • Арыктагысы келгендер имбирдин упадай майдасын (татымал катары дүкөндөрдө сатылат) бир күндө 3 маал бир чымчымдан жеп туруулары керек. Имбирди чайга, кофеге, сүткө кошуп ичсе да болот.
  • Калкан без үчүн бальзам. Бул без жакшы иштеп, оору жаралбасы үчүн бальзам жасап алсаңыз болот. 1 стакан жаңгак менен 1 стакан гречканы кошуп, майда талкалап алуу кажет. Үстүнө 3 аш кашык өсүмдүк майын, 3 аш кашык балды куйса, бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 2 аш кашыктан кабыл алуу керек.
  • Көз үчүн гимнастика. Эгер гезит, китеп окууда көздү кезектештирип жумуп окуса, көздүн курчтугу калыбына келет. Ал үчүн алгач бир көздү 10 мүнөт жумуп, экинчи көз менен гана окуу керек. Канча бир убакыттан кийин экинчи көздү жумуп, берки көз менен окуу кажет.
  • Тамаксоолуктан арылуу үчүн. Жүгөрүнүн 1 аш кашык чачыгынын үстүнө 0,5 литр кайнак суу куюп, тыныктырабыз. Чай катары тамактан 20 мүнөт мурун ичилет. Же тундурманы тамак жегиңиз келе баштаганда ичсеңиз болот. Көбүнчө арыктагысы келгендерге сунушталат.
  • Узак жашоо үчүн бальзам. Керектүүлөр: ар бири 1 стакандан сабиздин, кызылчанын, кара түрптүн ширеси, 1 литр сапаттуу арак, 0,5 стакан хрендин тамырынын ширеси, 1 стакан бал. Баарын аралаштырып 2 апта тыныктыруу кажет. Эртең менен жана кечинде тамактан кийин 1 аш кашыктан ичүү керек.


МАНЖАЛАРДЫН АБАЛЫ, КӨРҮНҮШҮ БОЮНЧА ДИАГНОЗ

  • Чыпалактын дамамат уюп, чымыроосу – жүрөк-кан тамырга байланыштуу.
  • Баш бармактын чымыроосу – дем алуу системасынын начардыгы.
  • Манжалардын уч жагында терең, узунунан кеткен бырыштар пайда болсо, эндокриндик системада оору бар. Мүмкүн, гипотиреоз (калкан сымал бездин оорусу) же кант диабети.
  • Манжалардын учу кызыл көгүш тартса, анда боорду жана бөйрөктү текшертүү зарыл.
  • Баш бармактын түп жагын курчаган дөмпөкчөдө (хироманттар Венера дөңсөөсү деп аташат) тактын пайда болушу – жыныс мүчөлөрдө оорунун пайда болгондугунун белгиси.
  • Оң колдун сөөмөйүнүн капталдары кычышса, жоон ичегинин иштешинин бузулуусу.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
25.05.2011. 02:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
12-01-2011
Соӊку аракети:
29-08-2012 02:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
рахмат абдан пайдалуу кенештер
27.05.2011. 02:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
29-05-2010
Соӊку аракети:
24-10-2012 02:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
avstria
0
a mende myshyk dagy, it dagy, akvariumda 64 balyk bar da... birok ooru jugat degenge ishengim kelbey jatat.
20.02.2014. 01:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
14-04-2015 08:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: